Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Ормон уулу: Орусиянын өзгөрүшү кыйын


Искендер Ормон уулу.
Искендер Ормон уулу.

Орусиядагы шайлоонун Кыргызстандагы илеби, орус жарандарынын көбөйүшү жана анын оң-терс жагы туурасында эксперт Искендер Ормон уулу менен маекти сунуш кылабыз.

“Азаттык”: Орусиядагы шайлоонун алгачкы жыйынтыгы боюнча Владимир Путин 76 пайыздан ашуун добуш менен жеңишке жетип, төртүнчү жолу президенттикке шайланып жатат.

Ал азырынча конституциялык реформалар болбосун, бирок келечекте ийгиликтер күтүп турганын билдирди. Орусияны кандай өзгөрүүлөр күтүп турат?

Орусиянын президентин шайлаш үчүн орус элчилигинин алдында кезекте турган орус жарандары. 18-март, 2018-жыл.
Орусиянын президентин шайлаш үчүн орус элчилигинин алдында кезекте турган орус жарандары. 18-март, 2018-жыл.

Искендер Ормон уулу: Акыркы үч-төрт жылда Москванын дүйнөдөгү чоң өлкөлөр менен мамилеси Крымга, Украинага, Жакынкы Чыгышка байланыштуу катаалдашып кеткен. Бул алака келечекте ого бетер оорлошчудай.

Орусия буга чейинки тышкы саясатын бир аз жумшартабы же азыркыдай эле аскерге таянып, күчкө салабы? Путиндин акыркы шайлоо алдындагы убадаларына же билдирүүлөрүнө көз салган талдоочулардын айтымында, Орусия экономикада салкын саясат жүргүзүп, тышкы саясатта мурдагы багытын улантат. Ошондуктан Орусиядан өтө тездик менен болчу өзгөрүүлөрдү жана оң натыйжаларды күтүү кыйыныраак.

“Азаттык”: Талдоочулар, эксперттер шайлоонун жыйынтыгы ушундай эле болот деп күттү беле?

Искендер Ормон уулу: Ооба, айтылып эле келбедиби. Жада калса шайлоого келгендердин саны, Владимир Путиндин канча пайыз добуш алары да айтылган. Аз эле айырма болбосо, ошондой эле жыйынтык болду.

“Азаттык”: Кыргызстандагы орус жарандарынын жигердүүлүгү, көбөйгөнү талкууга түшүп жатат. 13 миңден ашуун жаран добуш берүүгө катышкан экен. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүшпү?

Искендер Ормон уулу: Ооба, консулдук 20 миңдей шайлоочу бар экенин билдиргенин маалымат каражаттары жазышкан. Бирок ошонун ичинен 13 миңи катышканы бир тараптан алардын аз эмес экенин, экинчиден аябай жигердүүлүгүн көрсөтүп турат. Алардын көбү пенсия курагындагы улуу адамдар экени байкалды.

Бир убакта Орусиянын жарандыгын алып коюп, ал жактын пенсиясы менен Кыргызстанда жашоо ыңгайлуу, арзан деген түшүнүк менен кайра кайтышкан го деп божомол кылсак болот. Бирок албетте, изилдене турган маселе деп ойлойм.

Орусиянын президентин шайлоого катышып жатышкан Кыргызстандагы орус жарандары. 18-март, 2018-жыл.
Орусиянын президентин шайлоого катышып жатышкан Кыргызстандагы орус жарандары. 18-март, 2018-жыл.

“Азаттык”: Негизи эле Кыргызстанда орус жарандыгын алгандардын көбөйүшүнүн оң-терс жагы эмне?

Искендер Ормон уулу: Чакан өлкө үчүн коркунучтуу. Эгер мыйзамдары жакшы иштеген, демократиялык баалуулуктарды туу тутуп, адам укуктарын сактаган, жалпы эле дүйнөдөгү рейтиндерде алдыңкы орунда турган өлкөлөр менен ушундай болсо сүйүнө турган көрүнүш болмок. Бирок тышкы, ички саясатын күчкө салып алып барган, бир аз агалык, жада калса кожоюндук мамиле кылган өлкө болсо - бул көрүнүш кандай максатта колдонулуп кетерин айтыш кыйын. Билинбеген нерседен дайыма этият болуш керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG