Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 06:01

Утушунан убарасы көп ЕАЭБ


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Кыргызстандан барган азыктарды артка кайтарды. Бул азыктардын тиешелүү документтери жана сапат сертификаты болгон эмес. Орусия акыркы учурда Кыргызстандан ташылган тонналаган жашылча-жемишти өз аймагына киргизүүдөн баш тарткан учурлар көбөйүүдө.

8-ноябрдан 14-ноябрга чейинки аралыкта Кыргызстан менен Казакстандан Орусияга 138 тонна жашылча-жемиш киргизилген эмес. Анын ичинде роза гүлүнүн 44 миң даана көчөтү да бар.

Россельхознадзор мекемесинин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, азык-түлүк жана суусундук тиешелүү документтери жана сапат сертификаттары жоктугуна байланыштуу Орусиянын базарына киргизилген эмес.

Натыйжада Казакстандан помидор, калемпир жана мандарин, ал эми Кыргызстандан төө буурчак, тазаланган жаңгак менен жер жаңгак киргизүүгө тыюу салынган. Ошондой эле артка кайтарылган азыктардын ичинде 500 литр өлчөмүндөгү «Чалап-Шоро» суусундугу да бар. Анын да тиешелүү ветеринардык документи жок деп табылган.

Бирок «Шоро» компаниясынын PR менеджери Канат Кубатбеков бул суусундуктар компаниянын атынан жиберилген эмес деп билдирди:​

- Жетекчилик менен бирге бул ишти иликтеп жатабыз. Бирок милицияга кайрылуу планыбызда жок. Биздин документтерибиз толук. Мыйзамсыз иштерге тиешебиз жок.

Кубатбековдун айтымында, «Шоронун» азыктары Казакстан менен Орусияга экспорттолот жана компания ЕАЭБ талап кылган шарттарды толук сактайт.

Дегеле Кыргызстандан Орусияга ташылган азыктардын артка кайтарылышы биринчи жолу болуп жаткан жок.

Сентябрда 100 миңдеген тонна өндүрүм Челябинск, Омск, Новосибирск облустарына жеткенде «маркировкасы жок жана фитосанитардык сертификаты туура эмес» деген жүйө менен чек арадан өткөрүлгөн эмес.

«Ишкерлер күнөлүү»

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинде Өсүмдүктөрдүн карантини департаментин жетектеген Илич Марсбек уулу ишкерлер жоопкерчиликтен качканы үчүн ушундай кырдаалга туш болуп жатат деп эсептейт. Анткен менен ал сегиз айдан бери Кыргызстандын өндүрүмү чек арадагы текшерүүлөрдөн өтпөй калганы тууралуу Орусиянын органдарынан бир да билдирүү келбегенин айтты:

- Сыртка экспорттолгон товар тийиштүү кагаздардын коштоосунда барышы керек. Каякта өндүрүлгөнү тууралуу толук маалымат болушу керек. Эң негизги документ катары фитосанитардык сертификат болушу зарыл. Анткени биз атайын лабораториядан текшерип, таза өндүрүмгө гана уруксат беребиз. Башка өлкөлөрдүн астында биздин жоопкерчилигибиз бар. Биз да башкалардан ошондой шартты талап кылабыз. Мисалы, бизде да Кытай менен Өзбекстандан келген айрым товарларды артка кайтарган учурлар болгон. Биз ЕАЭБге киргенде бажыдагы фитосанитардык көзөмөл алынган. Анткени биримдикке кирген өлкөлөрдүн соода алакасы эркин болушу керек. Бирок бул «чириген картөшкөңдү жүктөп алып Казакстанды же Орусияны көздөй жөнөй берсең болот» деген сөз эмес да?

Илич Марсбек уулу Орусиянын чек арасынан артка кайтарылган өнүмдөр үчүн документтерге көңүл кош мамиле кылып, тобокелдикке барганы үчүн ишкерлерди айыптады. Бирок ошол эле маалда «Орусия Кыргызстандын азыгын артка кайтарды» деп маалымат таратканы менен андан кийинки кадамдар тууралуу маалыматтын жоктугуна кейиди:

«Кыргызстандан келген азык артка кайтарылды» деп жазылып турбайбы. Бирок ал азыктар Кыргызстанга кайра келген жок.


- Орусиянын маалымат сайтында «Кыргызстандан келген азык артка кайтарылды» деп жазылып турбайбы. Бирок ал азыктар Кыргызстанга кайра келген жок. Биз, тескерисинче, аларга кайрылып жатабыз. Мисалы, мен Орусияга төрт жолу кат жаздым. «Бизге дипломатиялык каналдар менен расмий нота жибергиле же болбосо ошол азыктарды жеринде жок кылып башкаларга сабак кылгыла» деп жатабыз. Алардын бул кадамына биздин кызыкчылыгыбыз болуп жатат. Мындай көрүнүш мамлекеттин кадырын жана башка таза иштеген ишкерлердин атын булгап жатат.

Департаментте быйыл Кыргызстандан жашылча-жемиштерди экспорттоого 29 425 сертификат берилген.

Талаада иштеген өспүрүмдөр.
Талаада иштеген өспүрүмдөр.

Азыр Кыргызстанда фитосанитардык лабораториялар Чүй, Ош, Ысык-Көл, Талас облустарында иштейт. Дагы бир лаборатория Нарын облусунда салынууда, ал эми Жалал-Абад менен Баткен облусунда лабораториянын курулушу 2020-жылга пландалган.

Сапатты ойлогонго мезгил жетти

Таластык дыйкан Азамат Алсеитов кийинки убакта дыйкандар «мол түшүм алабыз» деп химиялык жер семирткичтерди нормадан ашык колдонуп жатышканын белгиледи. Ушундан улам ал төө буурчактын сапаты начарлап, эл аралык стандартка жооп бербей жатат деген пикирде.

- Биз жерибизди ашыкча ууландырып койдук, - деди ал. - «Дары менен сапатын жогорулатабыз, отоо чөптөрдү тазалайбыз» деп нормадан көп колдонуп жатабыз. Ушундан улам жердин асылдуулугу кетип, түшүмдүн сапатына баа берүү кыйын болуп калды. Бирок бардыгы ушундай начар деп айтуудан алысмын. Ал эми өндүрүмгө сертификат алуу жеңил эмес. Бюрократия бар. Кезекке үч-төрт күндөп туруп калабыз. «Аны күтүп, убакыт короткондун ортуна ортомчуга сатып жиберген оң» дегендер көп. Биз төө буурчактын сапатына өзгөчө көңүл бура турган убак келди.

Ошол эле учурда азык-түлүк сактоочу чакан кампалардын кожоюндары да ушул сыяктуу эле кыйынчылыктар менен алышып жатканын билдиришет. 400 тонналык сыйымдуулугу бар кампанын ээси, Жалал-Абаддагы «Абил» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Гүлназ Эргешова мындай деди:

- Биздин логистикалык борбор евростандарттын талаптарына жооп берет. Нымдуулукту бир калыпта сактайт. Бирок дыйкандар бизге көп кайрылбайт. Ижара акысынан качышат.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийинки алгачкы жылдары Казакстан менен Орусия Кыргызстандан эт жана сүт азыктарын сатып алуудан баш тарткан. Бир нече жылдан кийин гана айрым ишканалар өндүргөн товарларга уруксат берилген.

Кыргызстан ЕАЭБге жаңы мүчө болуп кирген жылы бийлик «өлкө өз товарларын 200 млн. керектөөчүсү бар базарга сата алат» деп ишендирүүгө аракеттенген жайы бар. Бирок андан бери беш жыл өтсө да дыйкандар анын жемишин көрө элек экенин айтып эле келе жатышат.

ЕАЭБге эрте мүчө болгонбуз

Экономикалык эксперт, бизнес-консультант Азамат Аттокуров - «Кыргызстан бул биримдикке мүчө болуп кириши керекпи же жокпу?» деп иликтөө жүргүзгөн эксперттик топтун мүчөсү. Ал Кыргызстан даярдыгы жок эле ЕАЭБге эрте мүчө болуп алган деген пикирде.

- ЕАЭБге аябай шашып кирип алганбыз, - деди ал. - Бизге эң ыңгайлуу жагдайы «күтүп туруу» дегени болчу. Баш тартуу же кирүү эмес, убакытты созуу болчу. Анткени биз биримдикке кошулган өлкөлөрдүн абалына көз салып турмакпыз. Мына, жаңы жылдан кийин автоунааларга байланыштуу маселеге дуушар болгону турабыз. Армения же Тажикстан биримдикке кошулгандан кийин гана байкап көрсөк болмок. Биримдикке киргенге чейин эле бизде «эркин соода жүргүзүү» келишими бар болчу. Ошонун негизинде биз тоскоолу жок эле соода кылчубуз да. Мисалы мындай келишим Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда бар. ЕАЭБ жок эле Өзбекстан өз өндүрүмүн ээн-эркин экспорт кылып жатат. Кыскасы, ЕАЭБдин артыкчылыгы жок.

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин бир катар кыйынчылыктарга туш болду деп эсептейт.

21-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал өкмөттү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого чакырып, ЕАЭБдин алкагында кыргызстандык ишкерлер ишин илгерилете албай жатканына токтолду:

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

- ЕАЭБдин алкагында акча каражатынын эркин өтүшүнө чек болду. Ун кымбаттап, ун тармагы жок болду. Айыл чарба өндүрүмү Орусиянын чек арасынан кайра келип жатат. Кечээ автоунаалардын бажы төлөмү боюнча сунуш, тилекке каршы, өтпөй калды. Текстиль тармагын да мындай акыбал менен эртең жоготобуз.

Жашылча-жемиштен тышкары «фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербейт» деген негизде Орусияга бал, сүт жана эт азыктары киргизилбей калган учурлар да болот.

Орусияга товар ташыган ишкерлер чек араларда фитосанитардык текшерүүлөрдө улам жаңы эреже киргизилип, кошумча кагаздар талап кылынып, айрым учурда ачык эле паракорлук менен коштолорун белгилешет.

2019-жылдын биринчи жарымында Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттерине 257 миллион долларлык товар экспорттогон. Бул өлкөлөргө 2018-жылдын алгачкы алты айында 356 миллион доллар товар сатканын белгилесек, быйыл 100 миллион долларга артка кеткен. Бишкек биримдикке киргенден кийин бажы алымдары азайып, эми гана 41 миллиард сомго жетип отурат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин англис тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (33)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG