Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:20

Качкындарга төрт миллиард доллар бөлүнөт


Ливандагы сириялык качкындар. 18-апрель, 2018-жыл.

Брюсселде донор өлкөлөр менен уюмдардын Сирия боюнча эл аралык конференциясы аяктады. Эки күндүк жыйындын жүрүшүндө Сириянын качкындарына башпаанек берип жаткан өлкөлөргө төрт миллиард доллардан ашуун жардам убада кылынды. Мындан тышкары Евробиримдик Орусия менен Иранды президент Башар Асаддын режимине таасир этип, урушту токтотууга кайрадан үндөдү.

Сирия боюнча Брюссель конференциясына сексенден ашуун өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини ​бул жыйында Орусия менен Иранга чакырык таштады:

Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

- Биз өзгөчө Орусия менен Иран Дамаскты БУУнун чамгарагы астында сүйлөшүүгө көндүрүшүнө муктажбыз. Сириянын биз буга чейин иштешип келген оппозициясы азыр кыйла ынтымактуу жана сүйлөшүүгө даяр. Биздин көз карашыбызда Сирия үчүн туруктуу тынчтык Улуттар Уюмунун чамгарагы астындагы саясий жараян менен гана байланышта. Мен буга чейин бир нече ирет айткандай, Астана сүйлөшүүлөрүнө кепил болгон үч өлкө: Орусия, Иран, Түркия ок атышуунун токтошу, деэскалация зоналарын камсыздоо үчүн өзгөчө жоопкерчиликке ээ. Биз азыр аскердик аракеттер кайра күчөгөнүн көрүп турабыз. Бул ошол өлкөлөр иштеген, милдеттенме алган нерселердин теңирден тескериси болуп атат. Андыктан биз аларды кырдаалды басаңдатуу аракеттерине кайра кайтууга чакырабыз.

Могерини айткан, Улуттар Уюмунун чамгарагы астындагы сүйлөшүүлөрдүн буга чейин сегиз айлампасы өткөн, бирок олуттуу натыйжа бере элек жана качан жанданары азырынча белгисиз.

Конференцияда жарыялангандай, Евробиримдик алдыдагы бир жылда Сириянын өзүнө, Ливанга жана Түркияга качкындарды колдош үчүн 560 миллион евро, Германия өз тарабынан бир миллиард евродон ашуун каражат, Британия болсо 450 миллион фунт бөлөт.

Улуттар Уюмунун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Марк Лоукоктун эсебинде, жалпысынан сириялык качкындардын муктаждыгы үчүн 2018-жылга донорлор 4,4 миллиард доллар бөлүүгө убада беришти жана бул алар күткөндөгүдөн азыраак:

Марк Лоукок.
Марк Лоукок.

- Бир катар маанилүү донорлор бюджет боюнча ички талкуулары бүтө элек болгондуктан 2018-жылдагы каржылоосун ырастай алышкан жок. Булардын арасында Кошмо Штаттар да бар. Ал акыркы кездери Сирияга жана аймакка гуманитардык жардам иретинде жылына бир миллиард доллардан ашуун каражат бөлүп келди.

Эл аралык донорлордун Сирия үчүн гуманитардык жардамы Батыш өлкөлөрү химиялык чабуулдар үчүн айыптаган Башар Асаддын өкмөтү, БУУ жана башка эл аралык уюмдар аркылуу берилет.

Сегизинчи жылга кеткен жарандык согушта 450 миңден ашуун киши кырылса, 13 миллиондон ашуун адам гуманитардык жардага муктаж болуп, алардын алты миллиондон ашууну өлкө ичинде жер которсо, 5,6 миллиону тышка качкын катары кетти.

Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча сырттагы качкындардын эң көбү - 3,5 миллиону Түркияда, бир миллиону Ливанда, 660 миңдейи Иорданияда, 247 миңдейи Иракта, 127 миңдей Египетте баш калкалоодо:

- Сирия кризиси Жакынкы Чыгышта мүшкүл башталса ал дароо эле Европага жана башка жерлерге таасир этээрин көргөздү. Биз жүз миңдеген качкындар деңизден өтүп, жээкке жетүүгө аракет кылганда Европа кандай реакция кылганына күбө болдук. Бирок биз, Сириянын коңшулары - Ливан, Түркия, Иордания - бул кризис менен күн сайын жашап жатабыз. Андыктан ага эми кризисти башкаруу көз карашынан карай бере албайбыз. Биз качкындарга инвестиция жумшашыбыз керек. Аларга кам көрүү - биздин орток коопсуздук үчүн кам көрүү, - деди Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади Брюссель конференциясындагы сөзүндө.

Ракка шаарынан бир көрүнүш. 20-апрель, 2018-жыл.
Ракка шаарынан бир көрүнүш. 20-апрель, 2018-жыл.

Сириялык качкындардын Европага агылган эң ири толкуну 2015-жылга туш келип, эски континентте качкындар кризисин пайда кылып, бир миллиондой адам негизинен Германиядан башпаанек сураган.

АКШ 2011-2016-жылдар аралыгында сириялык 18 миңдей качкынды кабыл алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG