Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Сирияда орус жоокерлери набыт кетти


Сириядагы орус жоокерлери.
Сириядагы орус жоокерлери.

Орусия Сириянын Дейр-эз-Зор вилайетиндеги чабуулда төрт орус жоокери мерт болгонун тастыктады. Бирок Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы беш күн мурда орун алды делген окуядан мерт болгон орус жоокерлеринин саны расмий айтылгандан көп экенин билдирүүдө.

27-майда Орусиянын Коргоо министрлиги Сириядагы орус жоокерлеринин өмүрүн алган чабуул боюнча маалымат берип, бул окуяда төрт орусиялык жоокер мерт болгонун билдирди. Министрликтин маалыматында "бир катар мобилдик террордук топтор Сириянын өкмөттүк артиллериясына түнкү маалда чабуул койгону" айтылат.

Орусиялык эки аскердик кеңешчи окуя болгон жерде набыт болгон. Жаракат алган дагы беш адам орусиялык аскердик ооруканага жеткирилип, кийинчерээк алардын экөө каза тапкан. Коргоо министрлиги куралдуу кагылышууда 43 согушкер тындым кылынганын кошумчалады.

Набыт болгон орус жоокерлеринин арасында Смоленсктен чыккан 25 жаштагы Кирилл Полищук бар экенин орусиялык айрым басылмалар жазып чыгышты. Орус бийлигинин бул расмий маалыматында окуя кайсы күнү болгону так белгиленген эмес.

Бирок баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы уюму орус аскерлеринин өлүмүнүн 23-майда Дейр-эз-Зор вилайетинде "Ислам мамлекети" террордук тобу жасаган чабуулга байланышы болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

"35 өкмөттүк жоокерлер мерт болгон. Алардын арасында кеминде 9 орусиялык бар. Орус жарандарынын айрымдары кадрдык аскер кызматкерлери. Бирок бардыгы эмес", - деп обсерваториянын башчысы Рами Абдел Рахман "Франс Пресс" агенттигине билдирди.

Дейр-эз-Зордогу Сирия өкмөтүнө ыктаган күчтөр.
Дейр-эз-Зордогу Сирия өкмөтүнө ыктаган күчтөр.

Кантсе да бул окуя Орусия үчүн март айында жүк ташыган учак Сириянын "Хмеймим" аэродромунда кыйрагандан берки чоң жоготуу болуп калды. Кыйраган учакта 39 киши болгону, алардын көбү аскер адамдары экени кабарланган.

Май айынын башында Орусиянын СУ-30М учагы "Хмеймимден" учуп чыккандан кыйрап, анын эки учкучу тең мерт болгон. Расмий маалымат боюнча, 2015-жылдан бери Сирияда 90дой орус жоокери набыт болду. Бирок сынчылар курман болгондордун чыныгы саны андан да көп болушу мүмкүн дешет.

Ал эми орус бийлиги Сириядагы орус аскердик чаралары байсалдуу болууда деп билдирип келет.

"Жыл башынан бери Орусиянын аскердик-космостук күчтөрүнүн колдоосу менен Сириянын өкмөттүк күчтөрү өлкөнүн башкы райондорун террорчул топтордун калдыктарынан бошотуу багытында маанилүү ийгиликтерге жетишти. Ал аймактарга Идлиб провинциясынын чыгыш тарабы, Дамасктын айланасы, Чыгыш Гута, Чыгыш Каламун, Ярмук кирет. Алар учурда толугу менен өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө турат", - деди 23-майдагы брифингде орус армиясынын башкы штабынын оперативдүү башкармалыгынын жетекчиси, генерал-полковник Сергей Рудской.

Сирия президенти Башар Асад орус лидери Владимир Путин менен акыркы жолу 17-майда Сочиде кездешкен.
Сирия президенти Башар Асад орус лидери Владимир Путин менен акыркы жолу 17-майда Сочиде кездешкен.

Орусиянын Сириядагы аскердик чаралары 2015-жылдын 30-сентябрында башталган. Расмий Кремль Сирия президенти Башар Асаддын армиясын колдоп, расмий Дамаскка өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топко жана башка экстремисттик уюмдарга каршы күрөштө жардам берип жатканын белгилеп келет. Бирок бир катар Батыш өлкөлөрүндө Орусия террорчул топтордон мурда Сириянын оппозициячыл күчтөрүн бутага алды деген күмөн саноо болгон.

Былтыр декабрь айында орус президенти Владимир Путин Сириянын Латакия провинциясындагы "Хмеймим" аба базасына күтүүсүз барып, орус күчтөрүнүн орчундуу бөлүгүн өлкөдөн чыгарып кетүү ишин баштоону буюрган. Бирок бул багытта кандай иш жүрүп жатканы, учурда Сирияда канча орус аскери бар экени так белгисиз. Айрым Интернет басылмаларында Сирияда дагы эле 3 миңдей орус жоокери болушу мүмкүн деген маалыматты кездештирүүгө болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG