Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 19-февраль, 2020 Бишкек убактысы 08:03

Кыргызстан эки уюмдун тең тилин тапкысы келет


Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы кеңсеси. 26-июль, 2018-жыл.

Парламентте Дүйнөлүк соода уюму бажы тарифтерин көтөрүүгө байланыштуу Кыргызстанды 300 миллион долларга чейин айыпка жыгышы мүмкүн экени айтылды. Женевада жайгашкан эл аралык уюм бул маалыматты ырастаган жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 5-февралда парламентте өлкө Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчөлүккө кабыл алынган беш жылдыктын алдында Кыргызстан өзүнүн баштапкы өнөктөшү Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) отчёт берүү мезгили жакындап калганын эске салды. Бул тууралуу депутат өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев экономика жана ЕАЭБдин иштери боюнча вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин парламентке сунуш кылган учурда суроо берди.

Каныбек Иманалиев ЕАЭБге киргенде Кыргызстан ДСУнун кээ бир эрежелерин бузганы үчүн ири өлчөмдө акчалай айып төлөөгө кириптер болуп жатканын айтты:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Быйыл ДСУга милдеттенмелерди алган өлкө катары бул уюмдун алдында биздин өкмөт отчёт бере турган жыл. Кыргызстан мындан беш жыл мурун ЕАЭБге мүчө болуп киргенине байланыштуу биз ДСУнун кээ бир эрежелерин буздук. Эми ошого байланыштуу уюм койгон санкциянын негизинде ири өлчөмдө акчалай айып төлөшүбүз зарыл. Эксперттер «250-300 миллион доллар болушу мүмкүн» деп айтышууда. Бул маселени жөнгө салуу боюнча өкмөттүн атынан сүйлөшүүлөрдү кимдер жүргүзөт? Кыргыз өкмөтү ошого даярбы?»

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан ДСУнун мүчөсү катары кезектеги отчёт берчү учуру чынында эле жакындап калганын айтып, бул отчёттук мезгил ичинде Кыргызстан аталган эл аралык уюм менен түзгөн келишимде каралган милдеттенмелерин аткарууда маселе бар экенин моюнга алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе сүйлөшүүлөр жолу менен чечиле турганын билдирди:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Учурда ДСУ боюнча маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Ал жерде чынында эле сиз айткан маселелер бар. Ошол уюм менен болгон келишимдеги биз өзүбүзгө алган милдеттенмелер маселесин сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечиш керек. Анткени биз өзүбүзгө алган милдеттенмелердин айрым пункттарын аткарууда маселе бар. Азырынча аны ачык айтпай эле турайын».

Баш калаасы Женевада жайгашкан уюм Кыргызстанга айып пул салынышы мүмкүн деген маалымат боюнча "Азаттыкка" түшүндүрмө берди. "ДСУ финансылык жаза чектебейт. Андыктан Кыргыз Республикасына уюмдун эрежелерин бузганы үчүн 300 миллион доллар айып пул салат деген кабар так эмес", - деп айтылат уюмдун "Азаттыкка" жолдогон электрондук катында.

Катта белгиленгендей, ЕАЭБ киргенден улам пайда болгон тариф милдеттенмелерине байланыштуу Дүйнөлүк соода уюмунун башка мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөргө катышып жатат.

"Бул процесстин алкагында, эгер башка мүчө мамлекеттер тариф милдеттенмелериндеги өзгөрүүлөр кыргыз рыногуна мурдагыдай жагымдуу шартта кирүү мүмкүнчүлүгүн азайтып койду деп ишенсе, кенемте талап кылышы ыктымал. Бирок сүйлөшүүлөрдө базарга кирүү мүмкүнчүлүгүн баланстоо үчүн тарифтерди жогорулатууга же азайтууга көңүл бурулат. "Айып пул" жөнүндө сөз жок, - деп айтылат уюмдун жообунда.

Бажы тарифтерине байланышкан доомат

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров ДСУнун Кыргызстанга карата дооматы мурдагы бажы тарифтерин өзгөртүп, анын өлчөмүн ЕАЭБдин алкагында жогорулатууга байланыштуу экенин айтып берди:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

«ДСУнун талабына ылайык, бир катар товарларга бажы төлөмдөрү төмөн болчу. Биз ЕАЭБге мүчө болгондо анын өлчөмү көтөрүлдү. ДСУ менен түзүлгөн келишим боюнча ага кирген мамлекеттер бажы төлөмдөрүн кайра карап, анын өлчөмүн көтөрсө, анда анын кенемтесин төлөп берүүгө тийиш. Андагы кенемтени төлөө маселеси Кыргызстандын соода алакасы бар, ДСУнун курамындагы мамлекеттер менен сүйлөшүлөт.

Буга чейин ДСУдагы төрт мамлекет Кыргызстанга доомат коюп, кенемте төлөөнү талап кылган. Мына ошол мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Бул жерде ДСУ кенемте өндүрүш үчүн сотко берет же өлкөнүн соода байланышын чектеген башка санкция колдонушу мүмкүн. Адатта мындай маселелер сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет».

Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирип жатканда ошол кездеги өкмөт «ЕАЭБ менен ДСУнун талаптарында анча айырма болбогондуктан, өлкө эки бирдей уюмга мүчөлүктү кабыл алган шартта деле ага карата акчалай айып же кандайдыр бир чектөөлөр салынбайт» деп ишендирген эле.

Кыргызстандын Соода палатасынын биринчи вице-президенти Амангелди Давлеталиевдин айтымында, Кыргызстан ЕАЭБдин шарттарын кабыл алгандыктан, айырмачылыктар күн мурунтан белгилүү болгон деп эсептейт.

«Экономика министрлигиндеги Дүйнөлүк соода уюму менен иштешкен атайын департамент бар, - деди ал. - Ошол департамент бул маселени мурда эле юридикалык жагынан карашы керек болчу. Анткени ЕАЭБге кирип жатканда анын шарттарын кабыл алып, макул болгонбуз. Мында «ЕАЭБ боюнча кабыл алынган шарттар колдонулат жана ДСУнун талаптары экинчи планга өтөт» дегенбиз. Бул иштерди Экономика министрлиги жүргүзгөн. Ошол кезде буга окшогон маселелер алдын-ала чечилиши керек эле».

Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдөн алгачкылардан болуп 1998-жылы ДСУга кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап, анын толук укуктуу мүчөсү болгон.

Дүйнөлүк соода уюму 1995-жылы соода алакаларын жөнгө салуу жана эл аралык соода байланыштарын либералдаштыруу максатында негизделген. 2015-жылы Кыргызстан бир эле учурда Орусия, Армения, Казакстан, Беларус мүчө болгон ЕАЭБге кирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (18)

XS
SM
MD
LG