Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Путин: Орусия азырынча Сириядан кетпейт


Орусиянын президенти Владимир Путин орус күчтөрү азырынча Сириядан чыкпай турганын ишара кылды. Ал бейшембиде түз эфирде орусиялыктардын суроолоруна жооп берип жатып, Сириядагы операцияларды өлкө армиясы үчүн мыкты тажрыйба деп атады.

"Орусиянын аскердик күчтөрү качан толугу менен Сириядан чыгарылат?". Бейшембидеги түз эфир маалында черкесиялык пенсионер дал ушул суроону орус президентине жолдоду.

Владимир Путин Орусиядан жана Борбор Азиядан Сирияга барган миңдеген жоочуларды жеринде жок кылуу маанилүү болгонун айтып, учурда орус күчтөрү катышкан операциялар дээрлик жокко эсе экенин белгиледи.

Ошентсе да орус аскерлери жарандык согуш чулгаган өлкөдө кала берерин ишара кылды.

- Дагы кайталайм, бул жөн гана аскердик контингент эмес. Эки база жөнүндө сөз болуп жатат. Бирөө Тартустагы деңиз портунда, экинчиси Хмеймимдеги авиациялык база. Биздин аскерлер ал жерде дүйнөнүн бизге жакын абдан маанилүү регионундагы Орусиянын кызыкчылыгын камсыз кылуу үчүн жүрүшөт. Алар Орусияга канчага чейин пайдалуу болсо, ошого чейин ал жерде кала беришет.

Сириядагы орус күчтөрү.
Сириядагы орус күчтөрү.

Былтыр декабрь айында Путин 2011-жылы жарандык согуш тутангандан бери биринчи жолу Сирияга барып, орус күчтөрүнүн орчундуу бөлүгүн өлкөдөн чыгарып кетүү ишин баштоону буюрган. Ал Хмеймим аба базасында президент Башар Асад менен жолугуп, Сирияда террорчулар жеңилгенин да жар салган.

Путиндин бул билдирүүсүн март айында өткөн президенттик шайлоого даярдык катары баалагандар да болгон. Андан бери президенттин бул буйругу канчалык аткарылганы так белгисиз.

Владимир Путин жаңы президенттик мөөнөтүнө киришкенден берки биринчи түз эфиринде бир дагы аскердик машыгуу чыныгы согуш талаасына окшошпосун айтып, Сириядагы операцияларды орус күчтөрү үчүн кайталангыс тажрыйба деп атады.

- Сирия - бул орус куралдарын сыноо үчүн полигон эмес. Ошентсе да биз ал жерде ошол жаңы куралдарды колдонуп жатабыз. Бул жаңы сокку уруучу, анын ичинде ракеталык системаларды жакшыртууга алып келди.

Лондондо Сириядагы жарандык согуштун 7 жылдыгына карата уюштурулган, Орусия менен Сириянын президенттерин айыптаган акция, 17-март 2018-жыл.
Лондондо Сириядагы жарандык согуштун 7 жылдыгына карата уюштурулган, Орусия менен Сириянын президенттерин айыптаган акция, 17-март 2018-жыл.

Кантсе да укук коргоо уюмдары Орусиянын Сириядагы аба чабуулдарынан жайкын тургундардын өмүрү кыйылып жатканын байма-бай айтып келет. Жумага караган түнү Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Идлиб аймагында орус учактары жасады делген аба соккуларынан кеминде 38 адам мерт болгонун Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлап чыкты. Бул боюнча орус тарап үн ката элек.

Орусиянын Сириядагы аскердик операциялары 2015-жылдын 30-сентябрында башталгандан бери президент Башар Асаддын күчтөрү өлкөнүн басымдуу бөлүгүнө өз көзөмөлүн орнотууга жетишти. Бирок Идлиб аймагы көтөрүлүшчүлөрдүн негизги чордону бойдон кала берүүдө.

Кремл Сириядагы операциялары менен расмий Дамаскка өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топко жана башка экстремисттик уюмдарга каршы күрөштө жардам берип жатканын белгилеп келет. Бирок бир катар Батыш өлкөлөрү орус күчтөрүн террорчул топтордон мурда Сириянын оппозициясын бутага алууда деп айыпташкан.

Кантсе да бул согуштун орус тарапка кедергиси тийбей койгон жок. 2015-жылдан бери Сирияда 90дой орус жоокери набыт болду. Бирок сынчылар курман болгондордун чыныгы саны андан да көп болушу мүмкүн дешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG