Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26
Жеңиш аянты, Бишкек.
Жеңиш аянты, Бишкек.

Кыргызстан согушту өз алдынча изилдей элек

Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына быйыл 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда шаан-шөөкөтсүз өттү.

Өткөн жылдары постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда Жеңиш майрамы өзгөчө шаң менен белгиленип, мурдагы жана азыркы президенттер эл менен кошо «Өлбөс полктун» жүрүшүнө катышып келген.

Быйыл Жеңиштин 75 жылдыгы коронавируска байланыштуу Кыргызстанда жарыяланган өзгөчө абал режимине туш келди. Ушундан улам Бишкекте чакан митинг-реквием гана өттү.

Анда президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскеришти.

Жумабеков, Жээнбеков жана Отунбаева.
Жумабеков, Жээнбеков жана Отунбаева.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.

“Жеңиш күнүндө Манас атабыздын жолун жолдоп элин коргогон аталарыбыздын эмгектерин сыймыктануу менен эстейбиз. Согуш жылдарын башынан өткөргөн ардагерлерибиздин саны тилекке каршы жылдан-жылга суюлуп баратат. Курман болгон жана майдандан аман келип, кийин арабыздан өтүп кеткендердин элесине таазим этебиз. Урматтуу согуштун ардегерлери жана ооруктун эмгекчилери, сиздерди сый-урмат менен кадырлоо ар бир кыргызстандыктын милдети”, - деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле Жеңиш күнү союз маалындагыдай белгиленип келет.

Майрамды утурлай жергиликтүү телеканалдарда СССРдин жеңишин даңктаган берүүлөр, тасмалар байма-бай көрсөтүлөт. Быйыл карантин шартына карабай бир катар кыргызстандыктар куттуктоосун онлайн жолдоп, аскердик кийим кийген ырчылар көчө кыдырып ырдашты.

Айрымдар муну сынга алып, Жеңиш майрамын белгилөө салтын өзгөртүү керектигин айтып келишет.

Маселен, тарыхчы Кыяз Молдокасымов Кыргызстанда согушту илимий жактан өз алдынча изилдөө жүрбөй жатканына токтолду.

Кыяз Молдокасымов.
Кыяз Молдокасымов.

“Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин Жеңиш күнүн “жарашуу жана эскерүү күнү” деп атадык. Бул менен өзгөртүүгө кадам жасагандай болгонбуз. Бирок 9-майды белгилөө жөрөлгөсү эгемендик алгандан кийин деле өзгөргөн жок. Кыргызстан бул апаатты өз алдынча изилдей элек. Бул темага кызыккан тарыхчыларыбыз да аз”.

Анткен менен айрым тарыхчылар кыргызстандыктардын согушта башынан кечирген азап-тозогун, кан майдандын аякташына кошкон салымын эскерүү мамлекеттин келечеги, жаңы муун үчүн маанилүү деп эсептешет. Алардын бири Нарынбек Алымкулов буларга токтолду.

“Менинче бул күндү мурдагыдай эле белгилөө керек. Тереңирээк изилдөө жүргүзүп, өзгөчө кайтпай калган атуулдарыбызды тактап, алардын ысымын китеп бетине түшүрүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Бизден кийинки муун “ушундай аталарыбыз болгон” деп баркташы керек. Ошондуктан масштабдуу майрамды өткөрүү туура эле”.

Айрым жергиликтүү тарыхчылар Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу көп кырдуу жаңы маалыматтар эми гана чыгып жатканын белгилешет. Ошол эле учурда саясатташкан маалыматтар менен кошо ири державалар өз «чындыгын» таңуулап жатканын да айтышууда.

Саясат талдоочу Эмил Жороев Жеңиш күнүн белгилөө саясий өңүткө айланып баратканына токтолду.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

“Акыркы бир нече жылдан бери дүйнөдө болуп жаткан көрүнүштөрдөн улам жеңиш күнүн майрамдоо айрыкча Орусияда дүйнөлүк саясий аренада маанилүү символ катары көп колдонулуп жаткансыйт. Эгер муну мойнубузга ала турган болсок анда Кыргызстан башка мамлекеттердин саясий оюнун улабашы керек. Биз бул датаны кандай мааниде эскериш керек деген суроого жооп беришибиз керек. Бул согуш 20-кылымдын кара тагы болгон. Аны унутууга эч кимдин акысы жок. Бирок аны саясий мааниге айлантуу туура эмес”.

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун алкагындагы Улуу Ата Мекендик согушка (1941-1945-жж.) Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.​

Кыргызстан коронавируска байланыштуу Жеңиш майрамын шаан-шөкөтсүз тосту.

Жеңиш, карантин жана эскерүү

Быйыл Кыргызстан 9-май Жеңиш күнүн карантин шартында тосуп жатат. 
1/22 Быйыл Кыргызстан 9-май Жеңиш күнүн карантин шартында тосуп жатат. 
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
9-майда Бишкек шаарында Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү.
2/22 9-майда Бишкек шаарында Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскеришти.
3/22 Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскеришти.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун алкагындагы Улуу Ата Мекендик согушка (1941-1945-жж.) Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.​
4/22 Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун алкагындагы Улуу Ата Мекендик согушка (1941-1945-жж.) Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.​
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.
5/22 Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков Өчпөс отко гүл коюп жатат.
6/22 Президент Сооронбай Жээнбеков Өчпөс отко гүл коюп жатат.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Жеңиш аянты. Жыл сайын 9-майда Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы өтүп, Жеңиш аянты шаардыктарга жык-жыйма толчу. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу акция токтотулуп, жеңиш майрамы шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
7/22 Жеңиш аянты. Жыл сайын 9-майда Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы өтүп, Жеңиш аянты шаардыктарга жык-жыйма толчу. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу акция токтотулуп, жеңиш майрамы шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Айрым маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып жүрөт.
8/22 Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Айрым маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып жүрөт.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
150 миң ашуун кыргызстандыктар кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн орден, медалдар менен сыйланган. 72 кыргызстандык Советтер союзунун баатыры деген наамга ээ болушкан.
9/22 150 миң ашуун кыргызстандыктар кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн орден, медалдар менен сыйланган. 72 кыргызстандык Советтер союзунун баатыры деген наамга ээ болушкан.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Бүгүн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын Жалал-Абад шаарынын тургундары көп кабаттуу үйлөрдүн балкондорунда карантиндик эрежелерди сактаган шартта белгилешти.
10/22 Бүгүн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын Жалал-Абад шаарынын тургундары көп кабаттуу үйлөрдүн балкондорунда карантиндик эрежелерди сактаган шартта белгилешти.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Шаардын көчөлөрүндө ата-бабалардын эрдигин даңктаган ырлар жаңырып, жашоочулар согушка катышкан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп турушту.
11/22 Шаардын көчөлөрүндө ата-бабалардын эрдигин даңктаган ырлар жаңырып, жашоочулар согушка катышкан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп турушту.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Согуш ардагерлери “Айры-Там айылынын тургуну Насирдин Нармырзаев менен Баймак айылынын жашоочусу Аскар Хайдаров быйыл 94 жашка толушту. Жеңиш күнүндө Ала-Бука районунун мекеме ишканаларынын жетекчилери жана Балтагулов менен 1-май айылдык кеңешинин депутаттары эки ветеранга автоунаа белеке беришти. Ардагерлер менен катар  орукта эмгектенген энелерге да сый белектер тапшырылды.
12/22 Согуш ардагерлери “Айры-Там айылынын тургуну Насирдин Нармырзаев менен Баймак айылынын жашоочусу Аскар Хайдаров быйыл 94 жашка толушту. Жеңиш күнүндө Ала-Бука районунун мекеме ишканаларынын жетекчилери жана Балтагулов менен 1-май айылдык кеңешинин депутаттары эки ветеранга автоунаа белеке беришти. Ардагерлер менен катар  орукта эмгектенген энелерге да сый белектер тапшырылды.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жана шаардык кеңештин төрагасы Айбек Джолдошевдер шаардыктарды Жеңиш күнү менен куттукташты.
13/22 Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жана шаардык кеңештин төрагасы Айбек Джолдошевдер шаардыктарды Жеңиш күнү менен куттукташты.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Жалал-Абад шаарында 2 согуш ветераны, 1 конслагер туткуну жана 2 оруктун ардагери калды.
14/22 Жалал-Абад шаарында 2 согуш ветераны, 1 конслагер туткуну жана 2 оруктун ардагери калды.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
9-май Жеңиш күнү Ош шаарында да белгиленгени менен шаардын башкы аянты бош турду. 
15/22 9-май Жеңиш күнү Ош шаарында да белгиленгени менен шаардын башкы аянты бош турду. 
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Ош шаарында согуштун алты жана тылдын 15 ардагери калган.
16/22 Ош шаарында согуштун алты жана тылдын 15 ардагери калган.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Экинчи дүйнөлүк согушта 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон.
17/22 Экинчи дүйнөлүк согушта 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
«Өчпөс от» мемориалдык комплексинде өткөн гүл коюу аземине облус жана шаар жетекчилери, Орусиянын шаардагы консулу жана облустук жана шаардык милициянын башчылары катышты.
18/22 «Өчпөс от» мемориалдык комплексинде өткөн гүл коюу аземине облус жана шаар жетекчилери, Орусиянын шаардагы консулу жана облустук жана шаардык милициянын башчылары катышты.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Ош шаарындагы «Өчпөс от» мемориалдык комплекси.
19/22 Ош шаарындагы «Өчпөс от» мемориалдык комплекси.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Айрым маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып жүрөт.
20/22 Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Айрым маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып жүрөт.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Ош шаары.
21/22 Ош шаары.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Ош шаары. 
22/22 Ош шаары. 
Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
Артка
Алдыга

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG