Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Орусияга жашылча-жемиш ташуу чектелет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда эми беш килограммдан ашык жашылча-жемиш документи жок чек арадан өткөрүлбөйт.

Орусиянын чек арасынан беш килограммдан ашык жашылча-жемиш же үч даанадан көп гүлдесте алып өтүш үчүн эми документ алыш керек. Мындай эреже фитосанитардык коопсуздук боюнча орус өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү катары киргизилген. Жаңы талап аба, автоунаа жана темир жолдогү жүргүнчүлөрдүн бардыгына милдеттүү.

Карантинге алынган өсүмдүктөрдүн тизмесин «Россельхознадзор» федералдык кызматынын сайтынан табууга болот.

Юристтер чек арадан ашыкча көлөмдө жашылча-жемиш же гүл өткөрүп бараткан жолоочулар тиешелүү сертификаттары жок болсо административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертишет. Орусияда товарды декларация кылбай койгондорго товардын баасынан эки эсе көп айыппул салынат. Жүк ээси айыппулдан тышкары карантиндеги өсүмдүктөрдү жок кылууга кеткен чыгымдарды да төлөп калышы ыктымал.

Кыргызстандык «Avia Traffic» компаниясынын Москвадагы өкүлү Эгемберди Мырзабеков учак менен ары-бери каттаган кыргызстандыктарга мындай чектөө оорчулук деле жаратпайт деп эсептейт.

«Эреже биздин мекендештерге тоскоолдук кылбайт деп ойлойм, - деди ал. - Бизде Бишкекке 25 килограмм, Ошко 20 килограмм жүк каралган. Көбү балдарынын, өздөрүнүн кийим-кечесин алышат. Дасторконго эле 2-3 килограммдан кургатылган жемиш же башкасын ташыбаса... Негизинен эреже тууралууу маалымат каражаттарынан эле окудук. Авиакомпанияларга азыр түшүндүрмө түшө элек».

Ал эми Бишкек-Москва жолунда жүргүнчү ташып иштеген Келди машине менен Кыргызстандан азык-түлүк ташып, чакан соодагерлик кылган мекендештерге бул талаптын кедергиси тиет деген ойдо.

«Азыр машине менен күрүч, жаңгактан баштап дарбызга чейин ташып жатышат. Андайлар көп. Кээ бирөөлөр өзүнө алып келсе, минтип соода кылгандар да бар. Албетте, аларга таасири болот», - деди ал.

«Россельхознадзор» өкмөттүн токтому «мыйзамдарды айкалыштырууга» багытталганын билдирген. Ал эми мекеменин басма сөз кызматчысы Юлия Мелано мындай эреже Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен эки жылдан бери колдонулуп жатканын эскерткен.

Эксперттик чөйрөдө мындай чаралар менен орус бийлиги ички рынокту коргоп жатат деп бааланууда. Москвадагы экономист Елена Кузьмина жеке адамдарга чек арадан жашылча-жемиш ташууга чектөө акыры бардык Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында киргизилиши керек деген оюн айтты:

«Бул ЕАЭБдин алкагында кабыл алынган чечим. Муну биримдикке кирген мамлекеттердин баары аткарышы керек. Орусия биринчилерден болуп бул талапты ишке ашыргандыктан, башкаларга чектөө катары көрүнүп калды. Албетте, машине же учак менен башка жактан экзотикалык өсүмдүктөрдү же баалуу үрөндөрдү алып келип, билгизбей сатып жүргөндөргө бул бөгөт. Эми фитосанитардык документтерди алышы керек болот. Ал эми чоң өлчөмдө жашылча-жемиш ташыгандар мурунтан эле талаптарды билишет. Бул чектөө менен көмүскө импорт сыяктуу бир топ маселелер да чечилип калат. Орусия өзүнүн ашканасын тартипке салып жатат десе болот».

Буга чейин апрелде Орусиядан Казакстанга, Кытайга, Вьетнамга, Кыргызстанга акча которууга да айына 100 миң рублдик чектөө коюлган. Ошондой эле июлдан тартып «Western Union» аркылуу Орусиядан башка чет өлкөгө бир адам айына 600 миң рубль гана жөнөтө алат.

Бул эрежелер акчанын изин жашырууга, көмүскө импорт менен операцияларга бөгөт коюу, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөшүү үчүн кабыл алынганы белгиленген.

Анда мындай талаптар кыргызстандык мигранттар менен ишкерлерге анча тоскоолдук жаратпай турганы да айтылган. Ал арада Улуттук банк быйыл июлда Орусиядан 191,6 миллион доллар которулганын, акча мурунку жылга салыштырмалуу 64,9 миллионго аз жөнөтүлгөнүн кабарлады. Эми бул рублдин курсунан тышкары акча которуудагы чектөөлөргө байланыштырылууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG