Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Улуу Британия: Лондондогу кол салууга шектүү 12 адам кармалды


Британ коопсуздук күчтөрү.
Британ коопсуздук күчтөрү.

Лондон полициясы өткөн түнү жети адамдын өмүрүн алып, отуздан ашык киши жарадар болгон кол салууну теракт катары иликтеп жатат.

Британ полициясы Лондондогу ишемби күнкү чабуулдарга байланыштуу баш калаанын чыгышындагы Баркин районунда 12 киши кармалганын, тинтүү-издөө иштери уланып жатканын маалымдады.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Лондондогу терактка карабай өлкөдө 8-июнга белгиленген парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтөрүн билдирди. Бул тууралуу британ премьери өкмөттүн коопсуздук боюнча комитетинин чукул жыйынынан соң жарыялады. Мэй “терроризмге жетишет” деп айтчу мезгил келгенин белгилеп, Британияга эч нерсе болбогондой түр көрсөтүүгө болбой калганын билдирди.

“Мындай зордук-зомбулуктар эч качан демократиялык жараяндарды токтото албайт” - деди Тереза Мэй.

Лондондо иштеп, жашап жүргөн кыргызстандык Бакыт Азимканов окуядан кийинки жагдайды "Азаттык" радиосуна айтып берди.

Түз линк

Улуу Британиянын борбору Лондондо түндө болгон кол салуудан жети адам мерт кетип, 30дан ашыгы жараат алды.

Полициянын маалыматы боюнча, террорчулар башкарган кичи автобус катуу ылдамдыкта Лондон көпүрөсүндө сейилдеп жүргөн адамдарды сүзүп баштаган. Андан соң унааны таштап, жакын жайгашкан ресторанда отурган адамдарды бычакташкан.

Бийликтер бул окуяны теракт катары баалады. Лондон полициясынын контртеррордук бөлүмүнүн башчысы Марк Роули кылмышка шектүү үч адам өлтүрүлгөнүн, иликтөө уланып жатканын билдирди. Полиция британ баш калаасындагы коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн жарыялады.

Лондондогу кол салуудан жети адам ажал тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00

8-июнда Улуу Британияда парламенттик шайлоо өтөт. Премьер-министр Мэй үгүт өнөктүгүн токтотуп, Лондонго келди.

Окуядан кийин Терезе Мэй жана АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу байланышып, Вашингтон керектүү жардамды көрсөтүүнү убада кылганы кабарланды.

Бул кол салуу марттын аягынан бери Улуу Британиядагы үчүнчү теракт болуп калды. 22-мартта Лондондун борборундагы Вестминстер көпүрөсүндө, парламент имаратынын жанында жөө бараткан кишилерди машинасы менен сүзүп, кийин нөөмөттө турган полициячыны бычактаган шектүү адамдын колунан жарадар болгондордун саны 40тан ашып, беш адам каза болгон.

Британ полициясы.
Британ полициясы.

22-майда болсо Манчестер шаарынын стадионунда эл концерттен тарап жатканда жанкечти өзүн жардырып, 22 киши каза таап, 60тан ашуун адам жаракат алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG