Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:08

Орус шайлоосунун Кыргызстандагы илеби


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтөт. Орусиянын аймагында катталган 109 миллион шайлоочудан тышкары да эки миллионго жакын шайлоочу чет өлкөлөрдөн өз добуштарын бере алышат.

Шайлоого катышууга үгүттөө иштери Кыргызстандын аймагында да жүрүп жатат. Бирок айрымдардын пикиринде мындай аракеттер Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна доо кетириши мүмкүн.

Орусия Федерациясында алты жылда бир жолу өтчү президенттик шайлоого бул жолу сегиз талапкер ат салышууда. Өз жарандарын шайлоого катышууга үгүттөө өнөктүгү Орусиянын аймагында гана эмес, чет өлкөлөрдө да кызуу жүрүп жатат.

Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин расмий маалыматы боюнча азыркы тапта Кыргызстандын аймагында Орусиянын 20 миң жараны консулдуктун каттоосунда турат. Алар үчүн орус элчилиги өлкөнүн үч облусунда алты шайлоо участогун даярдаган.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомованын айтымында, алар жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу Орусиянын жарандарын добуш берүүгө үндөп, болгон аракетин көрүп жаткан кези.

- Албетте, биз Кыргызстандын аймагында көптөн бери же убактылуу жашап жаткан Орусиянын жарандарына алар өлкөдөн чыкпай эле кайсы жерден жана кандайча добуш бере алаарын түшүндүрүшүбүз керек. Сиз радиодон уккан, гезиттерден жана теледен көргөн роликтер жана жарыялар дал ошол максатта даярдалган.

Медиа эксперт Айбек Турдалиев Орусия элчилигинин жергиликтүү телеканалдардан чыгып жаткан үгүт видеолору Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна доо келтирерин айтат.

Айбек Турдалиев.
Айбек Турдалиев.

- Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, Кыргызстанда шайлоо болуп жатса, Орусиянын "Биринчи каналы" же Казакстандын “Хабары” "Кыргызстанда шайлоо өтөт, катышып кеткиле" десе кандай болот эле? Бул туура эмес. Кыргызстан эгемен мамлекет болгондуктан, өзүнүн маалымат коопсуздугун сакташы керек. Бизде Кытайдын жарандары, Түркиянын жарандары бар. Анда Түркиянын үгүт роликтерин көрсөтүш керекпи? Ойго сыйбай турган нерселер болуп атат.

Кыргызстанда эмгектенип жүргөн Орусиянын жараны Евгений Щеглов үгүт иштери ага таасир этпегенин, андыктан добуш берүүгө катышпай турганын айтат. Ал Орусияда калыптанып калган саясий системага ишенбей турганын, шайлоонун жыйынтыгы эчак эле анык болуп калганын "Азаттыкка" билдирди:

- Мен шайлоого барбайм деген чечимди терең ойлонуп кабыл алдым. Себеби менин добушум эч нерсени өзгөртпөйт деп ойлойм. Адаттагыдай эле Владимир Путинди добуш бергендердин 85 пайызы колдойт. Мен Путинди жакшы көрбөйм, бирок башка талапкерлер деле менин купулума толбойт. Балким ошон үчүн да баргым келбейт. Калган талапкерлердин деңгээли президент болууга жете элек.

Орусияда көп жылдан бери эмгектенип жүргөн активист Калдарбек Омокеев Орусиянын кыргыз улутундагы жарандары Орусиядагы шайлоого катышууга анча деле кызыкпай турганын айтат.

- Орусиянын жарандыгын алган кыргыздар чынында Орусиянын келечегин деле ойлобойт. Алар орус паспортун иш таап, эмгектенүүгө оңой болсун деген максатта эле алышкан. Ошондуктан алар шайлоого барып, өздөрүнүн жарандык милдетин аткарууга шашылбайт. Бирок добуш берүүгө баргандары жапа тырмак Путинди колдой тургандыгы анык.

Орусияда 2012-жылы өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстандагы орус элчилигинин шайлоо участокторуна 12 миңдей киши келип добуш берген. Быйыл бул сан болжол менен ошондой эле болоору күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG