Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Орус-кыргыз алакасы, базалардын көлөкөсү


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путиндин 28-мартта Кыргызстанда өтө турган мамлекеттик сапарынын алкагында 30га жакын келишимге кол коюлат.

Кыргыз бийлиги бир канча убакыттан бери жарыялап жаткан Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке мамлекеттик сапары 28-мартта башталганы турат. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун айтымында, орус президентинин сапарынын жүрүшүндө 30га жакын келишимге кол коюлат деп күтүлүп жатат.

Негизги келишимдер саясий, экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтык боюнча болот. Ошондой эле энергетика, транспорт, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүүлөр өтөт. Конкреттүү эмне келишимдер экенин бийлик өкүлдөрү азырынча тактай элек. Мындан сырткары Кыргызстан жана Орусия аймак аралык бизнес конференциясы өткөрүлүп, ага орус президентин коштоп келген 700гө жакын ишкер, инвестор жана аймак губернаторлору катышмакчы.

Мына ушул конференциянын алкагында бир нече келишимге кол коюлат деп күтүлүп жатканын президенттик аппараттын экономика бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Өндүрүш жаатында кооперацияларга багытталган талкуулар өтөт. Мындан сырткары санариптик технологияларды өнүктүрүү, айыл чарба комплексин өнүктүрүү жана транспорт, логистикалык тармактарды жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен конкреттүү келишимдерге кол коюлат деп күтүлүүдө”.

Мындан сырткары Кыргызстан жана Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму да болот. Форумга Орусиянын 40ка жакын университетинин ректорлору катышат.

Экинчи базанын карааны

Сапардын жүрүшүндөгү "Аскердик багыттагы кызматташтыкта эмне өзгөрөт?" деген суроо бүйүр кызытып турат. Анткени буга чейин Орусия Кыргызстандын аймагында экинчи аскер базасын ачат деген маалыматтар талкууга түшкөн эле. Бул суроого кыргыз президентинин командасы экинчи база ачылбайт деп так кесе жооп берди.

Бирок президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Орусиянын Канттагы аскер базасын кеңейтүү боюнча жаңы протоколго кол коюларын четке каккан жок.

Орусиянын Бириккен аскер базасы боюнча макулдашууларга өзгөртүү киргизүү боюнча протоколго кол коюлары күтүлүүдө. Бул боюнча тиешелүү мекемелердин арасында сүйлөшүү уланып жатат. Анын деталдарын ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Анткени сүйлөшүү азыр да уланып жатат”.

Сыдыков бул келишимдин деталдарын жашырганы менен кыргыз-орус мамилесинин учурдагы абалы жана сүйлөшүүлөр менен жакындан тааныш адамдар айрым маалыматтар менен бөлүштү.

Ага ылайык, жаңы протоколдо Канттагы базанын учуу конуу тилкелери кеңейтилет жана орус аскерлеринен куралган ыкчам батальон түзүү каралышы мүмкүн. Бул өз кезегинде Канттагы аскерлер контингентинин санынын көбөйүшүнө алып келет. Ошондой эле Орусиянын биргелешкен аскер объекттеринде машыгуу зоналарын ачуу боюнча келишимге кол коюлушу мүмкүн.

Мындай аскердик тармактагы кызматташтыктын активдешүүсү Ооганстандагы абалдын курчушунан улам Борбор Азия өлкөлөрүндө коопсуздукту күчөтүү зарыл деген жүйө менен түшүндүрүлүп жатат. Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев дал ушундай коркунучту четке какпай, Орусия Кыргызстандагы аскердик ишканаларды калыбына келтирүүгө кызыкдар деп божомолдойт.

Негизи Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскер-аба базасы. 2012-жылы Орусиянын өлкөдөгү аскердик жайлары бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген. Ага Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдүн Койсары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

2017-жылы Москва менен Бишкек орустардын аскердик базасын 15 жылга калтырып, аны ар беш жыл сайын автоматтык түрдө узартып турууну макулдашкан. Канттагы аба базасындагы контингенттин саны айтылбайт. База Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) компоненти деп саналгандыктан, Кыргызстанга акча төлөбөйт. Болгону ижара акысы үчүн жылына 4,5 млн. доллар төлөм белгиленген.

Багы ачылбаган ГЭСтер

Владимир Путиндин сапарынын жүрүшүндө аскердик кызматташтыктан башка стратегиялык маанидеги башка маселелер боюнча сүйлөшүүлөр болору айтылган. Алардын бири буга чейин айтылып келген "Кыргызмунайгаз" жана "Кыргызтемир жолу" ишканалары боюнча Орусия менен биргеликте долбоорду ишке ашыруу жөнүндө бийлик өкүлдөрү так маалымат берише элек.

Бирок мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, орус тарап кен-байлыктарды иштетүү жана өндүрүштүк долбоорлор жаатында кызыкдарлыгын билдирип жатат.

Темир Сариев
Темир Сариев

Менин угушума караганда, “Росгеология” ишканасы Кыргызстанга келип, бизге таза суу боюнча жол картасын түзүүгө жардам көрсөтүп, изилдөөлөрдү, долбоорлорду аткарары айтылып жатат. Мындан сырткары айрым ири долбоорлор, мисалы Жерүй боюнча меморандумга кол коюлат экен. Анткени ал жакта орусиялык ишкерлер инвестиция салып жатканы белгилүү. Ошондой эле “Дастан” заводу боюнча да келишимдер бар экени айтылды. Эми 30га жакын келишим деп жатышат. Келишимге кол коюла берет, бирок аны аткаруу жана кайсы бир жыйынтыкка жеткирүү биздин тиешелүү органдардын ишине байланыштуу болот”.

Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгын эске алганда башы ачылбай турган маселе бар. Маселен, буга чейин Москва менен биргеликте куруу пландалган “Камбар-Ата-1" ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча энергетикалык долбоорлордун башы ачылбай турат.

Учурдагы бийлик өкүлдөрү бул жаатта конкреттүү маалымат бербей, жалпысынан эле чакан ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүү жүрөт деп гана жарыялашты.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кыргыз бийлиги прагматикалык саясат жүргүзүп, өз кызыкчылыктарын коргош үчүн аракет көрүшү керектигин белгилейт.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Орусия менен канчалаган долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кол коюлган. Мисалы, “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча биздин бешинчи президент сүйлөшүү жүрүп жатат. Бирок өзгөрүү жок. Башка дагы долбоорлор бар. Ошондуктан биз бул тармакта прагматикалык саясат жүргүзүп, эгер ишке ашпаса улам эле макул боло бербей, Европабы же башка мамлекеттер менен иш алпаргандай болушубуз керек”.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары ички саясат үчүн да мааниси бар. Учурда бийлик бул сапардын арты менен өлкөгө инвестиция келип, ишеничтүү өнөктөштүн ишенимине татыдык деп улам-улам жар салып, оппозициянын сынына каршы аргумент катары колдонуп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG