Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:42

Сириядагы химиялык чабуул далилденеби?


Дума шаарынын чок ортосунда отурган бала. Сирия, 16-апрель, 2018-жыл.
Дума шаарынын чок ортосунда отурган бала. Сирия, 16-апрель, 2018-жыл.

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун эксперттери Сириянын Дума шаарчасына шаршембиде гана бара алат. Бул тууралуу Орусия билдирди. Эксперттер химиялык чабуул коюлганы сөз болгон Дума шаарчасына кире албай жатканы кечээ уюмдун Гаагадагы чукул жыйынында маалым болгон. Ал эми АКШ Москва ал жердеги далилдерди жок кылып салдыбы деп кооптонууда.

Бир топ жыл бою Сирия өкмөтүнө каршы күрөшүп келген козголоңчулардын карамагында болгон Чыгыш Гута аймагындагы Дума шаарчасы толугу менен өкмөттүк армиянын колуна өттү. Эки күн мурда козголоңчулардын акыркылары чыгып кетишкени кабарланды. Гуманитардык кризис дагы эле күчүндө. Шаарда тамак-аш, суу тартыш. Азык-түлүк алып келген жүк ташуучу унааларды адамдар курчап, ичиндегилерин талап жатышат.

- Алар "нан, кесме жана жашылча-жемиш таркатабыз" дешкен. Кезекке туруп күтүш оор болуп жатат. Маселен, ар бирин алыш үчүн төрт сааттан ашык кезекте турушубуз керек, - дейт жергиликтүү тургундардын бири.

Бир нанга жеткен Думанын тургуну. 16-апрель, 2018-жыл.
Бир нанга жеткен Думанын тургуну. 16-апрель, 2018-жыл.

Калаанын көчөлөрүнөн орусиялык аскерий автоунааларды көрүүгө болот. Бул күнү Сириянын өкмөтү атайын журналисттер үчүн Дума шаарына медиа тур уюштурду. Шаардыктардын көбү бийликке жан тартып, "эми жашоо оңолот" деген үмүтүн айтышып, өкмөткө каршы пикирин эч ким билдирген жок. Ал тургай Думадагы ооруканада тажрыйба топтоп жүргөн студент Марвен Жабер 7-апрелдеги болжолдуу химиялык чабуулдун курмандыктарын көрбөгөнүн айтууда:

- Өткөн ишембиде "химиялык чабуул болду" деген күнү биз тумчугуп, дем ала албай калган көп бейтаптарды кабыл алдык. Согуш убагында мындай учурлар көп эле болот. Өрт менен түтүндөн улам көп кишилер астма менен аллергиядан жабыркап жатышат. Бирок ким мындай сөздөрдү чыгарды, билбейм. Муну сырттан бирөөлөр ойлоп табышты.

Күбөлөр, оппозиция активисттери, Батыш өлкөлөрү 7-апрелде Дума шаарына курамында хлор жана зарин газдары бар бомба ташталганын, анын айынан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылганын билдиришкен.

Думадагы орус аскерлери. 16-апрель, 2018-жыл.
Думадагы орус аскерлери. 16-апрель, 2018-жыл.

Алардын арасында балдар да бар. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун бүтүмү боюнча Думада мерт болгон 43 киши «өтө уулуу химиялык заттын таасирине шайкеш келген белгилерден» жабыр тарткан.

Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” катары мүнөздөп, эч кандай химиялык чабуул болбогонун айтып жатышат. АКШ "Орусия 7-апрелде болгон химиялык чабуулдун далилдерди жок калып салат" деген кооптонуусун буга чейин эле билдирген. Дүйшөмбүдө Гаагада өткөн чукул жыйында Сирияга барган Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун эксперттери ушул күнгө чейин Дума шаарчасына кире албай атышканы маалым болгон. Жыйынга катышкан бул уюмдагы Британиянын өкүлү Петер Уиллон "эксперттерге бут тосуп жатат" деп Дамаск менен Москваны айыптады.

- Эл аралык уюмдун башчысынын айтымында эксперттердин коопсуздугуна Сирия режими жана орустар кепилдик беришпегени үчүн алар Дума шаарына кире албай жатышат. Биз эксперттер өз ишин аткарып, иликтөө жүргүзүшү үчүн бардык шарттарды түзүп беришибиз зарыл. Биз алардын Думага кире албай жатышынын себебин көрбөй жатабыз.

Буга жооп катары Орусиянын өкүлдөрдү эл аралык эксперттер Дума шаарчасына эртең бара алаарын билдиришти. Соңку химиялык чабуул катары сыпатталган окуядан улам АКШ, Британия, Франция өткөн ишемби күнү Сириянын химиялык курал программасына “конкреттүү байланышы” бар үч жайына 100дөн ашуун ракета менен сокку урган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG