Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Орусия Канттагы базаны кеңейтүүнү көздөйт


Канттагы Орусиянын авиабазасы
Канттагы Орусиянын авиабазасы

Орусия Кантагы авиабазасын кеңейтип, анын күчүн арттыргысы келет. Бул тууралуу Бишкектеги кыргыз-орус аскер кызматташтыгын талкуулаган жыйында Орусиянын бийлик өкүлдөрү билдиришти. Алар аскердик база аркылуу өлкөнүн түштүгүн да камтууну көздөп жатышат.

Буга чейин кыргыз бийлиги Орусияга түштүктө экинчи аскер базасын ачууну сунуш кылып келген. Канттагы аскердик база кандай негизде күчөтүлөт жана анын артында эмне жатат?

Расмий Москванын Канттагы аскердик базаны кеңейтүү ниети 19-июнда Бишкекте өткөн кыргыз-орус аскер кызматташтыгын талкуулаган жыйында айтылды.

Анда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин Канттагы аскердик аба базасын "уникалдуу" деп сыпаттап, аны кеңейтүү боюнча тезинен иштер башталышы керек экенин билдирди:

Виктор Заварзин.
Виктор Заварзин.

- Канттагы база ошол жерде база болушу үчүн эле эмес, аймактагы коопсуздук үчүн турат. База уникалдуу жерде жайгашкан. Ал Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жана эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгынын алкагында иш алып барып, стратегиялык милдетти өтөп жатат. Биз бул базанын компоненттерин күчтөндүрүп, кеңейткибиз келет, ал түштүктү да камтымакчы.

Орусиянын бийлик өкүлү эки өлкөнүн Коргоо министрликтери тезинен бул маселени макулдашып, ишке ашырышы зарыл экенин кошумчалады.

Аскердик базаны кандай негизде кеңейтүү жана анын күчүн арттыруу максаты бар экени Мамдуманын депутаты тактаган жок. Бирок бул Кремлдин Кыргызстандагы аскердик таасирин күчөтүүгө умтулаарын ачыкка чыгарган алгачкы билдирүү эмес.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстандагы жана Тажикстандагы орус аскер базалары күчөтүлөрүн билдирген. Шойгу мындай чара Ооганстандагы террор коркунучунун Борбор Азияга жайылышына бөгөт коюш үчүн көрүлүп жатканын айткан.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын Канттагы аскердик базасын кеңейтүү боюнча сөздөр болгону менен бул иш конкреттүү түрдө кандай жүрөрү тактала электигин билдиришти.

Башкы штабдын басма сөз кызматынын өкүлү Гүлзат Жарашева бул демилге өлкөнүн аскердик-саясий жетекчилиги тиешелүү чечим кабыл алса гана ишке ашарын айтты:

- Бул маселе боюнча өлкөнүн аскердик-саясий жетекчилиги чечим кабыл алат. Эгер жетекчилик уруксат берип, чечим кабыл алса биз аткаруучулар катары аны турмушка ашыруу жаатында иштейбиз.

Ошол эле кезде Орусиянын Кыргызстандын түштүгүндө аскердик таасирин кеңейтүү боюнча билдирүүсү бир топ кызыгуу жаратты. Себеби, түштүктө Орусиянын дагы бир базасын ачуу маселесин кыргыз бийлиги көтөрүп келген.

Алсак, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков былтыр Москвадагы иш сапарында "жалпы аймактын коопсуздугу үчүн кыргыз-тажик чек арасында аскердик база болушу керек" деген пикирин билдирген.

Бирок ал учурда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин Кыргызстанга бир база жетиштүү болорун айткан.

Буга кошумча быйыл Кыргызстан менен Орусиянын куралдуу күчтөрү аскерлердин бириккен топторун түзүүгө даярдык көрүп жатканы белгилүү болгон. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан башчысы Райымберди Дүйшөмбиев бул маселе боюнча атайын жыйын өткөрүп, мыкты даярдык көрүүгө тапшырма берген. Бул орган тышкы коркунучтарга бирге каршы туруу, координацияны күчөтүү милдетин аткараары айтылууда.

Ушундай кырдаалда эми "Канттагы аскердик базаны кеңейтүү менен түштүктө иш жүргүзүү ниетин билдириши Кремлдин бул багыттагы позициясын өзгөртөбү?" деген суроо пайда болду.

Кыргызстандын коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев экинчи базанын ачылышы жана Канттагы аскер-аба базасынын кеңейтилиши Кыргызстандын кызыкчылыгындагы иш деп эсептейт:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Түштүктө база боюнча демилгелер туура көтөрүлгөн. Кандай болгон күндө да коркунуч бар. Ооганстанда кырдаал тынчыбай турат. Ошондуктан түштүктө база ачылса жакшы болмок. Ал маселе толук чечиле элек сыяктанат. Ошого байланыштуу Канттагы базаны күчөтөбүз десе - анын эч зыяны жок.

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча адис, "Сереп" изилдөө борборунун жетекчиси Искендер Ормон уулу акыркы билдирүүлөрдү учурдагы геосаясий абал менен байланыштырды:

- Жалпы чөлкөмдүн, анын жайгашкан жеринин геостратегиялык маанисинен улам ушундай маселе көтөрүлүп жатат. Орусиянын эл аралык акыбалын карасак, Батыш менен мамилеси начарлады. Ошондуктан Орто Азияда өз күчүн, таасирин чыңдоону көздөп жатат. Мындай аракет Орусиянын көз карашынан алганда туура эле кадам.

Бирок Ормон уулу Кыргызстанда Орусиянын аскердик таасиринин күчөшү өлкөнүн көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүү жана демократияны өнүктүрүү аракеттерине жолтоо болушу мүмкүн деген пикирде:

Искендер Ормон уулу.
Искендер Ормон уулу.

- Ал эми Кыргызстандын көз карашында эгемендик, тышкы саясатты өз алдынча жүргүзүү боюнча ойлонушубуз керек. Бул туурасында жакшылап ойлонуп чечим кабыл алуу зарыл. Мисалы, авторитардык өлкөлөрдүн аскерин жайгаштырган кайсы бир өлкөнүн авторитаризмден кутулушу абдан кыйын. Ушуну да эске алуу абзел.

Негизи Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскер-аба базасы. 2012-жылы Орусиянын Кыргызстандагы аскердик объектилери бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген. Бирдиктүү базанын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Орусиянын бийлиги аскердик объектилер Кыргызстандын иштерине аскердик жактан киришпей турганын айтып, Канттагы база кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен жайгаштырылганын билдирип келет. Буга чейин орус президенти Владимир Путин Москва Кыргызстанда аскердик жактан да киришпей турганын айтып, Канттагы база кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен жайгаштырылганын билдирген.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG