Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Кыргызстандагы орусиялык аскер базасынын аянты кеңейтилет


Канттагы авиабаза.
Канттагы авиабаза.

Орусия мамлекетинин президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылды.

Орусиянын укуктук порталында жарыяланган протоколго ылайык, базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизилген. Ошондой эле орус тарап бирдиктүү базадагы жерди колдонуу үчүн Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң долларды төлөмөй болду.

Мурда бул сумма 4,5 миллион доллардын тегерегин түзчү.

Орусиялык ТАСС маалымат агенттиги аскердик базанын аянты 60 гектарга кеңейтилерин жазып жатат. Ал эми Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшембиев жаңы кол коюлган протоколго ылайык базадагы учуу тилкелери модернизация болорун айтып, аянтынын кеңейтилиши боюнча жооп берген жок:

- Протокол буларды караштырат: Кыргызстандын жана бириккен орусиялык базанын коргонуу жөндөмүн камсыз кылыш үчүн кыргыз аскер кызматкерлерине учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууну үйрөтүү. Биз бирге колдонуп жаткан Кант шаарындагы аэродромдун учуу-конуу тилкесин жаңылоо. Орусиянын аскер базасы үчүн колдонуп жаткан жердин ижара акысын 4 млн. 790 миң долларга чейин көтөрүү.

Дүйшөнбиев: Кыргыз-орус аскер кызматташтыгы кеңейет
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:40 0:00

​Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскер объектилери жайгашкан. Алардын эң ириси Канттагы авиабаза болуп саналат. (EBm/TSh)

XS
SM
MD
LG