Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Орусия Канттагы базаны акысыз колдоно берет


Орусиянын Канттагы аба базасы.
Орусиянын Канттагы аба базасы.

Орусия Канттагы аба базасына ижара төлөбөйт, Москва Тажикстандын учактарына Орусияга учууга уруксат берди, ал эми Өзбекстан АКШ менен соода-сатыкты кеңейтүүдө.

"Независимая газета" Кыргызстанда Орусиянын аскердик базаларынын укуктук статусун жана иштөө шарттарын аныктаган жаңы келишим күчүнө киргенин жазды.

Орусиянын Канттагы авиациялык жана Ысык-Көлдөгү сыноочу базалары, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы сейсмологиялык пункту укуктук жактан бирдиктүү аскердик база катары көрсөтүлүп, иштөө мөөнөтү 15 жылга узартылган.

Күчүнө кирген жаңы келишим боюнча Ысык-Көлдөгү база менен Чалдыбардагы байланыш түйүнүнө Орусия Кыргызстанга жылына 4,5 миллион доллар ижара акысын төлөмөкчү. Ал эми Канттагы аба база менен Майлы-Суудагы сейсмологиялык пункт үчүн Орусия эч кандай ижара акы төлөбөстүгү, жада калса жарык, суу, газ сыяктуу коммуналдык кызматтар бекер болору баяндалат.

"Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү бул базаларга орусиялык тараптын атайын уруксаты менен гана кире алат. Орусия аба базасы аркылуу Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылат" деп айтылат макалада.

"Регнум" маалымат агенттиги Өзбекстан менен АКШнын ортосундагы соода-сатык бир жыл ичинде 70 пайызга өскөнүн кабарлады. Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү былтыр 450 миллион доллардан ашканын Өзбекстандын тышкы экономикалык байланыштар министри Эльер Ганиев маалымдаган. Ал Ташкент республиканын энергетика, автокуруу, фармацевтика жана электротехника тармактарында америкалык бизнестин кеңири иштешине кызыкдар деп белгилеген.

Учурда Өзбекстанда америкалык компаниялардын катышуусу менен 164 ишкана иштейт, анын 42си толук бойдон чет элдик капиталдын эсебинен каржыланат.

"Российская газета" Казакстанда бир жыл ичинде 182 террорчу кармалганын жазды. Басылма Казакстандын атайын кызматтары былтыр 12 экстремисттик иш-чараларды алдын алып, 180ден ашуун адам терроризм беренелери боюнча соттолгонун баяндайт.

Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррор штабынын өкүлү Сергей Швейкин эл аралык террордук уюмдарга көмөкчү делип 14 чет элдик жаран кармалып, өз өлкөлөрүнүн атайын кызматтарына өткөрүлүп берилгенин, ал эми үч казакстандык сот жообуна тартылганын маалымдаган.

Швейкин өлкөдө “жалгыз жүргөн жанкечтилер” коркунучу бар экенин белгилеген. Казакстанда былтыр жети ай бою террор коркунучунун “сары” чеги сакталган.

"Ведомости" Тажикстан менен Орусия аба каттамдар боюнча макулдашууга келишкенин кабарлады. Марттан баштап орусиялык “Ямал” авиакомпаниясы Тажикстанга каттай баштайт. Ошондой эле Тажикстандын Somon Air авиакомпаниясына Орусиянын Красноярск, Краснодар, Оренбург жана Уфа шаарларына кайрадан каттоого да уруксат берилди.

Октябрда Душанбе орусиялык “Уральские авиалинии” компаниясына Тажикстанга учууга уруксат бербей койгондо Москва да тажик авиакомпаниясына Орусияга учууга тыюу салып койгон. Эми кайрадан жандана баштаган тажик-орус аба каттамдары Москвада сентябрдан бери иштей баштаган “Жуковский” аэропорту аркылуу жүргүзүлмөкчү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG