Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Кант авиабазасы: талаштуу протокол жактырылды


Канттагы авиабаза.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитети Орусиянын Канттагы авиабазасы боюнча талаштуу протоколду жактырды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде үч жолу каралбай калган талаштуу протокол бул жолу шыр эле кабыл алынды.

Жыйынга катышкан өкмөт өкүлдөрүнөн мурда комитеттин мүчөлөрү аталган документти кабыл алууга кызыкдардай сезилди. Анткени дээрлик бардык депутаттар протоколго ылайык авиабазадагы жер тилкеси эмес, анын үстүндө учуу-конуу тилкесине басылган асфальт гана Орусиянын менчиги болот деп түшүндүрүп жатышты.

Парламент комитети Канттагы база боюнча протоколду жактырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00


Маселен, комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, келишимдин Кыргызстан үчүн пайдасы көп:

«Бул жерде жер же базанын аймагы менчикке кеткени жөнүндө сөз болгон жок. Учуп-конуу тилкенин оңдолгон бөлүгү тууралуу сөз болуп жатат. Тагыраагы, асфальт-бетон гана. Муну жакшылап түшүнүү керек».

Бул жолу бийлик органдары келишимди өткөрүү үчүн абдан катуу даярданганы билинип турду.

Протоколдун мыйзамдуулугун ырастаган Юстиция министрлиги, Жер ресурстары боюнча агенттик, Чүй облусундагы айыл өкмөттөрдүн расмий макулдугун алган экен. Ал эми коомчулуктагы буга чейинки талаштарды депутаттар маалыматтын жетишсиздигинен деп түшүндүрүштү.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Депутат Каныбек Иманалиев мындай кырдаалда жоопкерчиликти өкмөткө жүктөдү:

«Ушул маселенин демилгечиси - өкмөт. Бирок ушул маселе боюнча журналисттер чабуул койгондо унчукпай отуруп алды. Болгон жүк комитеттин төрагасына түштү. Жердин макамы өзгөртүлгөн жок. Бир эле сөз жетишпей турду: асфальттын кыртышы Орусияныкы, жер Кыргызстанда калат. Мына ушул нерсени түшүндүрүү үчүн өкмөт журналисттерге пресс-тур уюштуруп, көрсөтүшү керек. Болбосо күмөн саноо кала берет».

Талаштуу келишимдин чоо-жайы

Негизи талаштуу келишимдин төркүнү былтыр Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча кол койгон келишимге такалат.

Анда эки тарап авиабазанын аянтын кайрадан ченеп чыгуу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, 2012-жылдагы келишимге караганда, Орусия базада 58,32 гектар жерди ашыкча пайдаланып келгени аныкталган.

Тагыраагы, Москва колдонгон жердин аянты келишимде көрсөтүлгөндөй 866,2 гектар эмес, иш жүзүндө 924 гектар экени эсептелген. Жыйынтыгында орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштайт.

Протоколдун дагы бир пункту авиабазанын учуу-конуу тилкесин оңдоого байланыштуу. Орусия бул тилкенин асфальтын толук алмаштырууга макул болуп, бирок аны менчикке өткөрүүнү сунуштаган. Дал ушул учуу-конуу тилкеси Орусиянын менчигине өтсө, анын алдындагы жер тилкеси да Москванын ээлигине өтүшү мүмкүн деген кооптонуу жаралган болчу.

Протокол жетиштүү талкууландыбы?

Күмөн санап жаткандардын бири - юрист Клара Сооронкулова. Ал документте бир катар «чийки калган» пункттар бар экенин эскертип жатат:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Бул протокол бир топ эле чала болуп калгандай. Анткени мыйзамда «бөлүнгүс жакшыртуулар» деген түшүнүк бар. Бул жөнөкөй сөз менен айтканда, учуу-конуу тилкесине бастырылган асфальт. Мына ушул жакшыртууларды ишке ашырган тарап кийин келишим бүткөн соң анын каражатын талап кылбайбы? Бул келишимде көрсөтүлбөй калган».

Юрист документ кабыл алынган күндө деле учурдагы бийликке келечекте берилчү суроолордун бирине айланарын айтты.

Ал эми мурдагы экономика министри, ишкер Эмил Үмөталиев келишим өлкөнүн геосаясий турумуна, тышкы саясатына байланыштуу маселелер ачык, кеңири талкуудан өткөндөн кийин гана кабыл алынышы керек болчу деген пикирде:

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

«Коомчулуктагы ар кыл пикирлерди камтыган, салмактаган терең талкуу болушу керек эле. Акыркы учурда тез кабыл алынган чечимдер базага эле тиешелүү эмес. Андай чечимдер көбөйүп бара жатат. Болгондо 1990-жылдары башталган демократияны куруу жолунан артка тарткан чечимдердей сезилет. Эң кооптуусу - көз карандысыздыкты алган учурдагы эгемендикти коргойбуз деген антка азыр бекембизби же андан баш тарттыкпы деген маселе болууда».

Эми комитет чечим кабыл алган соң протокол Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Байкоочулар бул протокол жакынкы күндөрү эле кабыл алынышы мүмкүн деп божомолдошууда. Анткени Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 24-июнда Жеңишке карата Москвада өтчү парадга катышканы жатат.


Эксперттер кыргыз бийлиги бул сапарга чейин келишимди толугу менен кабыл алууга аракет кылып жатат деген божомолдорду айтып жатышат.

Негизи Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза. Ал 2003-жылы Канттагы эски аскер аэродромунун базасында ачылган.

Орусиянын Кыргызстандан сырткары КМШнын бир катар өлкөлөрүндө аскерий обьекттери жайгашкан. Алсак, учурда орус аскер күчтөрү Арменияда 50 гектар, Беларуста 850 гектар, Казакстанда 10 миллион гектар, Тажикстанда 4800 гектар жерин ээлеп турат экен. Ал эми Кыргызстанда болсо жалпы 924 гектар жерди Орусияга таандык объекттер ээлейт.

Кыргыз өкмөтү булардын ичинен жылына Казакстан 24 миллион доллар, Кыргызстан 4 миллион 700 миң доллар акы аларын, ал эми калган өлкөлөр өз аймактарын Москвага акысыз бергенин жүйө келтирүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG