Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

Орусия Сириядан аскерлерин чыгара баштайт


Орусиянын президенти Владимир Путин орус күчтөрүнүн алдында, Хмеймим аба базасы, 11-декабрь.
Орусиянын президенти Владимир Путин орус күчтөрүнүн алдында, Хмеймим аба базасы, 11-декабрь.

Орус президенти Владимир Путин Сирияга күтүүсүз барып, орус күчтөрүнүн орчундуу бөлүгүн өлкөдөн чыгарып кетүү ишин баштоону буюрду. Ал Хмеймим аба базасында президент Башар Асад менен жолугуп, Сирияда террорчулар жеңилгенин жар салды. Путиндин бул билдирүүсүн кийинки жылдагы шайлоого даярдык катары баалагандар жок эмес.

Орус президенти Владимир Путин 2011-жылы жарандык согуш тутангандан бери биринчи жолу Сирияга барды. Ал дүйшөмбү күнү орус күчтөрү жайгашкан Латакия провинциясындагы Хмеймим аба базасында президент Башар Асад менен жолукту. Путин орус жоокерлеринин алдында Сирияда террорчуларды жок кылуу тапшырмасы аткарылганын айтып, орус күчтөрүн Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөдөн чыгаруу процесси башталаарын жар салды:

"Эки жылдан бир аз ашыгыраак убакыттын ичинде Орусиянын куралдуу күчтөрү Сирия армиясы менен бирге эл аралык террорчулардын эң мыкты даярдыктагы тобун талкалады. Мындан улам Орусиянын Сириядагы аскер кызматкерлеринин орчундуу бөлүгүн мекенине, Орусияга кайтаруу тууралуу чечим кабыл алдым. Мен коргоо министрине жана Башкы штабдын башчысына Орусиянын куралдуу күчтөрүн туруктуу базаларына чыгарып кетүү процессин баштоого буйрук берем".

Президент Путин Хмеймимде Сирия президенти Башар Асад менен жолукту.
Президент Путин Хмеймимде Сирия президенти Башар Асад менен жолукту.

Египетке бараарда Сирияга тийе кетүүнү чечкен Владимир Путин Тартус жана Хмеймим шаарларындагы орус базалары туруктуу иштей берерин, эгер террорчулар баш көтөрсө, алардын мизи кайтарылаарын кошумчалады.

Өткөн аптада орус армиясынын башкы штабы да Сириянын аймагы "Ислам мамлекети" террордук тобунан толугу менен бошотулганын, согушкерлерди жок кылуу тапшырмасы ийгиликтүү аткарылганын жарыялаган.

Орусия Сириядагы аба чабуулдарын 2015-жылдын күзүндө баштаган. Москва бул кадамын террорчуларды жок кылуу максаты менен түшүндүрсө, АКШ менен Британия орус учактары көбүнесе Сириянын оппозициясын бутага алаарын билдиришкен. Кантсе да Орусиянын аба чабуулдарынын жардамы менен президент Асаддын күчтөрү Сириядагы тарттырып жиберген бир катар аймактарын кайтарып, Алеппо, Дейр-эз-Зор сыяктуу ири шаарларга көзөмөлүн орнотту.

Москвадагы "Цивилизациялар диалогу" илимий изилдөө институтунун жетекчиси Алексей Малашенко жеңиш тууралуу сөз кылуу эрте экенин айтты:

Эксперт Алексей Малашенко
Эксперт Алексей Малашенко

"Жарандык согуш жыйынтыкталып баратканы менен толук аяктай элек мезгилде жеңиш тууралуу сөз кылууга эрте. Бирок Кремлдин өзүнүн аскердик вазийпасы аяктап калды деп эсептегени башка кеп. Андыктан бүгүнкү күнү орус күчтөрүнүн бир бөлүгүн Сириядан чыгарууну караштырса болот. Ошентсе да бул Москва жана Путин Башар Асадды тагдырдын сыноосуна калтырып коет дегенди билдирбейт. Себеби абал тез өзгөрүп жатат. Мындай жагдайда ар нерсе болуп кетиши мүмкүн".

Буга чейин Москвадагы "Conflict Intelligence Team" иликтөөчүлөр тобу да Москванын Сирия "Ислам мамлекети" тобунан толук бошотулду деген жарыясын "шашылыш жасалган билдирүү" катары мүнөздөгөн. Топтун эксперти Руслан Левиев президент Путин жеңишти биринчи жарыялоо менен Орусиядагы президенттик шайлоонун алдында өзүнө упай топтогусу келерин айткан. Орусиянын Сириядагы "жеңишине" Вашингтон да анчейин ынанбай турат.

"Орусиянын күчтөрүн чыгарып кетүү тууралуу билдирүүлөрү дайыма эле аскерлердин санын чындап азайтууга дал келе бербейт жана АКШнын Сириядагы башкы максаттарына таасирин тийгизбейт",-деди Пентагондун басма сөз өкүлү Эрик Пахон "Рейтер" агенттигине.

Кантсе да кезинде "халифат" түзгөнүн жарыялаган "Ислам мамлекети" террордук тобу Жакынкы Чыгышта кыйла алсыраганын Ирактагы окуялар да көрсөттү. Өлкөнүн премьер-министри Хайдар ал-Абади Иракта террорчул топ жеңилгенин дем алышта жарыялап, жеңиштин парадын өткөрдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG