Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 18:48

Кыргызстан Кремлди кыйбай турат


Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков. 2019-жыл.

27-февралда Москва шаарында Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын расмий ачылышы өткөнү жатат. Ага катышуу үчүн Кыргызстандан президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Москвага барды.

«Орусия-Кыргызстан эриш-аркак жылынын» жарыяланышы, президент Сооронбай Жээнбековдун Москвадагы сапары Батыш Борбор Азия менен саясий байланыштарын жандандырып жаткан убакка туш келди.

Бул окуяларды айрымдар Орусиянын аймакта аскердик-саясий туруктуулукту камсыз кылган ролун жогорулатуу дымагы менен да түшүндүрүшүүдө.

«Эриш-аркак жылын» жарыялоону Владимир Путин былтыр Кыргызстанда өткөн расмий сапарында сунуш кылып, аны Сооронбай Жээнбеков колдоого алган. Бул жылы эки өлкөдө маданият, билим берүү тармагы менен экономикалык байланыштарды чындаган бирдей иш-чараларды өткөрүү пландалган.

Буга байланыштуу орус басылмаларында «иш-чаралык мамиле», «Москва менен Бишкекти маданият, инвестиция менен курал-жарак байланыштырды» деген өңүттөгү баяндар жарык көрдү.

Кыргыз президентинин маеги

Сооронбай Жээнбеков Москвадагы эки күндүк иш сапарынын алдында орусиялык ТАСС маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берди.

«Орус тили расмий тил катары Конституцияда бекемделген. Ал макам калат жана өзгөртүлбөйт», - деп билдирди ал.

Президент ошондой эле учурда өлкөдө «латын арибине өтүү муктаждыгы жок», «латын арибине өтпөгөнүбүз туура чечим болгон» деп билдирди. Президенттин баамында республиканын маданий, илимий ийгиликтери кириллицага таянуу шартында жаралган.

Латын арибине өтүү боюнча акыркы жылдары кыргыз коомчулугунда демилге көтөрүлүп, бирок расмий колдоо тапкан эмес. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда, Өзбекстанда латын арибине өтүү жараяны уланып келатат.

Кыргыз президенти ТАСС маалымат агенттигиндеги маегинде «Кыргызстан Орусиянын эң ишенимдүү өнөгү, тарапташы» болуп келгенин айтып, мындай мамиле бекемделе берерине сөз берген. Кыргызстандын ЕАЭБге киргени туура чечим болгонун белгилеп, «биримдиктеги кемчиликтерди андан алган пайдабыз жаап жатат» деген.

Журналист бир катар мамлекеттер ЕАЭБге мүчө болуу маселесин талкуулап жатышканын, Кыргызстан беш жылдан бери бул уюмга мүчө болгон өлкө катары аларга кандай кеңеш бере аларына кызыккан. Ошондой эле «Расмий Бишкекти ЕАЭБ канааттандырабы? Сиздин көз карашыңызда эмнени өзгөртсө болот?» деп суроо берген.

«Биздин ЕАЭБге кирүү боюнча чечимибиз туура болгон. Биримдикке мүчө болуу боюнча чечимди кабыл алуу оор жана аны көп тараптуу караш керек. ЕАЭБге тигил же бул мамлекеттин кошулушу биримдиктеги беш мамлекеттин позициясынан да көз каранды. Мен биримдиктеги кемчиликтерди андан алган пайдабыз жаап жатканын ишенимдүү айта алам», - деди Жээнбеков.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, республиканын ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2019-жылдын январь-июнунда 1,2 млрд. АКШ долларын түзгөн. Бул 2018-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 11,7% төмөндөгөнүн түшүндүрөт. Ушул эле учурда экспорт 27,7%, ал эми импорт 6,1% азайган. Кыргызстандын ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң жогорку үлүшү Орусияга (59,6%) жана Казакстанга (38,2%) туура келет.

Талдоочулардын пикири

«Орус-кыргыз алакасы туруктуу өнүгүү жолунда» деп баалаган Орусиянын Илимдер академиясынын Борбор Азияны таануу борборунун илимий кызматкери Станислав Притчин мындай алака көбүнесе бир тараптуу көз карандылыкка негизделип калганын белгиледи:

Кыргызстан Орусиянын инвестицияларына, эмгек мигранттары менен өндүрүшү үчүн орус базарына муктаж.

«Орус-кыргыз алакасы туруктуу өнүгүү жолунда. Буга коопсуздук маселесинде эки тараптын тыгыз байланышы, Кыргызстандын Орусия менен кызматташтыктан экономикалык көз карандылыгы сыяктуу бир нече жагдайлар таасир этет. Советтер Союзу таркагандан бери орус-кыргыз алакасында олуттуу кризис деле байкалган эмес. Азыр болсо Кыргызстандын экономикалык абалына байланыштуу Орусия менен мамилесин, өнөктөштүгүн сактап калуу аябай маанилүү. ЕАЭБдин алкагында Кыргызстан Орусиянын инвестицияларына, эмгек мигранттары менен өндүрүшү үчүн орус базарына муктаж. Ошондуктан азыр саясий-экономикалык мамиле мүмкүн болушунча бир нукта өнүгүп баратканын көрүп турабыз».

Путиндин Бишкектеги акыркы сапарында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылганы белгилүү. Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков февралдын башында Канттагы авиабазанын аянтын кеңейтүү, аба соккуларынан коргонуу тутумун жайгаштыруу жана учкучсуз учактарды Кыргызстан менен чогуу-чаран колдонуу боюнча өзүнчө эл аралык келишим даярдалып жатканын Мамлекеттик Думада билдирген.

Москвадагы Стратегиялык баалоо жана божомолдоо борборунун директорунун орун басары Игорь Панкратенко «Независимая газетадагы» маегинде «Орусия чөлкөмдөгү өзүнүн аскердик-саясий туруктуулукту камсыздоочу башкы ролунан баш тартпай турганын» белгилеген:

«Албетте, дал ушундан Кремлдин көзүндө Бишкектин баалуулугу жогорулап жатат. Ташкент менен Нур-Султан Москва менен макулдашпай, кыймыл- аракеттерин өз алдынча жасап турганда бул өзгөчө маанилүү».

Ташкент менен Нур-Султан Москва менен макулдашпай, өз алдынча аракеттенип турганда бул өзгөчө маанилүү.

Жаңы макулдашууга ылайык, Орусия бирдиктүү базага караштуу жерди пайдаланганы үчүн Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң доллар төлөшү керек.

Ал эми Бишкектеги саясат талдоочу Алмаз Кулматов Орусия менен Кыргызстандын ортосунда «эриш-аркак жылынын» жарыяланышын жалпысынан жакшы демилге катары баалады:

«Кыргызстан менен Орусиянын мамилесин бекемдөөгө кошумча шарт түзө турган маданий иш-чара деп кабыл алсак болот. Мамлекет башчысынын барып жатканы, салмагын белгилеп жатканы дурус эле. Жоопкерчиликтүү өнөктөш экенибизди белгилеп койгонубуз жакшы».

Ошол эле кезде талдоочу Бишкек мындай саясий-дипломатиялык алаканы бардык мамлекеттер менен тең салмактуу, бирдей жүргүзсө деген оюн да кошумчалады:

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

«Ташкент АКШнын базасын унчукпай эле жайгаштырып алды. Нур-Cултан да Вашингтон менен мамилесин бекемдеп жатат. Бирок Москвадан алар алыстап кетти дегенге болбойт. «Же тигил же бул» деп тандабай, ар тараптуу саясат жүргүзө албаганыбыздан бир гана Орусияны «бир боор энем» деп, этегин кармаганга жакындап калдык. Болбосо биз АКШ, Кытай, Жакынкы Чыгыш менен да, Орусия менен да бир тараптуу эмес, ар тараптуу мамилени кармансак болмок. Тилекке каршы, азыркы абалыбыздан чыга албай жатат окшойбуз. Мисалы, Кыргызстандын энергетикалык өз алдынчалыгы орусиялык бир компанияга байланган абалга жетип калбадыкпы. Өзбекстан менен Казакстан болсо ал чекке жетпейли деп жатышат да».

Азыркы кезде орусиялык «Газпром» компаниясына Жалал-Абад облусунда мунай менен газ өндүргөн «Кыргызмунайгаз» компаниясынын активдерин сатуу боюнча өкмөттүк деңгээлдеги макулдашуулар бар.

Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эки өлкөнүн президенттеринин катышуусу менен Кремль сарайында өтөт. Жээнбековдун Москвадагы эки күндүк иш сапарында, мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлагандай, орус премьер-министри Михаил Мишустин, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугушуулар пландалган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (75)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG