Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Саипова: Агамдын сакалын көргөндө коркконбуз


Сегиз кишинин ажалына себепкер болгон унаа. 31-октябрь, Нью-Йорк
Сегиз кишинин ажалына себепкер болгон унаа. 31-октябрь, Нью-Йорк

Нью-Йорктогу терактка шектелип жаткан Сайфулло Саиповдун карындашы Умида АКШ бийликтеринен агасына убакыт берүүнү жана адилет соттоону өтүндү.

27 жаштагы Умида Саипова “Азаттык” радиосунун өзбек редакциясынын кабарчысы менен 3-ноябрдагы маекте теракт учурунда каза тапкан сегиз кишинин жакындарына көңүл айтты.

31-октябрда Нью-Йорктун борбору Манхэттенде элди тебелеп кеткен жүк ташуучу унаанын рулунда 29 жаштагы өзбек жараны Сайфулло Саипов отурган.

- Апам агамдыкына Америкага эки жолу барган. Ошондо анын өзгөргөнүн байкабаганын айтууда. Эгер байкасам Өзбекстанга дароо алып келмекмин деди.

50 жаштагы Мукадас Саипова АКШда жашаган уулун көргөнү акыркы ирет ушул жылдын башында барган.

Сайфулло Саиповдун ата-энесинин Ташкенттеги үйү
Сайфулло Саиповдун ата-энесинин Ташкенттеги үйү

Саипов окуя болгон жерден качууга аракеттенген. Ага полиция ок ачып, жарадар да болгон. Кийин ал айдаган машинадан “Ислам мамлекети” радикал уюмун колдогон кайрылуулар табылганы маалымдалган. Күбөлөр Саипов качып баратып “Аллах акбар” деп кыйкырганын айтып беришкен.

Прокуратура Саипов экстремисттик уюмдун идеяларына шыктанганын, жасаган ишине өкүнүү ордуна ооруканага жоочулардын желегин алып келүүнү суранганын билдирди.

Карындашы бул маалыматты укканда агасынын “кимдин идеяларына сугарылып, азгырылганын” билбесин айтты:

- Ал кандай жагдайга кептелгенин билбейбиз. Балким кайсы бир уюмга кирип кеткен. Ошол идеялардан арылуу үчүн канча убакыт кетерин да айта албайм. Бирок эсине келет деп ишенем.

Сайфулло Саипов
Сайфулло Саипов

Ошол эле маалда Умида агасы 2013-жылы үйлөнгөндөн кийин сакал койдуруп алганын көргөндө чочулашканын айтууда:

- Скайптан сакалын көргөндө чынын айтсам, коркуп кеттик. Мен ыйлап да жибердим. Эмнеге сакал койгонун сурадым. Ал машинесин токтотуп, карактап кетишкенин, ошондо өз жашынан улуураак көрүнүү үчүн сакал өстүрүүнү чечкенин айткан.

Лотерея боюнча грин-карт утуп алып, 2010-жылдан бери АКШда жашап келаткан Сайфулло менен үй-бүлөсү теракттан бир күн мурда сүйлөшүптүр.

- Маанайы жакшы болчу. Кадимкидей, жакшы сүйлөшкөнбүз. Үй-бүлөсүн сурады. Аэропорттон кардарды тосуп алууга жолдо экенин, апам жакшы көргөн таттууларды жеп баратканын айткан.

Буга чейин Саипов алты ай бою "Убер" такси компаниясында айдоочу болуп иштеп келген.

Карындашы Кошмо Штаттарга барууга даяр экенин, мындай ишке аны эмне түрткөнүн билүүгө аракеттенерин айтты. АКШ бийликтеринен агасына “көбүрөөк убакыт берүүнү” өтүнүп, мүмкүн болсо “суранычымды Трамп мырзага жеткирсеңер” деди.

Маалыматтарга караганда Саиповдун атасы жана атасынын иниси Өзбекстандын бийликтери тарабынан суракка чакырылган. Умида алардан азыркыга чейин кабар жоктугун, апасы болсо дендароо болуп ооруканага түшүп калганын, азыр Ташкенттеги үйүнө кайтып келгенин айтты.

Бирок кабарчыбыз Умида менен кийинчерээк байланышууга аракеттенгенде анын телефону жооп берген жок.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG