Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

АКШ генералы: Кыргызстан менен аскердик байланыш үзүлдү


"Манас" аба бекетиндеги АКШнын аскердик учагы. 2014-жыл.
"Манас" аба бекетиндеги АКШнын аскердик учагы. 2014-жыл.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (12-19-март)

"Eurasianet" басылмасынын талдоочусу Жошуа Кучера АКШнын Борбордук командачылыгынын жетекчиси, генерал Жозеф Вотелдин "Борбор Азиядагы эң жакын өнөктөш болуп келген Бишкек менен аскердик байланыш таптакыр үзүлдү" деген билдирүүсүн талдады. Борбордук командачылыктын чөлкөмдөгү аракеттерин Сенатта баяндаган генерал Вотел Кытай менен Орусиянын таасиринен улам Кыргызстан АКШ менен аскердик байланышын таптакыр үзгөнүн айтты. Ал ушул тапта башка бардык Борбор Азия мамлекеттери менен кандайдыр кызматташтык бар экенин белгилеп, "Кыргыз армиясы канчалык колдоого, жаңыланууга муктаж болсо да расмий Бишкек АКШ көмөгүнөн баш тартып жатканын" кошумчалаган.

2014-жылга чейин Кыргызстан АКШнын Борбор Азиядагы башкы аскердик өнөктөшү болуп келген. "Манас" транзиттик борбору жабылгандан кийин деле АКШнын Борбордук командачылыгы кыргыз аскерлерине согуштук даярдык, англис тилин үйрөнүү, террорчулукка каршы күрөш, чек араны коргоо багытында бир катар машыгууларды уюштуруп келген. Мындай байланыштардын учугу 2017-жылы токтоп калган. "Орусия Борбор Азиядагы таасирин экономика, коопсуздук тармактарын көзөмөлгө алуу менен арттырууда. Москванын мындай аракети АКШнын аймактагы күчүн солгундатат", - деди Вотел. Макаланын автору АКШ эми аскердик байланыш нугун дүйнөгө дарбазасын жаңыдан ача баштаган Өзбекстанга бурууну көздөп жатканын, ал эми Казакстан, Тажикстан менен аскердик байланыш мурдагы калыбында уланып жатканын белгилейт.

Демократия аралчасындагы басма сөздү ооздуктоо

Жапонияда чыккан "Diplomat" аналитикалык журналы "Кыргызстандагы журналистика: кабарчыны жок кылуу" деген темада макала жарыялады. Өлкөдөгү басма сөз өкүлдөрүнө карата соттук иштерге сереп салган автор Федерико Галдини Кыргызстанда сөз эркиндиги ар дайым өлкөдөгү демократиянын нугун, саясий бурулуштарды негиздеген түшүнүк болуп келгенин белгилеген. "Кыргызстандагы сөз эркиндигинин тарыхы эч качан бир кылка болгон эмес. 2009-жылы кайра шайланган президент Курманбек Бакиевдин тушунда бийликти сындаган журналисттерге кол салынып, ал тургай өлтүрүлгөн учурлар катталган. Буга Геннадий Павлюкту мисал келтире алабыз. Бакиев кеткенден кийин бийликке келген Алмазбек Атамбаев медианы ооздуктабайт деген ишеним күч эле. Бирок шайлоого аз калганда акыбал өзгөрүп, 2017-жылды эркин журналисттерге карата соттук териштирүүлөр болуп көрбөгөндөй апогейине жетти", - деген автор журналисттер Элнура Алкановага, Кабай Карабековго, Дина Масловага, Нарын Айыпка каршы ачылган кылмыш иштерин мисал келтирген.

Путинден башка лидерди тааныбаган орусиялыктар

"Economist" басылмасы Орусияда Владимир Путинден башка президентти тааныбаган жаңы муун өсүп жатканын жазып, теманы бир нече жаш орусиялыктын мисалында ачып берген. Алардын бири - сибирдик, 1999-жылы төрөлгөн Михаил Соловьев. Борис Ельцин Путинге бийликти өткөрүп бергенде төрөлгөн Михаил эми президенттик шайлоого алгач ирет катышууда. Бирок ал Путинден башка кимди шайларын билбейт. "Economist" журналы "путинизм" доорунда төрөлгөн балдарды сурамжылап, алардын Путинден башка лидерди тааныбай турганын аныктады.

"Владимир Владимирович бийликке келгенден бери 28 миллион бала төрөлдү. Алардын жашоо шарты ар башка болгону менен "путинизмдин" жакшы жактарын да көрүшүүдө. Жаштар арасында жумушсуздук Чыгыш Европага салыштырмалуу аз, 15 пайыздын тегерегинде. 19 жыл мурдагыга салыштырмалуу Орусиянын ички дүң өнүмү киши башына бөлө келгенде 4 эсе арбыды. Азыркы орус жаштары ичкиликти аз ичип, тамекини аз тартып, мурдагы муунга салыштырмалуу сергек жашоого көбүрөөк ыктайт. Бийликтин Батыш менен кайым айтышуусуна аралашпай, АКШга, Европа Биримдигине оң көз карашта. 18-24 жаштагы орусиялыктардын 70 пайызы маалыматты Интернеттен алса, 40 жаштан улуу орусиялыктардын 90 пайызынын башкы маалымат булагы сыналгы болууда.

Москвада жашаган жаш актриса Лера Зинченко: "Америкалыктардын баары бизди жек көрөт деген түшүнүктү таркатууну көздөгөндөр бар, ошол эле кезде америкалыктар орустарды көчөдө арак ичкен шайтандардай көрөт. Бирок, менимче, бизди эч ким жек көрбөйт. "Инстаграммда" дүйнөнү кыдырган орусиялык жаштар АКШда эч кандай кемсинтүүгө учурабаганын баяндашат", - деген.

"Инстаграмм" сүрөт искусствосун өлтүрүп жатабы?

"Time" журналы "Инстаграмм" социалдык түйүнүнүн колдонуучулары музейлердеги кымбат баалуу сүрөттөрдү телефонуна тартып алып, коомчулукка жарыялап жатканын сындады. "Айрымдар смартфон аркылуу жашоосундагы ар бир көз ирмемди элге жарыяласа, кээ бири мындай кылыгы менен өз жашоосун талкалап жатышат. Айрыкча үйлөнүү тойлорунда, концерттерде тартылган сүрөттөр мындай окуялардын баалуулугуна шек келтирүүдө. Музейлерге коюлган сүрөттөрдү же экспонаттарды жалпыга соцтүйүн аркылуу таркатуу менен мындай маданий жайларга акчасын коротуп, билет сатып алып баргандардын укугун бузуу сыяктуу жагдайлар да келип чыгууда. Негизи дүйнөдөгү музейлердин басымдуу бөлүгү кардарларга экспонаттарды сүрөткө тартууга тыюу салат. Азыр эми жаштар арасындагы баарын сүрөткө тартуу адатын эске алып, Калифорния штатындагы айрым музейлер атайын бир күндү сүрөткө тартууга боло турган күн деп белгилей башташты" деп жазат "Time".

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG