Линктер

бейшемби, 14-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:16

Логистика оңолбосо соода жүрүшпөйт


Президент Сооронбай Жээнбеков “Агропродукт Азия” соода-логистикалык борборуна барган учуру. 2019-жылдын январь айы.

Кыргызстанда эл аралык стандарттарга төп келген соода-логистикалык борборлордун саны кайрадан кыскарды. Мурдараак алардын саны он бешке чейин жетсе, буюртмалардын жоктугунан улам бешөө жабылып калды.

Өлкө Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийин өкмөт аталган борборлор кеминде жыйырмадан ашарын убада кылган. Бирок бийлик айыл чарба азыктарын сактаган кампаларды ишкерлер курушу керектигин айтып, анын көбөйбөй жатышын рыноктогу реалдуу шарт менен байланыштырууда.

Бул жолу “Элдик экономика” түрмөгүнөн Кыргызстандагы соода-логистикалык борборлор жөнүндө кеп кылабыз.

10 борбордун баяны

Азык-түлүк сактоочу жайлар жөнүндө сөзүбүздү Чүйдөн баштайлы.

Аталган облустун Сокулук районундагы “Агропродукт Азия” жоопкерчилиги чектелген коому Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген жылы соода-логистикалык борборун ачкан. Беш жыл аралыгында фирма сактай турган товарынын көлөмүн арттырып, ишмердүүлүгүн да кеңейткенге жетишти.

Борбордун директору Алымбек Батырбек уулу жагдайын мындайча айтып берди.

- 2015-жылы ачылганбыз. Башында биз муздак сактоо менен гана алектенип келдик. Анда да болгону 3 миң тоннага чейин гана сактай алат болчубуз. Азыр 7 жарым миң тоннага чейин батырганга мүмкүнчүлүк бар. Биз негизи элден алма сатып алып, сактап анан кайра сатыкка чыгарчубуз. Аймактардан, Ысык-Көлдөн, Оштон, Баткенден алдырып келчүбүз. Бирок бара-бара акырындап өзүбүздүн өнүмдөрдү көбөйтүп баштадык. Себеби биздин багбандар өндүргөн алмалар стандарттарга туура келбей калып жатат. Ошондон улам былтыртан баштап өзүбүз алма бак тиккенге өттүк. Азыр 60 гектар тигилип турат, быйыл биринчи мөмөсүн алдык. Алманын көчөтүн Италиядан алып келип эккенбиз, түшүмдү мол берди. Быйыл дагы 40 гектарды даярдап жатабыз, келерки жазда ал жерге да бак тигебиз. Жылда 2-3 миң тоннадай алманы сактап, Орусияга, Казакстанга, Монголияга чейин сатчубуз. Быйыл бак тигип алганыбыз үчүн акчабыздын көбү ошого кетип, 400-500 тоннадай гана алма камдай алдык.

Аталган фирма мурдараак борбордо өзүнүн гана азык-түлүктөрүн кармап келсе, жакындан тарта башка дыйкандардын да товарын сактап берүүгө өттү.

- Бизде муздаткычта эң кичинекей деген камерабызга 100 тонна азык-түлүк батат. 200 тонна, 400 тонналыктар да бар. Бир дыйкандыкы анча чыкпайт, ашып кетсе 20-30 тоннадан болушу ыктымал. Ошол себептүү ишкерлер, алып сатарлар, дыйкандар, багбандар уюшуп алышып бизден бир камераны алып товарларын чогуу сакташат. Маселен быйылкы жылга камера менен эмес, жалпы көлөм менен айтсам 3,5 миң тонна азык-түлүк киргизишти. Калганына дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, - деди “Агропродукт Азия” соода-логистикалык борборунун жетекчиси Алымбек Батырбек уулу.

“Агропродукт Азия” фирмасы сактап жаткан алма.
“Агропродукт Азия” фирмасы сактап жаткан алма.

Ишкерлер демекчи, дыйкандар жана багбандар азык-түлүк кампасында негизинен алма, картөшкө, капуста, сабиз, пияз сыяктуу жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди сакташат. Алар ушул эле товарларды мурдараак үйлөрүндө же жертөлөсүндө кармап келсе, эми заман талабына ылайык логистикалык борборлор менен кызматташа башташты.

Чүйдөгү ишкерлердин бири Ташмат Арзыматов буларга токтолду.

- Биз капуста алып, сактап, сатуу менен алектенебиз. Буга чейин короого көөмп, камыш менен жаап салчубуз. Былтыртан тарта ушул “Агропродукт Азия” фирмасынын муздаткычында сактап келе жатабыз. Жазга чейин жакшы сакталды. Жоготуу да азыраак болот экен. Камышта сактаганда бир ачканда баарын сатыш керек болчу, болбосо калганы чирип кетет эле. Мында болсо четинен алып, каалашыбызча чыгарып сата берет экенбиз. Саткым келгенде бир машине чыгарып кетем. Ошого быйылтан тарта ушул логистикалык борбордо сактайбыз деп турабыз. Биз үч-төртөөбүз биригип 100 тонналык камераны алдык, себеби мен жалгыз анын баарын толтура албайт болчумун.

“Агропродукт Азия” соода-логистикалык борбору.
“Агропродукт Азия” соода-логистикалык борбору.

Албетте, сактоочу кампага өздөрүнүн өнүмдөрүнөн башка азыктарды киргизбеген логистикалык борборлор да бар. Мындай топко Нарын облусунун Кочкор районундагы "Υрөндүк картөшкө" ("Семенной картофель") фирмасы да кирет.

Борбордун жетекчиси Курманбек Оторов мунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биздин соода-логистикалык борборубуздун сыйымдуулугу 1,5 миң тонна. Туурасы 20, узуну 50 метр. Орусиядан келген шамалдатуучу жабдуу менен кармайбыз. Муздап баратса жылыйт, жылып баратса муздатат. Нымдуулугун, башка нерселерин азыркы заманбап талапка ылайык компьютер менен карап турабыз. Дыйкандарга үрөн сатабыз. Эл ичинде сатылып жаткан азык-түлүк картөшкөлөрү да, биздики болсо “Пикассо”, “Латано” жана “Романо” аттуу үрөн сапатындагы көртөшкө. Аралаштырып жиберсек, оорусу жугат, курту жугат дегендей, ошондон улам элдикин кампада сактай албайбыз. Кыргызстандан сырткары Өзбекстанга, Түркмөнстанга сатып жатабыз. Кытайга да чыгаралы деген планыбыз бар, - деди ал.

Соода-логистика борборунда сакталган картөшкө.
Соода-логистика борборунда сакталган картөшкө.

Кыргызстандагы азык-түлүк сактоочу жайларды Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги эки топко бөлүп карайт. Биринчиси үйдө, тамда же ишканада уюштурулган чакан кампалар. Булардын сыйымдуулугу 5-10 тоннадан башталып, 400-500 тоннанын тегерегине чейин болушу мүмкүн.

Экинчиси миң тоннадан ашык азык-түлүк бата турган ири кампалар. Министрлик ушул экинчи топту гана соода-логистикалык борбор деп атайт.

Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башкы адиси Бекжан Жолоевди кепке тарттык.

- Биздин мониторингге ылайык, Кыргызстанда эл аралык стандарттарга туура келген он соода-логистикалык борбору бар. Анын ичинде Чүй облусунда үчөө, Ысык-Көлдө бирөө, Нарында бирөө, Жалал-Абадда бирөө жана Ош облусунда төртөө. Белгилеп койчу жагдай, булардан сырткары Кыргызстандын аймагында жашылча жана мөмө-жемиш сактоочу 224 кампа бар. Тагыраагы Чүйдө 107, Ошто 17, Ысы-Көлдө 38, Таласта 14, Баткенде 26, Нарында 4 жана Жалал-Абадда 18 сактоочу жай бар. Бул кампаларды биз логистикалык борбор деп атай албайбыз, анткени алар Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына толук жооп бербейт. Соода-логистикалык борбор экспортко чыгара турган, фитосанитардык лабораториялардан өтүп сертификат алган, жаңы технологиялар менен иш алып барган, кыскасы биримдиктин талаптарына туура келген жайлар аталат. Мындай борбордо ташуу, кайра иштетүү жагы да жолго коюлушу керек. Эң башкысы көлөмү миң тоннадан ашык азык-түлүктөрдү сактоого мүмкүнчүлүгү болушу керек, - деди.

Демек, жогоруда аталган талаптарга жана эл аралык стандарттарга төп келген соода-логистикалык он борборду тактап алсак, Чүйдөгү үчөөнө “Агропродукт Азия” фирмасынан башка “Кыргыз центр продукт” жана “Дордой дыйкан” борборлору кирет экен.

Нарындагысы алдыда айтылгандай "Υрөндүк картөшкө", Балыкчы шаарындагысы “Оберон” жана Жалал-Абаддын Ноокен райондогусу “Рустамбек” деп аталат. Ош облусунун Араван районунда “Араван агро сервис” ишканасы жана Кара-Суу районунда “Туран Групп” деген борборлор иштесе, аравандык ишкер Шавхатбек Абдуллаев менен ноокаттык ишкер Якубжан Алимжанов өздөрүнүн ысымы менен борбор ачышкан.

Бирок кезинде, тагыраагы мындан эки-үч жыл мурда эле Айыл чарба министрлиги тааныган логистикалык борборлордун саны 15ке жеткен учур да болгон. Бир нечеси буйрутмалардын жоктугунан жабылып калса, кээ бири түрдүү себептерден улам убактылуу токтоп турат.

Калганы качан курулат?

Кыргызстан 2015-жылы Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулгандан кийин өлкөдө азык-түлүктөрдү, жашылча, мөмө жана кургатылган жемиштерди сактоочу жыйырмадан ашык соода-логистикалык борбор курулары айтылган. Өкмөт мунун баары 2023-жылга чейин салынышы керектигин, андан да аны мамлекет эмес жеке тарап курушу керектигин билдирет.

Министрликтин өкүлү Бекжан Жолоевдун оюн угалы:

- Биз бир нерсени жакшы түшүнүшүбүз керек. Өкмөт, биздин министрлик соода-логистикалык борборлорду курбайбыз. Биз программаны иштеп чыктык, бүт шарттарды түзүп бердик, салык кодексине преференцияларды киргиздик. Экспортко чыгарууга фитосанитардык сертификаттарды берип жатабыз, башкача айтканда милдетибизге ылайык болгон бардык чараларды көрүп жатабыз. Эл аралык уюмдарды чакырып, алардын каражаттарын тартып жатабыз. Биз болгон шарттарды түзүп, болгон жардамыбызды бердик. Ал эми рыноктук шартта логистикалык борборлорду жеке ишкерлер курушу керек. Мүмкүнчүлүгү барлар курушу керек, калган дыйкан-фермерлер ошол жерге азык-түлүктөрүн сакташы керек. Биз ошого чакырып кетебиз. 2023-жылга чейин мамлекет жеке сектор менен чогуу буга чейинкилерден сырткары 11 логистикалык борбор курууну убада кылган. Азыркылардын ичинен экөө ушул топко кирет, калган сегизи мурдараак курулгандар, - деди Жолоев.

Логистикалык борборлордун биринин ачылышы.
Логистикалык борборлордун биринин ачылышы.

Баса, жогоруда Баткен менен Талас облусунда эл аралык талапка жооп берген бир да соода-логистикалык борбор жоктугун уккан эмес белек. Өкмөттүн аталган облустардагы өкүлчүлүктөрү аймактарда бул жааттагы долбоорлор келерки жылдары ишке ашат деп ишендирүүгө аракет кылышты. Буга чейин бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан дешти.

Бир нече жылдан бери өкмөттүк жана башка деңгээлде сүйлөшүлүп, салынышы мүмкүн деген соода-логистикалык борбордун долбоору Нарында да бар. Андагы борборду жеке компания Кытай тарап менен биргеликте курат деп айтылууда.

Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Жумагул Тентимишов ал жөнүндө мындай деген оюн билдирди:

- Бул долбоор үчүн 200 гектар жер тилкеси бөлүнүп “Нарын” эркин экономикалык аймагына өткөрүлүп берилген. Анын 24 гектарына Бажы кызматына керектүү түйүндөрдү, имараттарды салат экен. Калган 176 гектарга кыргыз-кытай биргелешкен соода-логистикалык борборун салуу сунушу болуп жатат. Иш-кагаздары бүттү, техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Ошолор аяктаса анан курулуш иштери башталат. Бул Казакстандагы “Хоргостун” деңгээлинен жогору соода-логистикалык борбору болот деп жатышат. Анын ичинде сактоо кампасынан сырткары, тигүү ишканасы, этти кайра иштетүүчү ишканалар да курулат. Орточо алты-жети миң адамдык жумушчу орун түзүлөт. Алып сатарлар “Хоргоско” барбай, ушул жерден соода кылгыдай болот.

Кыргызстандагы соода-логистикалык борборлордун бири.
Кыргызстандагы соода-логистикалык борборлордун бири.

Ырас, азыр ансыз да Кыргызстандагы ири соода-логистикалык борборлордун жана чакан кампалардын бардыгы менчик, жеке ишкерлерге караштуу. Алар негизинен өздөрүнүн кирешесинен же насыя алып салып жатышат. Бирок эксперттер муну жолго коюу үчүн ирилештирип, мамлекет өзү курушу керек эле дейт. Экономист Эркин Абдразаковду оюн угалы:

- Биринчиден логистикалык борбор эмне үчүн курулат дегенди тактап алышыбыз керек. Муну биздикилер адашып эле айтып жүрүшөбү дейм да. Логистикалык борбор дегенде ал эл аралык деңгээлде төп келген, сертификаттарын башка мамлекеттер, куру дегенде биримдиктеги өнөктөш мамлекеттер тааныгыдай болушу керек, бирдиктүү стандарты болушу керек. Мына Кытай менен Казакстандын ортосунда курулган “Хоргос” чыныгы соода-логистикалык борбор. Биздикилер болсо төрт муздаткычты орнотуп, кампа куруп коюп эле логистикалык борбор деп атап алып жатышат. Бул өзүбүздү өзүбүз алдагандыкка барабар. Анткени аларда “калибровка”, “маркировка” дегендерин ишке ашыруу, таңгактоо, транспорттук тейлөөнү аткаруу дегендери жакшы жолго коюлган эмес. Мына ушунун баары биригип анан логистика дегенди түзөт. Азыр чыккан товарлар Казакстандын, Орусиянын чек арасынан өтпөй калып жатканы бул талаптардын көбү ал борборордо жоктугун далилдеп турат. Менин оюмча, онду-жыйырманы курабыз дегендин өзү туура эмес. Андан көрө ар бир облуска бирден эле ири соода-логистикалык борборлорун салып коюшса болмок. Аны ар бир аймактын приоритеттерине жараша мамлекет өзү куруп, ишкерлердин өнүмдөрүн ошол жерде сактоону макулдашышы керек.

Кыргызстандагы соода-логистикалык борборлордун биринин кампасында сакталган товар.
Кыргызстандагы соода-логистикалык борборлордун биринин кампасында сакталган товар.

Абдразаков ошондой эле Кыргызстанда чет жакка экспорттой турган азык-түлүк товарларынын көлөмү аздыгын, анан ошондой шартта ири соода-логистикалык борборлорун куруу татаал экендигин эскертүүдө.

- Мына биздикилер байма-бай Орусияга каттап жатышат, “дос бололу дешет, байланыш түзөлү” дешет. Бирок алар талап кылган көлөмдү камсыздай алышпайт. Алар айткан талап менен келишим түзүп келгендерди деле көрө элекмин. Биздеги чоң деген логистикалык борборлору бир миң-эки миң тонна жөнүндө сөз болуп жатат. Аны Орусияда же Казакстанда бир эле супермаркет сатып коёт. Аларга кеминде он миңдеген, жүз миңдеген тонналар керек. Ошондуктан биздин өкмөт дагы, ишкерлер дагы масштаб жөнүндө кеп кылышы керек. Өзүбүздө жок болсо, Кытайдан алып келип аларга кайра реэкспорт кылмак белек, - деди эксперт Эркин Абдразаков.

“Иштегендери деле жыргап кеткен жок”

Чын-чынына келгенде азыркы иштеп жаткан соода-логистикалык борборлор деле түрдүү көйгөйлөрдөн башы чыкпай келатат. Анын ичинде биринчи кезекте кайра эле фермерлердин жана багбандардын маалыматынын жоктугу. “Агропродукт Азия” соода-логистикалык борборунун жетекчиси Алымбек Батырбек уулу кайрадан сөзгө кошулду.

- Мисалга алманы эле алалы. Биздин багбандар алманы тиккенден баштап эле ката кетиришет. Эски уруктарды колдонушат, дарыларды туура эмес пайдаланышат, нормадан ашып кетет. Экинчи этапта аны теришкенде урунду кылып коюшат. Жүктөгөнү, түшүргөнү да туура эмес. Тергенден кийин беш сааттын ичинде муздаткычка кириши керек. Бизде болсо үзгөндөн кийин бир аптадан кийин алып келишет. Бул маселенин биринчи жагы. Экинчи жагы багбандар, фермерлер ушул соода-логистикалык борборлордун маанисин сезбей жатышат. Бул жааттагы сабатсыздыкты баарылап чогуу жоюшубуз кажет.

Кыргызстандагы соода-логистикалык борборлордун бири.
Кыргызстандагы соода-логистикалык борборлордун бири.

Ошол эле учурда азык-түлүк сактоочу чакан кампалардын кожоюндары да ушул сыяктуу эле көйгөйлөр менен алышып жатканын билдиришет. 400 тонналык сыйымдуулугу бар кампанын ээси, Жалал-Абаддагы “Абил” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Гүлназ Эргешова мындай деди.

- Дыйкандар соода-логистикалык борборлоруна көнө элек. Аны эл түшүнүп жетпей жатат. Анда сактагандан көрө дароо сатып кутулсам деп жатышат. Мындан сырткары электр энергиясынан кыйынчылыктар бар. Биз коммерциялык баа деп 2,53 тыйындан төлөйбүз. Биздики өндүрүүчү эмес, жөн эле сактоочу кампа да. Ошондуктан арзандатып беришсе болмок. Ошондой эле насыя алуу жагынан көйгөйлөр бар. Соода жүгүртүүнү кеңейтип, борборубузду чоңойтоюн десең акча ала албайсың. Мамлекет “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору деп, жеңилдетилген насыяларды берет деп айтышкан. Анысын 6% деп айткан менен барсаң, 21% айтышат, бир туруп акча жок дешет. Кыскасы, бул тармактын деле өзүнүн чоң көйгөйлөрү бар.

Кыргызстандагы соода-логистикалык борборлордун бири.
Кыргызстандагы соода-логистикалык борборлордун бири.

Маалым болгондой, жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталган. Эки жыл бою “Фермерлерге жеткиликтүү насыялар” деп аталган долбоор, 2013-жылдан тарта «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору деп атала баштаган. Эгер жалпы эсептесек, ушул тогуз жылда 30 млрд. 961 миллион сом жеңилдетилген сумма менен насыя катары берилди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG