Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Сирияда Орусиянын учагы кыйрады


Орусиянын Сириядагы СУ-30 учагы. Архивдик сүрөт.
Орусиянын Сириядагы СУ-30 учагы. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, СУ-30М учагынын бейшемби күнү кыйрашынан анын эки учкучу тең мерт болду.

Министрликтин маалыматына караганда, учакты эч ким атып түшүргөн жок. Учак анын кыймылдаткычына чымчык кирип кеткенден кулаган болушу мүмкүн. СУ-30М учагы бүгүн эртең менен Бишкек убактысы боюнча 12:45те "Хмеймим" аэродромунан учуп чыккандан кийин кыйраган.

Сирияда курман болгон орусиялыктардын Коргоо министрлиги тааныган саны азыр 80ден ашып калды. Буга чейин акыркы ирет расмий ырасталган кырсык 6-мартта АН-26 аскердик-транспорттук учагынын кыйрашы болгон. Анда 39 адам, негизинен орус армиясынын офицерлери, анын ичинде бир генерал каза тапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG