Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Египет: жума намаздагы калаба


Кол салуудан кийин.
Кол салуудан кийин.

Египетте 24-ноябрь күнкү сопулардын мечитине кол салууда 300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Куралдуу кол салуудан кийин өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Мамлекет башчы Абдел Фаттах ал-Сиси чабуулдан кийин чукул коопсуздук жыйынын өткөрдү.

- Биз үрөй учурган, ташбоор жана коркоктук чабуулдан кийин аза күтүү жарыялайбыз. Алар өз аракети менен биздин эркибизди майтарып, күчтөн кетирүүгө аракет кылышты. Бул террордук чабуул бизди күчтөндүрөт, күрөшүүгө дем кошот.

"Рейтер" агенттиги мамлекеттик каналдарга таянып билдиргендей, 24-ноябрда Египеттин түндүгүндөгү Синай аймагында мечитке кол салуудан набыт болгондордун саны кеминде 305 адамга жетти, жүздөн ашуун киши жараат алды. Окуя жергиликтүү провинциянын борбору Эл-Ариш шаарынан 40 чакырым алыстыктагы Бир ал-Абд шаарчасында болду.

Кол салуудан кийин.
Кол салуудан кийин.

Египет прокуратурасы кол салгандарда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун желеги болгонун билдирди. Бийликтин маалыматына ылайык, чабуул койгондордун саны отузга жакын.

“Ассошиейтед пресс” маалымат агенттигинин кабарына караганда, бомба жана мылтыктар менен куралданган адамдар төрт унаада мечитке келишкен. Бомба жардырып, андан соң мечиттеги жума намазга чогулгандарга ок атышкан. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары окуяны Египеттин жаңы тарыхындагы эң ири кыргын катары сыпатташууда.

АКШ президенти Дональд Трамп мечиттеги кол салууну кескин айыптады. Ал Твиттердеги баракчасына дүйнө элинин терроризмге карата чыдамы түгөнүп баратканын, экстремисттерди жок кылуу керектигин жазды.

Кол салуудан кийин.
Кол салуудан кийин.

Египет армиясы чабуулдан соң Синай жарым аралында атайын операция жүргүздү. Рейд учурунда Эр-Рисан кыштагында отуздан көп согушкер жок кылынганын Sky News Arabia агенттиги расмий маалыматтарга таянып билдирди. Мурдараак жоочулардын турумдарына, автоунааларына абадан сокку урулган.

Египеттеги радикал уюмдар Синай жарым аралында топтолгон. Өкмөт алар менен далай жылдан бери күрөшүп келатат.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ жарым аралды басып алууга аракет кылып жүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Египетте мерт болгондор арасында кыргыз жарандары жоктугун билдирди. Расмий маалыматка ылайык, Сауд Арабиядагы элчилик тактоо иштерин Египеттеги кыргыз диаспорасы менен байланышта жүргүздү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG