Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Террорго шектүү Саипов күнөөсүн моюнга алган жок


Алишер Саипов
Алишер Саипов

Кошмо Штаттардын Нью-Йорк шаарында сегиз адамды автоунаа менен сүзүп өлтүргөн өзбекстандык иммигрант күнөөсүн моюнуна алган жок. 29 жаштагы Сайфулло Саиповго америкалык тергөөчүлөр жалпысынан 22 эпизод боюнча айып тагышууда.

Өзбекстандык Сайфулло Саипов адам өлтүрүү жана ал айыпталган башка кылмыштар боюнча күнөөсүз экенин бул ирет 28-ноябрда Нью-Йорктун райондук сотуна алынып келинген учурда билдирген.

Бирок айыпкердин адвокаты Дэвид Паттон кабарчыларга кардарынын сотто айткандарын комментарийлөөдөн баш тартты.

Кошмо Штаттарга 2010-жылы грин-карттын негизинде барган Саипов 31-октябрда Нью-Йорктун Манхэттен районунда жүк ташуучу чакан автоунаа менен кеминде сегиз адамды сүзүп өлтүргөндөн кийин дароо камакка алынган.

Мындан сегиз күн мурда Нью-Йорк сотундагы чоң жюри судьянын Саиповго каршы 22 айыптан турган жаңы корутундусун бекиткен болчу.

Ал документке ылайык, Саипов сегиз кишини өлтүргөнү, 12 кишиге кол салганы, “Ислам мамлекети” террордук тобун колдогону үчүн айыпталууда.

Саипов адамдарды койдурган жер. Нью-Йорк, 31-октябрь, 2017-жыл.
Саипов адамдарды койдурган жер. Нью-Йорк, 31-октябрь, 2017-жыл.

Ага чейин америкалык прокурорлор өзбекстандык иммигрантты терроризм боюнча да күнөөлөшкөн:

- Cаиповдун кол салуусунан 24 саат өткөндөн кийин ага терроризм боюнча федералдык айып койдук. Ал эки пункт боюнча айыпталып жатат. Биринчиси - террористтик уюмга материалдык колдоо көргөзгөнү. Бул “Ислам мамлекети” террордук тобу. Экинчиси - кыянатчылык жана бир нечеге өлүмгө себепкер болушу, - деп билдирген Нью-Йорктун райондук прокурору Жун Ким 1-ноябрда.

Эгер Саипов сотто киши өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасына кесилиши мүмкүн.

Өзбекстандын бийликтери буга чейин АКШга Саиповдун иши боюнча тергөө иштеринде “ар тараптан” көмөктөшүүнү убада кылган.

Саиповдун Ташкенттеги бир туугандарынын бири - карындашы Умида “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы менен маегинде 2013-жылы агасы сакал койдуруп алганын көрүшкөндө чочулашканын белгилеген:

- Скайптан сакалын көргөндө чынын айтсам, коркуп кеттик. Мен ыйлап да жибердим. Эмнеге сакал койгонун сурадым. Ал машинесин токтотуп, карактап кетишкенин, ошондо өз жашынан улуураак көрүнүү үчүн сакал өстүрүүнү чечкенин айткан.

31-октябрдагы кан төгүү Нью-Йоркто 2001-жылдын 11-сентябрдагы ири чабуулдардан кийинки алгачкы террордук кол салуу болгон эле.Ал үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган.

Адамдар Сайфулло Саипов жашаган батирдин алдына чогулган учур. Нью-Жерси, 1-ноябрь, 2017-жыл.
Адамдар Сайфулло Саипов жашаган батирдин алдына чогулган учур. Нью-Жерси, 1-ноябрь, 2017-жыл.

АКШ полициясы да Саипов айдаган автоунаадан “Ислам мамлекети” радикал уюмун колдогон кайрылуулар табылганын маалымдаган.

Алгачкы сурактарда өзбекстандык иммигрант экстремисттик уюмдун идеяларына шыктанганын, жасаган ишине өкүнүү ордуна жоочулардын желегин алып келүүнү суранганы айтылган.

Бул окуядан кийин АКШ президенти Дональд Трамп иммигранттарды текшерүү чараларын учурдагыдан да күчөтүүнү буюруп, алардын бул өлкөгө келип, туруктуу жашоосуна уруксат берген грин-карттын ээсин лотерея менен аныктаган программаны токтотууну да сунуш кылган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG