Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Орусияда президенттик шайлоо өттү (видео)


Орусиядагы шайлоо. 18-март, 2018-жыл
Орусиядагы шайлоо. 18-март, 2018-жыл

Орусиянын бардык аймактарында президенттик шайлоодо добуш берүү аяктап, алгачкы экзит-поллдун (VTsIOM мамлекет каржылаган экзит-полл) жыйынтыгы чыга баштады. Ага ылайык, президент Владимир Путин 73,9 пайыз добушка ээ болууда. Экзит поллдун жыйынтыгы туура чыкса, Путин буга чейинки шайлоолордон кыйла көп добуш алган болот.

Экзит-поллго ылайык, Коммунисттик партиядан Павел Грудинин 11,2%, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский 6,5%, тележурналист Ксения Собчак 2,5% добуш алышы мүмкүн.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 21 пайызы саналып бүткөнүн, президент Путин 71,97 % менен алдыда келе жатканын билдирди.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Москва убактысы боюнча 18:00дө шайлоочулардын 60 пайызы добуш бергенин кошумчалады.

Шайлоого катыша албай калган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын командасы элдин катышы расмий айтылгандан кеминде беш пайызга аз экенин кабарлап жатышат.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, өлкө боюнча 97 миңден ашык добушкана ачылган. Ошондой эле чет өлкөдө 401 шайлоо участогу иштеп жатат.

БШКнын маалыматы боюнча Орусиянын ичинде 108,9 миллион шайлоочу, өлкөнүн сыртында 1,8 миллион шайлоочу каттоодон өткөн.

Ал арада шайлоодо жүздөгөн мыйзам бузуу катталганын добуш берүүгө байкоо салып жаткан "Голос" көз карандысыз кыймылы билдирди. Уюм аймактарда бюллетендерди тобу менен салуу, байкоочулардын ишине тоскоолдук жаратуу өңдүү көрүнүштөр катталып жатканын белгиледи.

Ошондой эле Орусиянын чыгыш аймактарында, анын ичинде Хабаровск крайында шайлоочуларды тартуу үчүн жергиликтүү расмий өкүлдөр элге арзан баада азык-түлүктөрдү сунуштап жатканы белгилүү болду.

Шайлоого катыша албай калган оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын штабынын байкоочулары Орусиянын аймактарында шайлоочуларды автобус менен добушканаларга ташыганын билдиришти. Путинди колдогондордун саны азыраак делген Москва жана Санкт-Петербург шаарында добуштарды бурмалоо аракеттери болгону кабарланып жатат.

Көз карандысыз уюмдардын мындай билдирүүлөрү боюнча Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча толук маалымат бере элек.

Бул жолу президенттикке сегиз адам талапкерлигин койгон. Талапкерлер арасында төртүнчү президенттик мөөнөткө бараткан Владимир Путин, Коммунисттик партиядан Павел Грудинин, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, либерал саясатчы катары таанылган Григорий Явлинский, теле алып баруучу Ксения Собчак, ишкер Борис Титов, мурдагы депутат Сергей Бабурин жана Максим Сурайкин бар.

Ош шаарындагы орус жарандары добуш берүүдө
Оштогу добушкана: шайлоочулар активдүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Орусия аннексиялаган Крым жарым аралынын тургундары да биринчи жолу президенттик шайлоодо добуш берип жатышат.

Орусияда президенттик шайлоо жетинчи жолу өтүп жатат. Орус президенти алты жылга шайланат. Орусиянын Конституциясына ылайык, 35 жаштан жогору, өлкөдө 10 жылдан кем эмес жашаган жарандар талапкер катары каттала алат.

Орусияда өтүп жаткан президенттик шайлоого көз салуу үчүн Жогорку Кеңештин жети депутаты - Асел Кодуранова, Аалы Карашев, Кубанычбек Жумалиев, Бакирдин Субанбеков, Каныбек Иманалиев, Кубанычбек Нурматов жана Бахадыр Сулейманов барды.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу "Азаттык" радиосуна билдирди.

Мындан тышкары Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, БШК мүчөлөрү Назарали Арипов, Кайрат Осмоналиев, Адилет Сатыгулов да Орусияда жүрөт.

Путин салтты бузган жок

Орусиянын президенттигине талапкер, учурдагы мамлекет башчы Владимир Путин бүгүн Москвада добуш берди. Ал 2000-жылдан берки салтын бузбай, бул жолу да Орусиянын Илимдер академиясындагы шайлоо бекетинде бюллетень салды.

Андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип, өзүнүн бул шайлоонун алдында сунуштаган программасы туура экенине ишене турганын айтты.

Ошондой эле пайыздык көрсөткүч канча болбосун, өзүнө президенттик кызматты аркалоого мүмкүнчүлүк берген шайлоонун жыйынтыгын ийгиликтүү деп эсептээрин кошумчалады.

Президент Путин добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

Ал эми президенттикке талапкер Ксения Собчак Путин кайра шайланышы күтүлүп жаткан шайлоого мындайча баасын берди:

- Шайлоого катышыш керек. Эреже бузуу болобу, мыйзам бузуу болобу, баары бир шайлоого келип добуш бериш керек. Эгерде бүгүн Путин көп добуш алса – анда ал шайлоого бойкот жарыялагандардын жана шайлоого келбегендердин добушун алганынын белгиси. Путин канчалык көп пайыз добуш алса, 19-марттан тарта ошончолук катуу система болот.

Кыргызстандагы орусиялыктар да добуш берди

Орусиядагы президенттик шайлоого Кыргызстанда жашаган 13 миңден ашуун орус жараны добуш берди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат катчысы Дарья Пахомова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, алты миңден ашууну адам Бишкекте добуш берген.

Элчиликтин маалыматына караганда, добуш берүү участкалары Кыргызстандын убактысы боюнча саат 8:00дө ачылып, 20:00дө жабылды.

Кыргызстанда алты жерде - Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында добушканалар уюштурулган. Шайлоочулардын активдүүлүгү Бишкекте жана Ошто байкалды.

Сүрөт баян: Бишкектеги добуш берүү

Буга чейин добуш берүүдө мыйзам бузуулар катталбаганын Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Акылбек Эшимов "Азаттыкка" кабарлаган.

Орусиядагы президенттик шайлоого Кыргызстандан 56 байкоочу көз салууда. Алардын он үчү Кыргызстандагы добушканаларда иштеди.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде орус жарандыгы бар 20 миң адам каттоодо​ турат.

Видео: Бишкектеги добуш берүү

Орусияда 2012-жылы өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстандагы орус элчилигинин шайлоо участокторуна 12 миңдей киши келип добуш берген.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар

Орусиянын региондорунан добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу кабарлар түшүп жатат. Активисттер мыйзам бузуулар тартылган сүрөт-видеолорду Интернетке жарыялашууда.

Шайлоо катыша албай калган оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын штабынын байкоочулары элди добушканаларга ташып келүү, бюллетендерди тобу менен салуу көрүнүштөрү орун алып жатканын маалымдашууда. Расмий өкүл Иван Жданов мындай эреже бузуулар массалык түрдө болуп жатканын белгилейт:

- Азыр бизде шайлоо бекеттериндеги эреже бузуулардын тизмеси бар. Элди ар кандай уюмдар жана топтолгон адамдар автобус менен добуш берүүгө алып келип жатышат.

​Москва менен Южно-Сахалинск шаарларындагы айрым шайлоо бекеттеринде добуш берүү башталганга чейин эле урналарда бюллетендер болгону кабарланды. Орусиянын Боршайкому бул жагдай боюнча маалымат берип, аталган добушканаларда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эрте добуш беришкенин билдирди.

Шайлоо катыша албай калган оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын штабынын байкоочулары кабарлагандай, Сахалиндин дүкөндөрүндө азык-түлүктөр адаттагыдан 15-20 пайыз арзан сатылып жатат. Ошондой эле Москвадагы добушканалардын биринде добуш бергендерге азык-түлүк жана зергер буюмдарды арзан алууга мүмкүнчүлүк берген талондор таркатылды.

Украинадагы добуш берүү

Украин полициясы Орусиянын Киевдеги элчилигинин жана Одесса, Львов, Харьков шаарларындагы консулдуктарынын айланасында коопсуздук чараларын күчөтүп, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөгү добушканаларга орус дипломаттарын гана киргизип жатат.

Украинанын полициясы менен Улуттук гвардиясынын өкүлдөрү Львовдогу орус консулдугунун кызматкерлерин тизме менен гана добушканага киргизип жатканын, калган орус жарандары добуш бере албай жатканын "РИА Новости" кабарлады. Одессада да полиция Орусиянын консулдугунун кире беришин тороп турганы белгилүү болду.

Орусиянын Украинадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына жергиликтүү улутчул уюмдардын өкүлдөрү да чогулушуп, "Украинада Путиндин шайлоосуна жол жок" деген плакаттарды көтөрүп турушат.

Украин өкмөтү Орусиянын Крым жарым аралында да шайлоо өткөрүшүнө каршылык иретинде Украинанын аймагында орус дипломаттарына гана шайлоого катышуу уруксат берерин 16-мартта билдирген.

Орусия украин бийлигинин бул чечимин эл аралык нормаларды бузган аракет деп баалаган.

Ал арада Франция Орусиянын Крым жарым аралында президенттик шайлоо өткөргөнүн сынга алды. Француз Тышкы иштер министрлиги 18-марттагы билдирүүсүндө Москва Крымды "мыйзамсыз аннексиялаганын", "чек араларды күч менен бузуу эл аралык нормаларга каршы келерин" эскертти.

Талапкерлер

Бул жолу президенттикке сегиз адам талапкерлигин койгон. Талапкерлер арасында төртүнчү президенттик мөөнөткө бараткан Владимир Путин, Коммунисттик партиядан Павел Грудинин, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, либерал саясатчы катары таанылган Григорий Явлинский, теле алып баруучу Ксения Собчак, ишкер Борис Титов, мурдагы депутат Сергей Бабурин жана Максим Сурайкин бар.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, өлкө боюнча 97 миңден ашык добушкана ачылган. Ошондой эле чет өлкөдө 401 шайлоо участогу иштеп жатат. Орусияда президентти шайлоого эң акыркы болуп Калининград облусу добушун берет. Шайлоо Москва убактысы боюнча 21:00дө аяктайт.

Путиндин шайлоосу, Борбор Азиядагы жаңы маанай
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:54 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG