Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Кыргызстан согушту өз алдынча изилдей элек


Жеңиш аянты, Бишкек.
16x9 Image Мирлан Кадыров

Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына быйыл 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда шаан-шөөкөтсүз өттү.

Өткөн жылдары постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда Жеңиш майрамы өзгөчө шаң менен белгиленип, мурдагы жана азыркы президенттер эл менен кошо «Өлбөс полктун» жүрүшүнө катышып келген.

Быйыл Жеңиштин 75 жылдыгы коронавируска байланыштуу Кыргызстанда жарыяланган өзгөчө абал режимине туш келди. Ушундан улам Бишкекте чакан митинг-реквием гана өттү.

Анда президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскеришти.

Жумабеков, Жээнбеков жана Отунбаева.
Жумабеков, Жээнбеков жана Отунбаева.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.

“Жеңиш күнүндө Манас атабыздын жолун жолдоп элин коргогон аталарыбыздын эмгектерин сыймыктануу менен эстейбиз. Согуш жылдарын башынан өткөргөн ардагерлерибиздин саны тилекке каршы жылдан-жылга суюлуп баратат. Курман болгон жана майдандан аман келип, кийин арабыздан өтүп кеткендердин элесине таазим этебиз. Урматтуу согуштун ардегерлери жана ооруктун эмгекчилери, сиздерди сый-урмат менен кадырлоо ар бир кыргызстандыктын милдети”, - деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле Жеңиш күнү союз маалындагыдай белгиленип келет.

Майрамды утурлай жергиликтүү телеканалдарда СССРдин жеңишин даңктаган берүүлөр, тасмалар байма-бай көрсөтүлөт. Быйыл карантин шартына карабай бир катар кыргызстандыктар куттуктоосун онлайн жолдоп, аскердик кийим кийген ырчылар көчө кыдырып ырдашты.

Айрымдар муну сынга алып, Жеңиш майрамын белгилөө салтын өзгөртүү керектигин айтып келишет.

Маселен, тарыхчы Кыяз Молдокасымов Кыргызстанда согушту илимий жактан өз алдынча изилдөө жүрбөй жатканына токтолду.

Кыяз Молдокасымов.
Кыяз Молдокасымов.

“Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин Жеңиш күнүн “жарашуу жана эскерүү күнү” деп атадык. Бул менен өзгөртүүгө кадам жасагандай болгонбуз. Бирок 9-майды белгилөө жөрөлгөсү эгемендик алгандан кийин деле өзгөргөн жок. Кыргызстан бул апаатты өз алдынча изилдей элек. Бул темага кызыккан тарыхчыларыбыз да аз”.

Анткен менен айрым тарыхчылар кыргызстандыктардын согушта башынан кечирген азап-тозогун, кан майдандын аякташына кошкон салымын эскерүү мамлекеттин келечеги, жаңы муун үчүн маанилүү деп эсептешет. Алардын бири Нарынбек Алымкулов буларга токтолду.

“Менинче бул күндү мурдагыдай эле белгилөө керек. Тереңирээк изилдөө жүргүзүп, өзгөчө кайтпай калган атуулдарыбызды тактап, алардын ысымын китеп бетине түшүрүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Бизден кийинки муун “ушундай аталарыбыз болгон” деп баркташы керек. Ошондуктан масштабдуу майрамды өткөрүү туура эле”.

Айрым жергиликтүү тарыхчылар Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу көп кырдуу жаңы маалыматтар эми гана чыгып жатканын белгилешет. Ошол эле учурда саясатташкан маалыматтар менен кошо ири державалар өз «чындыгын» таңуулап жатканын да айтышууда.

Саясат талдоочу Эмил Жороев Жеңиш күнүн белгилөө саясий өңүткө айланып баратканына токтолду.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

“Акыркы бир нече жылдан бери дүйнөдө болуп жаткан көрүнүштөрдөн улам жеңиш күнүн майрамдоо айрыкча Орусияда дүйнөлүк саясий аренада маанилүү символ катары көп колдонулуп жаткансыйт. Эгер муну мойнубузга ала турган болсок анда Кыргызстан башка мамлекеттердин саясий оюнун улабашы керек. Биз бул датаны кандай мааниде эскериш керек деген суроого жооп беришибиз керек. Бул согуш 20-кылымдын кара тагы болгон. Аны унутууга эч кимдин акысы жок. Бирок аны саясий мааниге айлантуу туура эмес”.

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун алкагындагы Улуу Ата Мекендик согушка (1941-1945-жж.) Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.​

Кыргызстан коронавируска байланыштуу Жеңиш майрамын шаан-шөкөтсүз тосту.

Дагы жүктөңүз

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG