Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 11:59

Путин: 2020-жылы да Кыргызстан-Орусия өз ара пайдалуу кызматташтыгыбызды улантабыз


Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан менен Орусия ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык уланат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин кыргыз элине жана мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго жолдогон Жаңы жылдык куттуктоосунда белгиледи.

«Орусиянын жана Кыргызстандын кайчылаш жылы деп жарыяланган келе жаткан 2020-жылы дагы биз боордош элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен тыгыз жумушту улантабыз деп ишенем» деп айтылат Владимир Путиндин куттуктоо катында.

Быйыл жазында орус президенти Бишкекке алгачкы жолу мамлекеттик деген макамдагы сапар менен келип кеткен. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG