Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

Өзбекстан АКШга терактты иликтөөгө көмөктөшөт


Нью-Йорктогу теракт болгон жер.
Нью-Йорктогу теракт болгон жер.

АКШда президент Дональд Трамп иммигранттарды текшерүү чараларын учурдагыдан да күчөтүүнү  буйруду.

Президенттин мындай билдирүүсүнүн алдында Нью-Йоркто сегиз адамдын өмүрү кыйылган кол салууну бийликтер “теракт” деп атап, буга шектүү катары өзбекстандык жигит камакка алынган эле.

Нью-Йорктун Манхэттен районунда жүк ташуучу чакан автоунаанын кеминде сегиз адамды сүзүп өлтүрүшү АКШнын бул шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы ири теракттардан бери адам өмүрүн кыйган алгачкы кол салуу болду.

Шаардык полиция билдиргендей, катуу ылдамдыкта келген автоунаа көчөдө жүргөндөрдү Дүйнөлүк соода борбордун бир кездеги кош мунаралары турган районго жакын жерде, жолдун велосипедчендер үчүн даярдалган бөлүгүнө кирип барып койдурган.

Жергиликтүү убакыт боюнча кечээ саат күндүзгү үчтөн өткөндө жасалган кол салууда сегиз адамдын өмүрү кыйылгандан тышкары дагы ондон ашуун киши жаракат алды. Өлгөндөрдүн бешөө аргентиналык, бирөө бельгиялык.

Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу адамдарды сүзүү учурунда “Аллаху акбар” деп да кыйкырган. Шаар бийликтери кол салууну дароо эле теракт деп аташты:​

- Биздин шаар үчүн бүгүн оор күн. Батыш бөлүгүбүздө коркунучтуу трагедия болду. Бул теракт, бейкүнөө жарандарга каршы өзгөчө карасанатайлык менен багытталган теракт.

Нью-Йорктогу кол салууну АКШнын федералдык бийликтери да теракт катары иликтөөдө.

Адамдарды тебелеп кеткен автоунаа.
Адамдарды тебелеп кеткен автоунаа.

Президент Дональд Трамп Ички коопсуздук министрлигине иммигранттарды текшерүү боюнча буга чейин катаалдашкан чараларды дагы күчөтүүнү буйруганын жарыялады.

Адамдарды койдурган соң, акырында окуучуларды ташыган автобус менен кагышкандан кийин көчөгө колунда чыныгы куралы бардай түр көргөзүп, чуркап чыккан айдоочуну полиция ок атып жарадар кылган. Ал азыр камакта.

Бийликтер кылмышка шектүүнүн ысымын расмий атабаганы менен полициядагы булактар ал улуту боюнча өзбек, 29 жаштагы Сайфулло Саипов экенин билдирүүдө.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев президент Трампка жолдогон көңүл айтуу катында терактты айыптоо менен Ташкент бул кылмышты иликтөөгө ар тараптан “көмөктөшүүгө даяр” деп ырастады.

“Бул аёосуз жана өтө катаал кылмышка эч актоо жок”,- деп жазат Мирзиёев Трампка жолдогон катында.

Өзбекстандын коопсуздук кызматтарындагы булактар "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна буга чейин Саиповдун атасы, апасы жана 17 жаштагы карындашы суракка алынганын айтышты.

Саиповдун таржымалы

Маалыматтарга караганда, Сайфулло Саипов Кошмо Штаттарга 2010-жылы барган. Учурда анын иммиграциялык макамы анык эмес болуп турат.

АКШда жашаган өзбек иммигранты Миррахмат Муминов “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтканына караганда, Саипов 2013-жылы Флоридага көчкөнгө чейин Огайо штатында жашаган, бир нече жыл бою жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеген.

АКШга келгенге чейин Ташкентте жашаган Саиповдун жубайы жана эки баласы бар.

Сайфулла Саипов.
Сайфулла Саипов.

Муминов Саиповду “агрессивдүү” деп мүнөздөп, ал Флоридага кеткенге чейин анча динчил болбогонуна, бирок интернет аркылуу исламчыл экстремисттер тууралуу маалымат алып турганына көңүл бурду.

Саипов акыркы кездери такси кызматын көргөзгөн UBER компаниясы үчүн иштеп жүргөн. Компания өз билдирүүсүндө айдоочусунун аракетин “маңызсыз кыянатчылык” деп атап, ага компаниянын интернеттеги системасын колдонууга тыюу салганын белгиледи.

Маалыматтарга караганда, Саипов былтыр Миссури штатында жол эрежесин бузганы үчүн камакка алынган.

Полициянын айтымында, ал Нью-Йорктогу кол салуу үчүн Нью-Жерсиден ижарага алынган автоунааны колдонгон.

АКШ бийликтери учурда Саипов жалгыз өзү гана аракеттенген деп божомолдоп жатышканы менен, америкалык медиадагы маалыматтарда, тергөөчүлөр унаадан ал кол салууну “Ислам мамлекети” тобунун атынан жасаганын жазган кат табышканы да айтылууда.

Нью-Йорктогуга окшош кол салуулар

Акыркы он алты айда Европа өлкөлөрүндө автоунаа менен адамдарды атайылап сүзүүдөн ондогон адамдардын өмүрү кыйылды.

2016-жылы июлда жүк ташуучу чоң унаа Франциянын Ницце шаарында Бастилия күнүн майрамдап жаткандарды койдуруусунан кеминде 86 кишинин өмүрү кыйылып, дагы жүздөгөндөрү жаракат алган. Кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкер болгон.

Мындан беш айдан кийин Берлинде Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоо алдында даярдалган базарда жүк тарткан унааны сүзүүсүнөн 12 адам өлүп, 48 жаракат алган.

Бул кылмышты Германиядан качкын макамын алууну көздөгөн тунистик жигит жасап, ал дагы “Ислам мамлекети” тобу менен байланышта болгону айтылган.

Быйыл апрель айында Швециядан башпаанек ала албай койгон өзбекстандык Стокгольмдун адамдар көп жүргөн көчөсүндө адамдарды койдуруп, акырында дүкөндү сүзгөнгө чейин үч адамды мерт кылган. Швед бийликтери кол салууну теракт деп баалашкан болчу.

17-августта Испаниянын Барселона шаарынын борборунда адамдарды автоунаа атайылап койдурган окуя катталып, анда 13 киши мерт болгон. Испан бийликтери бул кол салууну да исламчыл согушкер деп шектелгендер ишке ашырышканын билдиришкен.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG