Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:33

Кайра келген Путиндин саясаты кандай болот?


Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясындагы көрсөткүч. 19-март, 2018-жыл.

Путиндин Орусияга төртүнчү жолу президент болуп шайланышы эл аралык деңгээлде мурдагыдан курч талкууларды жаратууда.

Орусиядагы бул жолку шайлоодо демократиялык жылыш болдубу? Путиндин кайрадан бийликке келиши глобалдык саясатта кандай өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн?

Орусиянын Борбор Азия багытындагы мындан аркы саясаты кандай болот? Анын ичинде Кыргызстанга таасири күчөшү мүмкүнбү? Ушул ж.б. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издөөгө аракет кылабыз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков жана саясат илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев катышты.

“Азаттык”: Орусияда 18-мартта өткөн президенттик шайлоонун тегерегинде карама-каршылыктуу пикирлер көп. Жалпылап айтканда Батыш “ыплас шайлоо” десе, Чыгыш “мыйзамдуу, демократиялуу өттү” дегендей баа беришти. Сиздердин баамыңыздарда бул жолку шайлоо эмнеси менен өзгөчөлөндү?

Батыш, Чыгыш да Путин жеңээрин билген, эң негизгиси - күчтүү альтернатива болгон жок. Атаандаш боло тургандары шайлоого чейин эле четтетилип калды.

Орозбек Молдалиев: Батыш өзүнүн стандарттары менен алганда мурдагы СССРдеги мамлекеттердеги бир да шайлоого ичи чыккан эмес.

Ал тургай Кыргызстандагы жаңы технология менен өткөн акыркы шайлоодон деле кемтик тапкан. Шайлоодо Батыштын өзүндө, Америкада деле кемчиликтер көп чыгат.

Орусиядагы акыркы шайлоодо "элди массалык түрдө машиналар менен ташып келгендер болду" деп кине коюлду эле, БШКсы "жергиликтүү бийлик шайлоочуларга ыңгайлуу болсун деп ушундай ишти уюштурду" деп кутулуп койду. Батыш, Чыгыш да Путин жеңерин билген, эң негизгиси - күчтүү альтернатива болгон жок. Атаандаш боло тургандары шайлоого чейин эле четтетилип калды. Кыргызча айтканда, байге ала турган ат белгилүү болгондон кийин калгандарын калың чаңга кошуп койгондой эле болду. Шайлоодо административдик ресурс катуу колдонулду.

Ал эми Чыгыш эмне үчүн жакшы кабыл алып жатат? Кытайдын башчысы "Орусия менен алака-катышыбыз мурда болуп көрбөгөндөй бийик деңгээлде" деп жогору баа берип жатканы жөн жерден эмес. Батыштын нааразы болуп жатканына төрт-беш себеп бар. Алардын жаңысы - Скрипалдын ууланышы, Британия да Орусиянын 21 дипломатын чыгарды. Андан кийин Крым маселеси да бар.

Талант Кушчубеков: Бул шайлоонун башкы өзгөчөлүгү: биринчи шайлоолордо Путин “Единая Россия” деген партиянын колдоосуна таянган, кийинкилеринде “элдик фронт” деген коомдук кыймылдарга ишенгенин байкайбыз. Азыр болсо партияга, фронтко эмес, жалпы элдин колдоосуна ээ болуп, мурда болуп көрбөгөн 76 пайыз шайлоочунун добушун алып жатат. Бирок ал добуштарды кандай жол менен алды - себептери баарыбызга белгилүү.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Азаттык”: Орозбек агай, Путиндин акыркы беш жылдык бийлиги Орусиянын Украина, Сирия, бүткүл Жакынкы Чыгыш, Америка, Евробиримдик менен мамилелери бузулганы менен эсте калды. "Эми ошол эле Путин менен кырдаал кантип жөнгө салынат, канткенде жумшарат?" деген чоң суроолор коюлууда. Же жаңы Путин стратегиялык чоң максаттарынан баш тартышы мүмкүнбү?

Орозбек Молдалиев: Путин менен Батыштын мамилеси жакынкы жылдары оңолбойт, оңоло турган түрү да жок. Анткени Батыш өлкөлөрү чыгыш Украинадагы, Крымдагы маселе чечилмейинче санкцияларын токтотпойт. Орусия да өз позициясынан артка кайтпайт, бирок Путин башка жол табышы керек. Орусиянын Батыш менен тирешип турганы шайлоодо Путин үчүн чоң фактор болду. “Көрдүңөрбү, Орусия чоң держава катары көз каранды эмес саясат жасап жатат” дегени чоң үгүт болду.

"Сирия көйгөйүн чечип жатабыз" деп мактанып жатышат. Бир нерсени унутпашыбыз керек - КМШ мамлекеттери мурдагы СССРден чыкканбыз, андагы “салттар” дагы көпкө уланат, Орусия болсо анын негизги мураскери. Кыргызстандын ошондой “мурастардан” кутулууга аракети бар. Калгандарында аракет деген жок, көз боёмочулук көп.

“Азаттык”: Талант мырза, Путин шайлоо алдындагы сүйлөгөн сөздөрүндө Орусиянын аскер кубатынын артыкчылыгын айтып мактанганын геосаясатта кандай бааласак болот?

“Биз СССР учурундагы кубаттуулугубузду жоготтук эле, эми жаңы технологиядагы күчтүү курал- жаракка ээ болуп жатабыз” деп элдин көңүлүн алышты.

Талант Кушчубеков: Анын эки максаты бар. Биринчиси - ички саясатта эл арасында үгүт иши үчүн колдонулду. “Биз СССР учурундагы кубаттуулугубузду жоготтук эле, эми жаңы технологиядагы күчтүү курал-жаракка ээ болуп жатабыз” деп элдин көңүлүн алышты.

Экинчиси - тышкы саясатка арналганы максаты - Орусия аюунун образында дүйнөдө жок согуштук курал-жаракка ээ экендигин далилдөө, даңазалоо. Орусия катышкан Сирия, Украина маселелери дипломатиянын күчү менен чечилбей жатканын көрүп жатабыз го.

“Азаттык”: Орозбек агай, "Путин башкарган жылдары Орусиянын мурдагы СССРдин аймагында таасири кескин төмөндөдү" деген пикирлер көп. Абалдын андай өзгөрүшү мыйзам ченемдүү нерсе беле же Путиндин саясатынын алешемдиги болдубу?

Орозбек Молдалиев: СССРдин курамына кирген мамлекеттердин Орусиянын таасиринен алысташы - Ельцин баштаган саясаттын натыйжасы. Башында Орусияда “союздук республикалардан кутулуп, Батыш менен кызматташып, керек болсо НАТОго кирсек өнүгүп кетебиз” деген иллюзия да болгон. Убагында Батыш аны колдогон. Турмушта алар ойлогондой болгон жок. Орусия эсине келгенче башка мамлекеттер эсине келип, эгемендүүлүктү бекемдеп алышты. Казак президенти Назарбаев ошол учурда эле “ким СССР өлкөсүнүн кыйрап калганына өкүнбөсө анын жүрөгү жок, бирок аны калыбына келтирем дегендин башы жок” деп айткан....

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кайра келген Путиндин саясаты кандай болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:18 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG