Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:19

ЕАЭБ: Орусия кыргыз товарын артка кайтарды


Кыргызстандан Орусияга сатуу үчүн ташылып барган бир нече тонна жашылча-жемиш жана кайра иштетилген сүт азыктары талапка жооп бербейт деген негизде артка кайтарылды.

Орусиянын айыл чарба көзөмөл кызматы буга ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттардын туура эмес толтурулганы жана жүктүн баратканы боюнча электрондук маалымдоо болбогону себеп экенин билдирген.

Кыргызстандык ишкерлер мындай убаракерчиликтен улам чыгым тартып жатканын айтышууда. Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин астындагы атайын департамент бул жагдайды иликтөөгө киришти.

Кармалган жүктүн документи иликтенет

Орусиянын Оренбург облусу боюнча айыл чарба көзөмөл башкармалыгы орус-казак чек арасындагы Акбулак районуна караштуу "Сагарчин" өткөрмөсүнөн өтүп жатканда Кыргызстандан чыккан 20 тонна каймак май жүктөгөн автоунааны кармаган.

Текшерүүдө бул жүк бажы биримдигинин ветеринардык мыйзамдарын бузуу менен Орусиянын Калининград облусуна баратканы белгилүү болгон. Жүктүн документтерине мыйзам бузууларды оңдоого эскертүү берилген белги коюлуп, артка кайтарылган. Мындан сырткары 8,5 тонна жүзүм, төрт тонна түктүү шабдаалы, 3 тонна нектарин жана 3,6 тонна кара өрүк Кыргызстандан Орусиянын Новосибирск облусунун аймагына сатууга алып бара жаткан маалда кармалган. Анда экспортко чыгарылган мөмө-жемиштерге берилген сертификаттар талапка жооп бербей турганы аныкталган.

Мисалы, эгерде жүктү мына ошол Орусияга чейин жеткирип алып, анан мен берген сертификат жарабай калды деп артка кайтып келсе, анда ошол ишкер прокуратурага арыз жазып, сотко берип, кеткен чыгымын өндүрүп алууга акысы бар.
Амангелди Исаев

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча департамент башчысы Амангелди Исаев учурда бул боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирди:

- Мисалы, эгерде жүктү мына ошол Орусияга чейин жеткирип алып, анан мен берген сертификат жарабай калды деп артка кайтып келсе, анда ошол ишкер прокуратурага арыз жазып, сотко берип, кеткен чыгымын өндүрүп алууга акысы бар. Анткени ал убара тартып, чыгым болду. Ошон үчүн мен анын ташып бара жаткан товарын лабораториядан туура текшерип, сертификаттын туура толтуруп берүүгө милдеттүүмүн. Бул жерде менде дагы жоопкерчилик болот. Ошол үчүн биз "Россельхознадзорго" кат жөнөттүк. Анда биз мына ошол документтердин көчүрмөсүн жөнөтүүнү сурадык. Анткени биз аны изилдеп чыгып, ал документ ким тарабынан берилгенин жана жүктүн ээси ким экенин аныкташыбыз зарыл. Товардын маркировкасын иликтеп чыгабыз. Бул жерде берилген сертификат жасалма болуп чыгышы дагы мүмкүн. Өткөндө ушундай факты боюнча бизге бир ишкер кайрылган. Анын жүгү Түркиядан кармалган экен. Ошол үчүн ишкерлер товарларын биздин лабораториялардан гана текшерүүдөн өткөрүп, биздин адистердин сертификаттарын гана алууга тийиш. Биз муну аягына чейин иликтеп, жообун беребиз.

Кыргызстан электрондук тутумга кошула элек

Ошондой эле Орусиянын айыл чарба көзөмөлү кызматы Кыргызстандан баратып, чек арадан кармалган айыл чарба азыктарынын сертификациясы тууралуу бажы биримдигинин талабы боюнча "Аргус" электрондук тутуму аркылуу маалымдоо болбогонун белгилеген.

Жүк ташып бараткан кыргызстандык ишкерлер чек арадан кагаз жүзүндө документти көргөзгөнү менен анын сертификациядан өткөнү туурасында Кыргызстандын тиешелүү органдары электрондук билдирме жиберүүгө тийиш. Департамент башчысы Амангелди Исаев бирдиктүү электрондук маалымат-тутумуна кошулууда маселе бар экенин белгиледи:

- Негизи ишкер бизден сертификатты алганда биздин адистер аны мына ошол маалымат тутумуна киргизери менен ал жүктүн багыт алып баратканы тууралуу маалымат Орусиядан чыгат. Биз мына ошол тутумга кошулууга бара жатабыз. Бирок азырынча ага биз кире элекпиз. Анткени биз компьютерлерди алып, адистерди окуудан өткөрүп даярдаган менен деле бир аз мүчүлүштүктөр болуп жатат. Себеби жанагы "Аргус" бирдиктүү маалымат тутуму менен байланыш агенттигинин келишими бар экен. Мына ошол эки жактын ортосунда соттошуу бүтпөй жатканына байланыштуу биз ал электрондук тутумга кошула албай жатабыз. Бирок маселе чечилип калды.

Жүк ташуудагы коопсуздуктун "кепилдиги"

Анткен менен Орусиянын шаарларына жүк ташыган ишкерлер товарды бул жактагы лабораториялардан текшерүүдөн өткөрүп, сертификатын алган учурда деле ал жакка барган мезгилде документтерге байланыштуу кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканына даттанышууда.

Анткени Орусиядагы тескөөчүлөр электрондук тутумдан чыккан жок деген негизде жүктү артына кайтарып, аларды олчойгон чыгымга кириптер кылып жатканы белгилүү болду.

Орусиянын аймагына барганда эле кандайдыр бир мыйзам бузуулар бар деген шылтоо менен кармап, кайра артына кайтарып жатышат. Кыргыз-казак чек арасынан өткөрбөй эле кармаса болбойт беле? Анткени бул жерде мамлекеттер аралык бир уюшкан топтор бар.
Руслан Тургунбек

Жеке ишкер Руслан Тургунбек уулу жүктү өз алдынча ташып жеткирүүгө тоскоолдук жасаган жасалма схемалар калыптанып калганын, алардын сунушунан баш тарткандар зыянга учурай турганын билдирди:

- Жүк ташуучу карго компаниялар кымбат баада жүктөшөт. Анан өз алдынча жүктү алып чыкканда деле кыргыз-казак чек арасында бажы биримдигинин талаптарына ылайык документтерди текшерип, товарларды карап чыгып, өткөрүп эле жатышат. Анан Орусиянын аймагына барганда эле кандайдыр бир мыйзам бузуулар бар деген шылтоо менен кармап, кайра артына кайтарып жатышат. Кыргыз-казак чек арасынан өткөрбөй эле кармаса болбойт беле? Анткени бул жерде мамлекеттер аралык бир уюшкан топтор бар. Ал фирмалар жүктү Орусиянын аймагына чейин кымбат баада жеткирип берүүнү сунушташат. Акчасын төлөсөң, чынында эле эч кандай баш оорусу жок жеткирип беришет. Бирок ага кымбат баада төлөгөндөн качып, өз алдынча жүктү ташып жеткирем дегендер мына ошентип жолдон кармалып, чыгымга учурап жатышат.

Кыргызстандан Орусиянын Калининград облусуна экспорттолуп бараткан 20 тонна каймак майдын ветеринардык талапка жооп бербейт деген негизде артка кайтарылганы андагы лабораториялык анализдердин айырмачылыгынан улам келип чыккан.

Кыргызстандагы лаборатория экспортко чыга турган каймак майдан алынган үлгү талапка жооп берет деген сертификат бергени белгилүү болду.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Аширбай Жусупов аталган анализдердин айырмачылыгы текшерүүгө алынарын билдирди.

Орусия Кыргызстанда сүт жана сүт азыктарын өндүргөн он беш компанияны Евразия экономикалык биримдигинин аймагына товарларын киргизүүгө уруксат берилген ишканалардын тизмесине киргизген болчу. Ошол эле кезде Кыргызстандан чыккан эт жана эт азыктарын биримдиктин аймагына экспорттоп, сатыкка чыгарууга уруксат бериле элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG