Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Кант авиабазасы: «эти Москваныкы, сөөгү Бишкектики»


Кант авиабазасы. 2012-жыл.

Жогорку Кеңеш Канттагы Орусиянын авиабазасы боюнча протоколду үч окууда ратификациялады. Бул протоколго ылайык, авиабазанын учуу-конуу тилкеси оңдоо үчүн Орусиянын менчигине өткөрүлүп берилди.

11-июнь Жогорку Кеңеш үчүн натыйжалуу күндөрдүн бири болду. Депутаттар бул күнү 30дан ашык мыйзам жана келишимдерди карап, кабыл алышты. Алардын арасында буга чейин парламенттин комитетинин кароосунан үч жолу каралбай калган, коомчулукта талашка түшкөн Канттагы авиабазанын макамы жана шарттары жөнүндө протокол да бар. Депутаттар бул келишимди дароо эле үч окуудан бир добуштан кабыл алышты.

"Асфальт Орусияныкы, жер Кыргызстандыкы"

Талкуу учурунда документти иштеп чыккан Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү жаңы протокол Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөй турганын айтып жатышты.

Комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев авиабазанын учуу-конуу тилкеси оңдолгондон кийин Орусияга өткөнү менен анын алдындагы жер кыртышы Кыргызстандын ээлигинде каларын түшүндүрдү:

«Жер тилкелери убактылуу гана колдонууга берилет. Анын үстүндөгү кыймылсыз мүлктөр 15 жылга түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүткүчө Орусияга карайт. Макулдашуу бүтөр замат Кыргызстанга акысыз түрдө өткөрүлөт».

Жыйынга катышкан көпчүлүк депутаттарды өкмөт өкүлдөрүнүн мындай маалыматтары ынандырды көрүнөт. Келишим талкууланып жаткан учурда бир катар эл өкүлдөрү коомчулукта болуп жаткан суроолорду маалыматтын жетишсиздигине шылташты.

Маселен, депутат Аалы Карашев жарандар арасында маалымат жоктугунан ушундай түшүнбөстүк жаралды деген ойдо:

Аалы Карашев
Аалы Карашев

«Бул жактагы жер, кыймылсыз мүлктөр Кыргызстандын менчиги экенинен күмөн да болбош керек. Экинчиден, бул аскер базасы бизге керек. Аймактык коопсуздук, улуттук коопсуздук деген нерселер бар. Аны да эстен чыгарбаш керек. Үчүнчүдөн, учуу-конуу тилкесин оңдоп берип жаткандан кийин, аны бузуп көтөрүп кетмек беле? Ал Кыргызстанга калат».

Ал эми Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов пайда болгон нааразылык атайын уюштурулган болушу мүмкүн деп божомолдоп, мындай маселелер жабык каралса болмок деп чыкты.

Дагы бир депутат Улукбек Ормонов келишимди даярдоодо бир катар түшүнүксүз жагдайлар бар экенин белгиледи. Ал Коргоо иштери боюнча комитеттин өкүлүнө "учуу-конуу тилкесине куюлган бетон жерде турабы же асмандабы?" деген суроо узатты.

«Жерге коюлган бетон жер деп эсептелбейби? Азыр Орусиянын менчигине өткөрбөсө, алар акча бөлбөйт экен деп жатасыңар. Орусия кантип акча бөлөт? Бул алардын иши болуш керек. Биздин ишибиз эмес. Биз авиабазаны ижарага бердик. Оңдой берсин. Аларды бирөө кой деп атабы? Бул маселеде түшүнүксүз көп нерсе бар».


Талаштуу келишимдин төркүнү Орусиянын президенти Владимир Путиндин былтыр Кыргызстандагы расмий сапарына барып такалат. Анда Орусиянын бирдиктүү аскер базасы тууралуу келишимге кол коюлуп, буга чейин эсептелбей калган жер тилкеси үчүн Орусия акы төлөй турганы айтылган.

Тактап айтканда, орус тарап буга чейин иш жүзүндө пайдаланып, бирок эске алынбай калган 58 гектар жер үчүн жылына 291 миң доллар төлөп бермек.

Бирок коомчулукта протоколдогу экинчи өзгөртүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ал Канттагы авиабазанын учуу-конуу тилкесин Орусиянын менчигине өткөрүүнү камтыган пунктка байланыштуу. Буга базанын учуу-конуу тилкесин 2 миллиард рублга оңдош үчүн сөзсүз түрдө орус тараптын менчигине өткөрүү зарыл деген жүйө келтирилип жатат.

Талкууга жем таштаган келишим 15 жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Ага ылайык, Орусия 2032-жылы аэродромду Кыргызстанга өткөрүп бериши керек. Документ парламент жактырган көп келишимдин бири катары өтүп кетиши деле мүмкүн болчу. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети үч жолу аны кароону башка күнгө жылдырганы коомчулуктун көңүлүн бурган. Ушундан улам «Орусияга жер берилип жатат» деген пикир басымдуулук кылып, социалдык тармактарда "Кыргызстандын аймагында Орусиянын анклавы пайда болбойбу?" деген кооптонуулар айтылды.

"Ыкчам кабыл алуунун сыры"

Ошентип, коомчулуктагы талаш-тартыштарга карабай, Жогорку Кеңеш протоколду бир добуштан кабыл алды. Парламенттин мындай аракетине коомчулукта сын айткандар көп болду.

Эксперт Руслан Акматбек Жогорку Кеңеш өлкөнүн геосаясий позициясы, тышкы саясаты жана коопсуздугуна байланыштуу маселеге жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек деген пикирде.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

«Бул маселе эч кандай улуттук кызыкчылыкка кедергесин тийгизбесе, ачык-айкын болсо, эмне себептен тиешелүү комитет эки жолу күн тартибинен алып салды? Мыйзамды кабыл алуу жараяны эле көптөгөн суроолорду жаратты. Абдан шашып, эртең мөөнөт бүтүп калчудай тез кабыл алышты. Ушул окуянын баары Кыргызстанда чечим кабыл алуу борбору кайда экенин айгинелеп койду. Бул маселени талкуулоодо парламентте улуттук кызыкчылыкты эстешкен жок. Тескерисинче, бардык аракет Москваны капа кылбай, ыраазы кылуу дегендин тегерегинде болду. Эгер учуу-конуу тилкеси кийин Кыргызстандын менчигине өтө турган болсо, аны азыр эмне себептен башка өлкөгө өткөрүп берүү керек? Ал келишимдин негиздемесинде ачык-айкын эле "бул учуу-конуу тилкеси Орусиянын менчигине өткөрүлөт" деп жазылып турбайбы. Тарых көрсөткөндөй, Орусия башка өлкөлөрдө деле ушундай негизде кирип, чыкпай койгон учурлар бар».

Ошол эле кезде байкоочулар бул протоколдун тезинен кабыл алынышын эки себепке байланыштырып жатат.

Биринчиси - азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш жайкы каникул алдындагы акыркы жыйындарын өткөрүп жатат. Күзүндөгү бир айлык мөөнөттө шайлоого катышкан парламентарийлердин бул сыяктуу маселелерди кароого каалоосу болобу же жокпу белгисиз.

Экинчиден, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 24-июнда Жеңиштин 75 жылдыгына карата Москвада өтчү парадга катышканы жатат. Буга чейин эксперттер кыргыз бийлиги президенттин сапарын утурлай келишимди толугу менен кабыл алууга аракет кылат деген божомолдорду айтышкан.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.

Мурда бул объекттердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

Орусиянын бирдиктүү аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат. 2013-жылы расмий Бишкек Транзиттик жүк ташуу борборун (ТЖБ) жайгаштыруу жөнүндө АКШ менен макулдашууну денонсация кылгандыктан, 2014-жылдын 11-июлуна чейин Вашингтон бул объектти толугу менен чыгарып кетүүгө мажбур болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (55)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG