Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Путиндин сапары: кызматташтыктын кыйыры


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин 28-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.

Эки өлкөнүн саясий-экономикалык кызматташтыгынын динамикасы кандай? Токтоп турган ири долбоорлорду жандандырууга орус тарап инвестиция салабы? Маданий-гуманитардык тармакта кандай жылыштар болот?

“Арай көз чарай” талкуусуна президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев жана Кыргыз-славян университетинин профессору, Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ислан Рыскулов катышты.

“Азаттык”: Данияр мырза, орус президенти Владимир Путин мамлекет башчысы катары Кыргызстанга тогуз жолу келген экен. Анын бул жолку мамлекеттик сапары мурдагылардан эмнеси менен айырмаланчудай?

Данияр Иманалиев: Албетте, ар бир сапардын өзгөчөлүктөрү болот. Жашоо бир орунда турган жок, экономикалык-саясий өнүгүүлөр өзгөртүүлөрдү алып келүүдө.

Биздин бул мамлекеттик сапардан үмүтүбүз, күткөнүбүз чоң. Кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенебиз. Бул сапардын алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгына байланыштуу 30 документке кол коюлушу күтүлүүдө. Алар мамлекет, өкмөт, аймак, тармак аралык алаканы өнүктүрүү максатын көздөгөн документтер.

Бул сапардын алкагында эки мамлекеттин ишкерлеринин башын кошкон чоң жыйын да болот. Анда инвестициялык макулдашууларга, меморандумдарга, экспорттук келишимдерге кол коюлат.

“Азаттык”: Ислан мырза, кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын, өзгөчө экономикалык алакасынын динамикасы кандай болууда? Кыргызстан Орусиянын соода-экономкиалык потенциалын кандай пайдаланып жатат?

Ислан Рыскулов: Кыргызстан Орусия менен динамикалуу экономикалык кызматташтык болсо дегенге кызыкдар. Тилекке каршы, батыштын Орусияга киргизген санкцияларынын кесепетинен акыркы жылдары эки мамлекеттин соода-экономикалык алакасынын көлөмү төмөндөп кетти. Мисалы, 2012-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 2 миллиард долларга жеткен. 2013-жылы 2 миллиард 100 миллион долларга өскөн. Азыркы учурда бул көрсөткүч 1,5 миллиардга чейин түшүп кетти. Бүгүнкү күндө эки тарап тең кайра 2 миллиард долларга жеткиребиз деп умтулуп жатат.

“Азаттык”: Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода көлөмүнүн түшүп кетишине санкция эле кедергисин тийгизип жатабы же башка себептери барбы?

Ислан Рыскулов: Акыркы жылдары Орусиянын негизги көңүлү, каражаты “Сибирдин күчү” долбооруна, Крымды өнүктүрүүгө жана “Түштүк агым” газ куурун курууга кетип жаткандыктан Кыргызстанга көп көңүл бурулбай калды го деп ойлойм.

“Азаттык”: Данияр мырза, бул убакка чейин Орусиянын үлүшү менен башталып токтоп калган "Камбар-Ата", "Жогорку Нарын каскады" долбоорлорунун тагдыры жөнүндө бул сапардын алкагында сөз болобу, макулдашуулар барбы?

Данияр Иманалиев: Инвестициялык макулдашуулардын арасында бир ири энергетикалык долбоор бар. Мен ал жөнүндө азырынча айтпай турайын. Акыркы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша жарыялайбыз. Мындан сырктары чакан ГЭСтерди куруу боюнча меморандум бар.

Ислан Рыскулов: Бир топ жылдан бери Борбор Азиядан электр энергиясын экспорттоо боюнча “CASA-1000” долбоору иштеп жатат. Мен Пакистанда элчиликте иштеп жүрүп, өз көзүм менен көрдүм, Ооганстанда электр жарыгынын таңкыстыгы жогору бойдон калууда. Демек, керектөө рыногу бар, энергияны сатсак болот. “Датка-Хожент” линиясын курууга үлүшүбүздү кошушубуз керек. Тажиктер деле “Рогун” ГЭСин Орусия менен чогуу куруп жатпайбы. Биз да ошого умтулушубуз керек.

“Азаттык”: Данияр мырза, “Кыргыз темир жолу” ишканасы, “Кыргызмунайгаз” компаниясы Орусияга сатылат экен деген сөздөр бар. Анткени убагында “Кыргызгаз” бир долларга орустарга сатылып кеткени буга шынаа коюп жаткандай?

Данияр Иманалиев: Бул убакка чейин Кыргызстан ичиндеги темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бир нече сүйлөшүүлөр болуп келген. Орусия темир жол ишканасынын жетекчилери да өкмөткө келип кетишкен. Анда тепловоздорду, вагондорду алуу, ички каттамдарды жакшыртуу ж.б. маселелер боюнча да сөз болгон. Орусия тарап менен бул сапардын алкагында бул маселе талкууланат.

Бул жерде “Кыргыз темир жолу” ишканасынын активдерин сатуу, же башка жакка өткөрүп берүү жөнүндө сөз жок. Инвестиция тартуу аркылуу кыргыз темир жол тармагынын инфраструктурасын жакшырталы деген ниет болууда.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кыргыз-орус кызматташтыгы: кыйыры жана келечеги (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:27 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG