Линктер

жекшемби, 25-август, 2019 Бишкек убактысы 17:20

Кыргыз-казак чек арасы: ЕАЭБдин жүзү


Кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалар. 19-октябрь, 2017-жыл.

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунааларды текшерүүгө байланышкан абал өзгөргөн жок.

Кезек күткөн автоунаалардын көбөйүшүнүн себеби Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) эреже-талаптарынын аткарылбай жатканыбы же кыргыз-казак өкмөттөрүнүн өз ара мамилесиби? Эки өлкөнүн ортосундагы кирип-чыгууну жакшыртуунун жолу барбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна мурдагы вице-премьер-министр Тынычбек Табылдиев, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов жана Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык жүк ташуу департаментинин төрагасы Маткерим уулу Талантбек катышты.

«Азаттык»: - Талантбек мырза, кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалардын өтүшү кыйындап, кезек күткөндөр көбөйдү. Акыркы абал кандай, жеңилдөө жагына өзгөрдүбү?

Маткерим уулу Талантбек: - Кыргыз-казак чек арасындагы түзүлгөн бүгүнкү кырдаал Казакстандын мамлекет башчысы алмашкан күнү, 19-марттан бери киргизилген. 20-марттан баштап Кыргызстан тараптан кире турган айдоочулар социалдык тармактар аркылуу бул абалды маалымдай башташкан. Эмнегедир бул маалыматтарды биздин өкмөт капарына алган жок.

Тилекке каршы, бул маселе күндөн-күнгө ырбап баратат. Элге керектүү товарлар, кийим-кечек, айыл чарба азыктары белгилүү бир гана өлчөмдө, өтө жай өтүп жатат.

«Ак-Тилекте» зарыккан айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00

Казак тарап көп автоунааларды «документтериңерде үтүр жок», «чекит коюлбай калыптыр» же «бир тамга түшүп калыптыр» деген ар кандай курулай шылтоолор менен өткөрбөй артка кайтарууда. Ошол шылтоолордун баары негизсиз.

Мендеги маалыматтар боюнча казак тарап эртеңден баштап фитосанитардык текшерүүлөрүн баштайт. Айыл чарба азыктарынан картөшкөнү өткөрбөш үчүн бөгөт коюла баштады. Акыркы маалыматтар боюнча айланма жолдо 5 чакырымдан ашык аралыкта автоунаалардын кезеги турат. Бул кезекте 300гө жакын автоунаа бар деген сөз.

«Азаттык»: - Тынычбек мырза, кыргыз-казак чек арасында күчөтүлгөн тартип киргенине он күндөн ашып калса да кыргыз өкмөтүнүн бул маселе боюнча позициясын айтпай, аракет көрбөй жатканын кандай түшүнсөк болот?

Тынычбек Табылдиев.
Тынычбек Табылдиев.

Тынычбек Табылдиев: - Мен бир жумадан бери Интернет аркылуу бул кырдаалга баам салып турам. Биздин өкмөт тараптан маалымат же түшүндүрүү болбогонуна таң калып отурам. Мен ушундай абалдын түзүлүп калышына Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине даярдыксыз кирип калышы себеп болууда деп түшүнөм. Мындай окуя биринчи болуп жаткан жок. Биз уюмга бардык тараптарды изилдеп, таразалап, талдап, даярданып киргенде мындай болмок эмес.

Чек арада ошондой жагдай түзүлүп жаткандан кийин тийиштүү мамлекеттик органдар жерине жетип барып, абалды изилдеп, себептерин тактап, элге маалымат бериши керек эле. Эгер биз тараптан чын эле эрежелер бузулуп жатса тиешелүү чара көрүш керек болчу.

Бизде «беш өлкө ушул биримдикке кирдик, эми жайдакталып өтө беребиз» деп түшүнгөндөр да көп. Эгер ошондой болсо анда Мамлекеттик чек ара кызматын, бажы органдарын жоюп эле койбойлубу? Мындай абалга жетип калганыбыз - биздин өкмөттүн эл алдындагы жоопкерсиздиги. Премьер-министр, беш вице-премьер-министри менен кошо эмнени күтүп отурушат? Вице-премьер-министр тиешелүү органдардын жетекчилерин кошуп алып, чек арага жетип барбайбы!

Экинчи жагдай - эл арасында «казак тараптын баягы, мындан эки жыл мурдагы Алмазбек Атамбаевдин заманындагы мамилеси уланып жатыптыр» деген ойлор чыгууда. Кытайдан келаткан товарлардан казактар күмөн санап, документ менен реалдуу ташылып бараткан товардын көлөмү, саны дал келбей жатпайбы.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

Аскар Бешимов: - Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал - туура эмес көрүнүш. Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда «уюмдун мүчөсү болгон мамлекеттер менен кеңири, эркин соода кылабыз» деп сүйлөшкөнбүз. Бүгүнкү абал да 2017-жылдагы окуянын бир түрү. Казактардын акыркы жылы автоунааларды Орусияга жетип калганда ар кандай шылтоолор менен киргизбей койгон учурлары көп эле болуп келди. Мындай кырдаал түзүлгөндө маселенин чечилиши ЕАЭБдин өкмөтүнүн деңгээлинде каралыш керек.

Биз да, казактар да уюмга кирип жатканда көп милдеттенмелерди алганбыз. Эгер алардын бизге дооматы болсо, анда ЕАЭБдин комиссиясына жазышы керек болчу. Алар коюп жаткан азыркы талаптар жасалма. Казактардын бизге коюп жаткан талаптарынын бир себеби - өздөрүнүн Кытай менен чектешкен жердеги «Хоргос» базарынын өнүгүшүнө шарт түзүү, өз ишкерлерин колдоо деп да айтсак болот.

«Азаттык»: - Талант мырза, казак тарап талап кылып жаткан эрежелер Евразия Экономикалык Биримдигинин жоболоруна туура келеби же Казакстандын эле талабы болуп жатабы?

Маткерим уулу Талантбек: - Мага Кыргызстан өз убагында ЕАЭБ уюмуна бирөөлөрдүн кыйноосу менен эле киргендей сезилет. Менимче, Кыргызстан ал уюмга кошулууга саясий, экономикалык, техникалык жактан даяр эмес болчу.

Маткерим уулу Талантбек
Маткерим уулу Талантбек

Казакстандын биздин айдоочулардан талап кылып жаткандары ЕАЭБдин регламенттерине таптакыр туура келбейт. Регламентте «чек ара кызматынан башка бөлөк мамлекеттик органдар текшерүү же көзөмөл иштерин жүргүзө албайт» деп кашкайып жазылып турат. Тилекке каршы, чек ара өткөрмө пункттарында казактардын салык жана бажы органдары биргелешип текшерип, көзөмөлдөп жатышат. Алар мындан сырткары эл аралык жүк ташуу боюнча бир топ жоболорду да бузууда.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Чек арадагы тыгын саясий оюнбу? (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:25 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (35)

XS
SM
MD
LG