Линктер

дүйшөмбү, 25-июнь, 2018 Бишкек убактысы 00:39

18-мартта өткөн шайлоодо Путинге шайлоочулардын 77% добуш берди. Бул анын мурдагы үч шайлоодон алган көрсөткүчтөрүнөн жогору болду.

Германиядагы Роберт Бош борборунун жетекчиси, Орусиянын тышкы жана коопсуздук саясатын иликтеген Стефан Майстер "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, Орусиядагы шайлоону “Путин жөнүндө резолюция” деп баалады.

"Азаттык": Майстер мырза, Орусияда шайлоонун жыйынтыгы чыгып, Владимир Путин алты жылга бийлик башында калды. Шайлоого кандай баа бересиз?

Стефан Майстер.
Стефан Майстер.

Стефан Майстер: Орусиянын соңку жаңы тарыхында Кремл өзү баш-көз болуп, жогорку деңгээлде уюштурулган шайлоо өтө элек болчу. Кремлдин администрациясы медиа каражаттарын, шайлоого катышкан талапкерлерди эле тескеп тим болбостон, добуш берүүдөн бери көзөмөлдөдү.

Элди добуш берүүгө мобилизациялоо да катуу жүрүп, кынтыксыз уюштурулган шайлоо болду. Андыктан бул Путин мырза үчүн “өтө таасирдүү жеңиш” деп бааласак болчудай.

"Азаттык": Эмне себептен Кремл бул шайлоого катуу көзөмөл кылды? Шайлоо башталганда эле Путинге чыныгы атаандаш жок экени, анын жеңери белгилүү эмес беле?

Стефан Майстер: Орусияда чыныгы шайлоо өткөн жок. Бул Владимир Путин жөнүндө резолюция болду. Болгону Путин алдыдагы алты жылда өз өлкөсүндө жана дүйнөдө лидер экенин мыйзамдаштырды. Авторитардык лидер катары ага мындай көрсөткүчкө ээ болуу, анын канчалык күчтүү жол башчы экенин айгинелеш үчүн керек болду.

"Азаттык": Ушул тапта Орусиянын экономикасынын абалы жакшы эмес, Батыштын киргизген санкцияларына, тышкы саясатында көйгөйлөргө туш болуп жатат. Кремлдин шайлоону өтө мыкты уюшкандыкта өткөргөнү Батышка берген жооптой сезилбейби?

Стефан Майстер: Ооба, андай да болушу мүмкүн. Сиз айткандай, Орусиянын Батыш менен мамилесинде кыйынчылык деле болгон эмес, Кремл аны өз ичиндеги маселелерден элдин көңүлүн алагды кылыш үчүн өзү жараткан. Ошондой эле бул Путинге Батыштагы “душмандарын атоого” да мүмкүнчүлүк берди. Башкача айтканда, ага мындай жаңжал керек болчу. Андыктан аны чечүүгө Путин кызыкпайт. Орусиянын экономикасында деле ошол жагдай. “Четтеги душмандар Орусияга кастарын тигип турат” дегендин баары тең өлкө ичиндеги мүшкүлдөрдөн элдин көңүлүн башкага буруу аргасы. Путиндин 1-мартта парламентте сүйлөгөн сөзүн эстеп көрсөк, Орусия кандай күчтүү экенин, ал тургай АКШга бомба таштай аларын, кандай күчтүү курал-жабдыгы бар экенин көрсөткөнүн орусиялыктар кызуу кубатташты го. Бул өлкөдө Путинди колдогон маанайды күчөтүп, анын пайдасына ойноду.

"Азаттык": Кремлдин ушундай “көз будамайлаган саясаты” канчага чейин уланат? Орусиялыктар чындыгында өлкөдө жагдай башкача экенин качан түшүнөт?

Орусиянын БШКсынын мүчөлөрү шайлоонун баштапкы жыйынтыктарын чыгарып жаткан учур. 19-март, 2018-жыл.
Орусиянын БШКсынын мүчөлөрү шайлоонун баштапкы жыйынтыктарын чыгарып жаткан учур. 19-март, 2018-жыл.

Стефан Майстер: Орус коомунда каяшачыл маанай өтө начар. “Левада” уюму жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгын карасак, орусиялыктар өзгөрүүнү каалашат, бирок ал үчүн кандайдыр аракет кылууну каалашпайт. Адамдар саясий системада өзгөрүү болушун жана жакшы жашоону каалашат. Кремл өз жарандарынын мындай муктаждыгын чечүүнүн жолун өтө мыкты өздөштүргөн. Мамлекет карапайым элди социалдык жактан колдоп, өлкөдө туруктуулукту, кайсы бир деңгээлде эркиндикти камсыз кылган. Эл ээн-эркин саякаттай алат, Интернетти кенен-кесири колдонот.

Ошол эле маалда Кремл медиага бир да оппозициялык активистти жолотпойт. Негизи орусиялыктар күндөлүк турмушу менен алпурушуп, коомдук өзгөрүүгө көңүл деле турбай калган. Андыктан эч кимдин көчөгө чыгып, массалык нааразылык жыйындарына катышууга ниети жок.

Орусияда “мекенчилдик саясат” өз жемишин жакшы берип жатат. Ошондой эле экономикалык кырдаал да элдин көчөгө чыгышына азырынча жол бербейт. Дүйнөлүк базарда мунай менен газдын баасы азыркыдай турса кийинки жылы Орусиянын экономикасы өтө деле начарлап кетпейт.

"Азаттык": Батыш өлкөлөрү Путиндин сиз айткандай “таасирдүү жеңишин” кандай кабыл алат?

Батыш өлкөлөрү Путинге бир катар сунуштарды берет. Бирок андан майнап деле чыкпайт. Анткени Путин өзүнө керектүү учурда гана компормисске барат.

Стефан Майстер: Батыш "Путин менен тил табышабыз" деп дагы эле ишенет. "Балким эми шайлоодон кийин Путин кызматташууга кызыгып калар" деп Батыштын бир бөлүгү ишенип турат. Батыш өлкөлөрү Путинге бир катар сунуштарды берет. Бирок андан майнап деле чыкпайт. Анткени Путин өзүнө керектүү учурда гана компормисске барат. Ал эми АКШ менен Англия Путиндин бийлигин өтө эле ашыкча баалап алып, дүрбөлөңгө түшүп жатканына күбө болуудабыз. Ушундан кийин Путин ар кандай жүрүштөрдү жасап, Батыш өлкөлөрүн бири-бирине каршы коюп, өз кадыр-баркын арттырууда.

"Азаттык": Путиндин постсоветтик аймактагы, анын ичинде Борбор Азиядагы саясатында кандайыр бир өзгөрүүлөр болобу?

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын көрсөткүчү. 19-март, 2018-жыл.
Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын көрсөткүчү. 19-март, 2018-жыл.

Стефан Майстер: Борбор Азияда Путиндин негизги атаандашы - Кытай. Ал аймакта АКШ менен Евробиримдик да Кытайга атаандаш боло албайт. Кытайдын айрыкча экономикалык таасири күндөн-күнгө артып баратат. Бээжин өтө кылдат жана акылдуу саясат жүргүзүп аткан чагы.

Москва да Борбор Азияда таасири бара-бара солгундап баратканын сезет. Андыктан Путин эми таасирин сактап калыш үчүн кандайдыр басымын күчөтөт. Ал бул максатта экономикалык, аскердик рычагдарды, ал өлкөлөрдө жашаган орус диаспораларын колдонушу мүмкүн. Бул болсо алдыдагы алты жылда чөлкөмдө күчтөрдүн тең салмагы өзгөрүшүнө түрткү болушу мүмкүн. Айрыкча ушул тапта Орусиянын бул өлкөлөрдөгү долбоорлорго катышып, акча берүүгө кудурети жок. Андыктан аларды өз көзөмөлүндө кармап туруш үчүн аскердик каражаттарын да колдонушу толук ыктымал.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG