Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 02:31

Кыргызстан менен Орусиянын куралдуу күчтөрү аскерлердин биргелешкен топторун түзүүгө даярдык көрүүдө.

Кыргызстан менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин бириккен тобун түзүүгө камылга жүрүп жатканы тууралуу расмий Бишкек айтып чыкты.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан башчысы Райымберди Дүйшөмбиев бул маселе боюнча атайын жыйын өткөрүп, мыкты даярдык көрүүгө тапшырма берген.

Андан мурун Балыкчы шаарында кыргыз-орус аскерлеринин жалпы машыгуусу өткөн. Машыгууга катышуу үчүн келген Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскер бөлүгүн командачысы Александр Лапин менен жолугушууда Дүйшөмбиев аскерлердин бириккен тобу боюнча маселе көтөргөн.

Раимберди Дүйшөмбиев.
Раимберди Дүйшөмбиев.

Башкы штаб тараткан бул жолку маалыматка караганда Райымберди Дүйшөмбиев Бириккен топту түзүү жөнүндө эмес, анын ишмердигин күчөтүү жөнүндө кеп кылган. Ошондуктан Кыргызстан менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн куралган Бириккен топ кайсы максатта түзүлөт, канча кишиден турат деген суроолор көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты.

Башкы штаб бул суроолорго толук жооп берүүдөн баш тартып, Орусия менен аскерлердин бириккен тобун түзүү боюнча маалыматтын бир бөлүгү жашыруун экенин билдирүүдө.

Башкы штабдын басма сөз кызматынын өкүлү Гүлзат Жарашева азырынча биргелешкен органды түзүү боюнча даярдык көрүлүп жатканын айтуу менен чектелди:

- Бул иш Орусиянын Коргоо министрлиги менен эки тараптуу аскердик кызматташтыктын алкагында жүрүп жатат. Мен азырынча ушул гана нерсени айта алам. Калган иштер даярдык этабында турат. Бул пилоттук долбоор катары даярдалып жатат.

Жарашева "Кыргыз-орус аскерлеринин бириккен тобу эмне милдеттерди аткарат, кандай аскер бөлүктөрүнөн турат?" деген суроолорго жооп берген жок.

Дегеле Кыргызстандын аскердик жетекчилиги Бириккен аскер тобу тууралуу маалыматтын четин чыгарганы менен кеңири маалымат берүүдөн карманып турат.

Мурдагы вице-премьер-министр, генерал Токон Мамытов Кыргызстан менен Орусиянын аскерлеринен куралган бул орган тышкы коркунучтарга бирге каршы туруу, координацияны күчөтүү милдетин аткараарын айтууда. Анын сөзүнө караганда, топтун курамында Орусиянын Кыргызстанда жайгашкан Канттагы аскер базасы баш болгон аскер обьектилери жана жергиликтүү аскер бөлүктөр кириши мүмкүн:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

- Бул топко Канттагы база эмес, башка аскер күчтөрү, Кыргызстандын аскер бөлүктөрү кириши мүмкүн. Бул боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Азыр Бириккен топтун курамы кандай болот, өзгөчөлүктөрү эмнеде деген суроолор чечилип жатат. Негизги максат - Кыргызстандын жана башка ЖККУга кирген өлкөлөрдүн чек арасын бекемдөө.

Орусия өз аскер базалары жайгашкан өлкөлөрдө бириккен аскер топторун түзүүнү буга чейин баштаган. Алсак, былтыр Арменияда Орусия менен ушундай орган түзүлгөн. Анын курамына Армениядагы Орусиянын №102 аскер базасы жана армян күчтөрү кирген. Анын негизги милдети - эки өлкөнүн чек арасын кайтаруу жана керек болгон учурда чогуу аракеттенүү экени кабарланган.

Ошондой эле Тажикстан менен орус армиясы аскерлердин бириккен тобун түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү маалым болгон. Тажикстанда Орусиянын чет элдеги ири аскердик субъектилеринин бири болгон №201 аскердик база жайгашкан.

Коопсуздук жаатындагы эксперт Артур Медетбеков мындай кырдаалда Кыргызстанда түзүлчү Бириккен аскер тобу дал ушул милдеттерди аркалай тургандыгын айтты. Бирок ал мындай топтун өз өзгөчөлүктөрү болорун санап өттү:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

- Практикалык мааниси - биздин аскерлер менен орусиялык чакан аскерлердин топторун түзүп, машыгууларды өткөрүп туруу. Тажикстан менен Армениядагыдан айырмасы - ал жакта аскерлердин саны көп. Ал жактагыдай чоң база болбойт. Ал өлкөлөрдөгү орус аскерлеринин саны Армения Түркия менен чектешкени үчүн, Тажистан Ооганстан менен чектешкени үчүн көп. Бизде болсо анча коркунуч жок болгондуктан азыраак болот, бирок ар түркүн коркунучтун алдын алалы деген максат бар.

Орусиянын аскерлер менен бириккен аскер тобун түзүү боюнча маалымат чыгары менен коомчулукта талкуулар башталды. Ириде Москва Бишкекке аскердик таасирин күчөтүп жатканынан чочулагандар чыгууда. Жарандык активист Адил Турдукулов бул жагдайды табышмактатпай, кыргыз бийлиги кеңири маалымат бериши керек деп эсептейт.

Канттагы аскердик авиабаза
Канттагы аскердик авиабаза

- Дегеле эгемендүү деп эсептелген өлкөдө чет мамлекеттин аскердик базаларынын жайгашуусу түп-тамырынан туура эмес. Кыргызстанда болсо Орусиянын беш аскердик объектиси бар. Эми ал жетишсиз болуп жаткансып, атайын топ түзүп, кийлигишип жатканы мага түшүнүксүз. Буга чейинки президент "биз кубаттуу армия курдук" деп айтып келген эле. Эгер дале болсо Орусиянын жардамына муктаж болсо - ал убадасы аткарылган жок деп түшүнсө болот.

Орусия менен аскерлердин бириккен тобун түзүү боюнча кабар Орусиянын өлкөнүн түштүгүндө экинчи база ачуу ниети тууралуу маалыматтар тарап жаткан учурга туш келди.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик обьектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскер-аба базасы. 2012-жылы Орусиянын Кыргызстандагы аскердик объектилери бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген болчу. Бирдиктүү базанын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Орус бийлиги аскердик объектилер Кыргызстандын иштерине аскердик жактан киришпей турганын айтып, Канттагы база кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен жайгаштырылганын билдирип келатат. Ошол эле учурда Орусия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө көмөк көрсөтүү жаатында мындан төрт жыл мурун 1 миллиард долларга бааланган аскердик техника тартуу кылууга убада берип, ал баскычтар менен азыркыга чейин ишке ашып жатканы айтылып жүрөт.

Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча комитети убада берилген курал-жарак кыргыз армиясынын колуна толук тие электигин билдирген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG