Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Ирак террорчу топту жеңгенин майрамдады


Ирак аскерлери “Ислам мамлекети” тобун жеңгенин майрамдоодо. 10-декабрь
Ирак аскерлери “Ислам мамлекети” тобун жеңгенин майрамдоодо. 10-декабрь

Иракта өлкө “Ислам мамлекети” тобун жеңгени расмий жарыяланып, борбор Багдадда мунун урматына аскерий парад дагы өттү.

Буга чейин “Ислам мамлекети” тобунан Сириянын аймагы толук бошотулганын Орусия да билдирген болчу. Халифатчылар Ирак жана Сириядан сүрүлгөнү менен азыр анын чет элдик согушкерлери Ооганстанда көбөйгөнү тууралуу маалыматтар чыгууда.

Ошентип, Ирак өкмөтү жарыялагандай, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жеңүү үч жылдан ашуун убакыттан кийин камсыздалып отурат.

Майрамдык салтанат учурунда Багдаддагы Тахрир аянтында Ирактын желегин кармап турган адам. 10-декабрь, 2017-жыл
Майрамдык салтанат учурунда Багдаддагы Тахрир аянтында Ирактын желегин кармап турган адам. 10-декабрь, 2017-жыл

Бул жарыянын арты борбор Багдадда аскерий парад жана элдик майрам менен коштолуп, 10-декабрь мындан ары жыл сайын майрам катары белгилене турган болду.

- Бул жаңылыкка мен эле эмес, үй-бүлөм, балдарым да кубанып жатат. Биздин жүрөгүбүздөгү сезимдерди мен азыр сүрөттөп бере албайм. Анбардан Мосулга чейинки аймагыбыз бошотулду. Биздин жашообузда эми жаңы учур башталат деп үмүттөнөм, бул бүткүл Ирак үчүн тарыхый күн, - дейт борбор Багдаддын тургундарынын бири Хусам Мунаф.

Ирактын аймагы “Ислам мамлекети” тобунан толугу менен бошотулганын Багдаддагы аскерий параддан бир күн алдында премьер-министр Хайдар ал-Абади расмий жарыялап, бул жеңиш ирактыктарга гана таандык эместигине токтолгон.

- Ирактын желеги бүгүн өлкөнүн бардык жеринде, алыскы чек ара аймактарында да желбиреп турат. Бул жеңиш үчүн ирактыктар өз жанын курмандыкка чалышканы менен, ал ирактыктар үчүн эле эмес, арабдар, мусулмандар, жалпы дүйнө үчүн да жеңиш, - деген Хайдар ал-Абадинин жарыясы алдында өкмөттүк күчтөр өлкөнүн батышындагы чөлдүү аймактарга жана Ирак-Сирия чек арасына толук көзөмөл орното алганы айтылган.

Ирактын ИМ тобунун колундагы акыркы шаарчасы болсо, өткөн айда бошотулган.

Ирак өкмөтүнүн 2014-жылдын жай айында халифатчылар өлкө аймагынын дээрлик үчтөн бирин ээлеп алгандан кийин гана башталган аскерий өнөктүгүнө АКШ жетектеген эл аралык коалиция колдоо көргөзүп келди.

Багдаддын Тахрир аянтындагы майрамдык салтанат. 10-декабрь, 2017-жыл.
Багдаддын Тахрир аянтындагы майрамдык салтанат. 10-декабрь, 2017-жыл.

ИМ тобуна каршы күрөш аяктай элек

Багдаддын жарыясы артынан Кошмо Штаттар да Иракта ИМ тобунун “кара ниет” оккупациясы аяктаганын кубаттап, бирок ал али коркунуч туудура аларына көңүл бурду.

“Кошмо Штаттар Ирактын бошотулушу терроризмге, атүгүл “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөш аяктаганын билгизбей турганын белгилейт, - деп көрсөтүлөт Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерттин билдирүүсүндө.

Өткөн аптада америкалык аскерий өкүлдөр Сенат комитетиндеги угуу учурунда “Ислам мамлекети” тобунун Жакынкы Чыгыштагы жеңилүүгө учурашы бул топтун террордук чабуулдарды уюштуруу жөндөмүнө таасир тийгизбегенин, алардын “жаңы халифаты” эми кибер мейкиндикте жаралып жатканын айтышкан.

Бул аралыкта Ооганстанда ИМ тобунун чет элдик согушкерлеринин саны көбөйө баштаганы тууралуу маалыматтар түшүүдө.

"Франс-Пресс" агенттиги 10-декабрда эл аралык жана ооганстандык бир нече булакка шилтеме жасап, Сириядан сүрүлгөн француз жана алжир согушкерлери Ооганстандын түндүгүндө “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп, жаңы базаларды түзгөнүн жазып чыкты.

АКШнын коргоо министрлиги - Пентагон ИМ тобунун Ооганстандагы согушкерлеринин санын 1000дин тегерегинде деп болжолдойт.

Бирок Согушту изилдөө боюнча Вашингтондогу институттун талдоочулары жакында эле Ооганстанда ИМ тобунун курамында чет элдик согушкерлердин саны өсүп жатканы “алар жаңы глобалдык чабуулдар үчүн тышкы операциялык түйүн түзүүнү көздөгөнүнүн ишарасы” деп эскерткен.

Ирак өкмөтүнүн жарыясынан эки күн мурда 7- декабрда коңшу Сириянын аймагы да “Ислам маммлекети” тобунан толук бошотулганын Орусиянын Коргоо министрлиги жарыялаган болчу.

Бирок Сириядагы кырдаалга көз салган Москвадагы Conflict Intelligence Team иликтөөчүлөр тобу орус армиясынын маалыматын "шашылыш жасалган", "чындыкка туура келбеген" билдирүү деп мүнөздөгөн.

Топтун эксперти Руслан Левиев "Азаттык" менен маегинде Сириядан келген тасма, кабарларды талдап чыгышканын, аймакта дале болсо "Ислам мамлекети" тобу ээлеген жерлер бар экенин белгилеген.

Президент Владимир Путин болсо 11-декабрда Сириянын "Хмеймим" аба базасына күтүүсүз сапар менен барганда “эки жылдан бир аз ашуун убакыт ичинде Орусия куралдуу күчтөрү Сирия армиясы менен бирге эл аралык террорчулардын урушка эң жөндөмдүү тобун талкалай алды”,- деп ырастады.

Сириянын айрым аймактарын, анын ичинде ИМ тобунун бул өлкөдөгү де-факто борбору болгон – Ракка шаарын президент Башар Асаддын өкмөтү менен кызматташпаган күрт жана араб кошуундарынын АКШ колдогон Сирия демократиялык күчтөрү бошоткон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG