Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Орусия тонналаган азыкты артка кайтарды


Баткендеги кайра иштеткен өндүрүш заводу. USAID долбоорунун сүрөтү.
Баткендеги кайра иштеткен өндүрүш заводу. USAID долбоорунун сүрөтү.

Орусия акыркы үч жума ичинде Кыргызстандан ташылган тонналаган жашылча-жемишти өз аймагына киргизүүдөн баш тартты.

22-29-августта Орусиянын Айыл чарба көзөмөл башкармалыгынын Оренбург облустук бөлүмү, Кыргызстандан бараткан 42 тоннадан ашык жемишти кайра артка кайтарган. Жүзүм, кара өрүк менен кургатылган жемиштер «фитосанитардык талаптарга жооп бербейт», «фитосанитардык сертификаттары жараксыз» деген жүйө менен өткөрүлгөн эмес. Жүк ээлери Орусиянын Административдик мыйзам бузуу кодексинин 10.2 беренеси боюнча жоопко тартылган. Бул берене боюнча 500 рублга чейин айып пул төлөө каралган.

Сентябрдын башында федералдык кызматтын Алтай Республикасындагы бөлүмү Казакстан менен Кыргызстандан «мыйзамсыз ташылып бараткан» 360 тонна жашылча-жемиш кармалганын билдирди. Жүктө Кыргызстандан жөнөтүлгөн 20 тонна кара өрүк болгон.

Үч жума ичинде 100 миңдеген тонна башка өндүрүм да Челябинск, Омск, Новосибирск облустарына жеткенде «маркировкасы жок жана фитосанитардык сертификаты туура эмес» деген жүйө менен чек арадан артка кайтарылган.

Бул орус базарына өткөрүлбөгөн Кыргызстандын өндүрүмү тууралуу Орусияда расмий кабарланган учурлар.

Анткен менен Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинде Өсүмдүктөрдүн карантини департаментин жетектеген Илич Марсбек уулу сегиз айдан бери Кыргызстандын өндүрүмү чек арадагы текшерүүлөрдөн өтпөй калгандыгы тууралуу Орусиянын органдарынан бир да билдирүү келбегенин билдирди:

«Орусиядан расмий түрдө бизге бир да нотификация келген жок. Казакстандан 55 нотификация келди. ЕЭКтин чечими менен бекитилген айыл чарба өнүмдөрүн ташуудагы талаптар бар. Ошол талаптар бузулганы боюнча расмий билдирүү жөнөтүлүшү керек. Казакстандан келген 55 билдирүүнүн 40 учурунда экспорттоочулар өкмөттөн уруксат сертификатын албай эле өндүрүм ташып жөнөшкөн. Калган учурда товарда маркирлөө жок же кайда, качан өндүрүлгөнү тууралуу толук маалымат көрсөтүлгөн эмес. Бизде сертификат туура эмес берилиши мүмкүн эмес. Бул 99,9 пайызга ишенимдүү айта алам».

Департаментте быйыл Кыргызстандан жашылча-жемиштерди экспорттоого 29 425 сертификат берилген. Жалпысынан канча өлчөмдө кандай өсүмдүк экспортко чыгарылганын башка тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирге такташ керек.

Илич Марсбек уулу Орусиянын чек арасынан артка кайтарылган өнүмдөргө карата документтерге көңүл кош мамиле кылып, тобокелдикке барганы үчүн ишкерлердин өзүн айыптады:

«Экспорттоочулардын өздөрүнүн катасынан болуп жатат. Казакстандын мисалы көрсөткөндөй, 99,9 пайызы товарын текшертип, сертификат алышпайт, бир товарга сертификат алса, унаасында бош орунга дагы бир нерсесин кошуп алат. Чек арада керектүү документтерди таптатынакай билишет. Билип туруп, товарын жүктөп чыгып кеткендер бар. Мисалы, бизге ушундай кайрылуу болду. Сертификат жок чыгып, анан бизге арызданып келди. Товарын чек арада жок кылбастан, Орусия тарап менен сүйлөшүп, кайтарып бердик. Анан биздин мамлекеттик мекеме кайрылгандын баарына документ бере бербейт. Өнүмдү лабораторияда текшеребиз. Сапаты туура келбей, карантиндик текшерүүдөн өтпөсө сертификат бербейбиз. Анан ошондой текшерүүдөн өтпөгөн товарын жүктөп кеткендер болот. Болбосо лаборатория кызматы 490 сом, сертификат 200 сом. Ушундан качкандар да болот».

Азыр Кыргызстанда фитосанитардык лабораториялар Чүй, Ош, Ысык-Көл, Талас облустарында иштейт. Дагы бир лаборатория Нарын облусунда курулууда, ал эми Жалал-Абад менен Баткен облусунда лабораториянын курулушу 2020-жылга пландалган.

Кыргызстанда жашылча-жемишти иштетип экспорттогон элүүдөн ашык мекемелердин ассоциациясын башкарган Диляра Алимжанова өкмөт менен жеке экспорттоочулардын байланышын күчөтүп, ишти бир нукка салуу зарыл экенин айтты:

«Биздин экспорттоочулар аракет кылып жатышат. Бирок бир катар себептерден улам өндүрүмү чек арадан өтпөй калып жатат. Биринчиси - чек арадагы талаптарды билбегендик. Товар ташуу азыр оор эмес, бир гана документтерди топтоп, талаптарды аткарыш керек. Биз Орусиянын Айыл чарба көзөмөл башкармалыгы менен бирге документтерди даярдоодо кандай каталар кетип жатканын аныктап, анан товар экспорттоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек».

Мөмө-жемиш мекемелеринин ассоциациясынын катышуучуларынын 3/1и өндүрүмүн Орусияга экспорттойт. Алимжанова өсүмдүктөрдү кайра иштетпей эле сатыкка алып чыккандар ушундай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгиледи.

«Биздин өкмөт тарабынан кандайдыр бир иштер жүргүзүлүүдө. Бирок бул оңой иш эмес. Экинчиден, ишкерлер ар кандай адамдар. Кээ бири билип туруп эле документтери жок чек арадан өтүп кетүүгө аракет кылышат. Себептер көп. Өкмөттүк мекемелерде берилген сертификат да туура толтурулбай калышы мүмкүн. Мына, Кыргызстан ЕАЭБге киргенине бешинчи жылга баратат. Бул маселелер азыр актуалдуу. Муну тактап, чечишип, бир жолго салышыбыз керек».

Жашылча-жемиштен тышкары фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербейт деген негизде Орусияга бал, сүт жана эт азыктары киргизилбей калган учурлар да болот. Орусияга товар ташыган ишкерлер чек араларда фитосанитардык текшерүүлөрдө улам жаңы эреже киргизилип, кошумча кагаздар талап кылынып, айрым учурда ачык эле паракорчулук менен коштолорун белгилешет.

2019-жылдын биринчи жарымында Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттерине 257 миллион долларлык товар экспорттогон. Бул өлкөлөргө 2018-жылдын алгачкы алты айында 356 миллион доллар товар сатканын белгилесек, быйыл 100 миллион долларга артка кеткен. Бишкек биримдикке киргенден кийин бажы алымдары да азайып, эми гана 41 миллиард сомго жетип отурат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG