Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:22

Азайган импорттун жандырмагы


«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компаниялардын жумушчулары. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын алгачкы жарымында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү артка кетти. Мунун ичинде көбүнчө импорттун азайышы байкалды.

Алтынды кошо эсепке алганда экспорт көбөйгөндөй көрүнгөнү менен Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) соодада ал да төмөндөдү. Өкмөт болсо мында көп маселе жок экенин белгилеп, тескерисинче позитивдүү маанайды байкап жатат.

Жалпы соода-сатыктын чоо-жайы

Биринчи кезекте Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көрсөткүчтөрүн талдап алалы.

2019-жылдын алгачкы жарымынын жыйынтыгы менен ал 3 миллиард 236,4 миллион долларды түздү. Былтыр ушул эле убакытта бул сумма 3 миллиард 509,1 миллион долларга жеткен. Башкача айтканда быйыл алты айлык сан 200 миллион долларга кем чыкты.

Улуттук статистика комитетинин тышкы жана өз ара соода статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Сулайманова аны тагыраак эсептеп берди:

Гүлсара Сулайманова атайын басма сөз жыйынында (оң жактан экинчи).
Гүлсара Сулайманова атайын басма сөз жыйынында (оң жактан экинчи).

«Алдын-ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылдын январь-июнунда 3,2 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-июнуна салыштырганда 7,8 пайызга төмөндөдү. Анын ичинде экспорт 4,2 пайызга көбөйдү, ал эми импорт тескерисинче 11,6 пайызга азайды».

Ошентип, тышкы соодадагы жалпы көрсөткүч импорттун эсебинен азайганын түшүнүп алдык. Импортту бир аздан кийин өзүнчө кеп кылабыз, азыр экспортту чечмелеп көрөлү.

Демек, соңку көрсөткүчтөрдөн улам жыл башынан бери экспорт азыраак арбыганы көрүнүп турат. Бирок буга өзүбүздү алдабашыбыз керек.

Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Анткени экспорттун көрсөткүчү өсүп жатканын Европага, анын ичинде Улуу Британияга алтындын көбүрөөк сатылып жатканы менен түшүндүрсө болот. ​Ал эми башка позициялар боюнча чет өлкөлөргө товар сатуу тескерисинче артка кетип жатканы жашыруун эмес. Буга жакынкы мамлекеттер менен соода-сатык ачык-далил.

ЕАЭБ мамлекеттерине Кыргызстан 2018-жылдын алты айында 356 миллион доллар товар сатса, 2019-жылдын алгачкы жарымында 257 миллион долларлык товар экспорттоду. Башкача айтканда 100 миллион долларга артка кетип жатат.

«Республиканын ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2019-жылдын январь-июнунда 1,2 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 11,7 пайызга төмөндөдү. Ушул эле учурда, экспорт 27,7 пайызга, ал эми импорт 6,1 пайызга азайды. Республиканын ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң жогорку үлүшү Орусияга (59,6 пайызы) жана Казакстанга (38,2 пайызы) туура келди», - деди Улуттук статистика комитетинин өкүлү Гүлсара Сулайманова.

Эгер «ЕАЭБге, анын ичинде Орусияга жана Казакстанга эмнелерди сатуудан артка кеттик?» деген суроо койсок, темир-жез буюмдарын сатуу 2,5 эсе, тетиктерди сатуу 28%, пахта кездемелерин сатуу 31,5%, электр лампаларын сатуу 42,9% азайганын биле алабыз.

Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын товарлары.
Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын товарлары.

Эң башкысы - Кыргызстандын өнөр жайынын артыкчылыктуу багыты болгон кийим-кечектин ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылышы жалпысынан 3,4 эсе, анын ичинде Орусияга сатылганы 4,6 эсе азайган. Буга эмне себеп?

«Легпром» тигүүчүлөр бирикмесинин президенти Сапар Асанов буга мындайча жооп берди:

Сапарбек Асанов.
Сапарбек Асанов.

«Буга көп себептер бар. Биринчиден биздин өндүрүмүбүздү эң көп алган Орусия дүйнөлүк кризистен улам аны азыраак сатып алып жатат. Экинчиден, биздин ишкерлер товарларын ошол эле Орусияда жана Казакстанда негизинен базарда сатышат. Буларда азыр көмүскө экономика менен күрөш катуу жүрүп жаткандыктан ошол базарда келишим түзбөй товар саткандар буулду. Натыйжада бизден да ал жакка товар азыраак барып жатат. Андан сырткары быйыл жаздан тартып акча которууга чек коюлганы да таасир этти. Кыргыз-казак чек арасындагы жыл башындагы катуу текшерүүлөр, Казакстандан товар алып өтүүдөгү ашыкча текшерүүлөр тууралуу айтып коюш керек. Мына ушунун баары экспорттун азайып кетишине себеп болуп жатат».

Импорттун азайышынын сыры

Эми импорт боюнча кепке келели. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, сырттан товар сатып алып келүү көрсөткүчтөрү акыркы беш-алты жылда кескин өйдө-төмөн секирип турганы байкалат.

Маселен, импорт 2013-жылы 5 миллиард 986 миллион долларды, 2014-жылы 5 миллиард 734 миллион долларды түзсө, андан кийин дээрлик бир миллиард долларча артка кеткен. Тагыраагы импорт 2015-жылы 4 миллиард 153 миллион доллар болсо, 2016-жылы 4 миллиард доллардан араң ашкан. Бул ушул жылдардагы доллардын курсу көтөрүлгөндөн улам да болушу мүмкүн.

Ал эми 2017-жылдан тартып ал кайра өсүп, ал жылы 4 миллиард 494 миллион долларга жетсе, 2018-жылы 5 миллиард 291,9 миллиондон ашкан. Демек импорт көбөйүп баратып эле, быйыл кайра артка кете баштады.

2019-жылдын алгачкы алты айында тыштан товар ташып келүү 2 миллиард 343,9 миллион долларды түзүп, былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине (2 миллиард 652,3 миллион доллар) салыштырмалуу 300 миллион долларга кемиди.

Алты айдын жыйынтыгын талкуулаган жыйында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сырттан сатып алуунун азайышын жакшы жагдай катары мүнөздөгөн эле.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Тышкы соода жүгүртүүгө токтолуп кетсем, экспортубуз көбөйүп жатат. Ал эми импорт азайып жатат. Башкача айтканда былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу миллиондогон долларларга азайды. Импорт азайып жатса демек анын ордун толтуруу – «импортозамещение» процесси бизде жакшы жүрүп жатат», - деген премьер-министр июлдун аягындагы жыйында.

Бирок эгер жалпы эмес, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келиши азайган товарларды алсак, алар мунай өнүмдөрү (14,9% азайды), көмүр (14,9% азайды), оор металлдар (19,2% азайды), шоколад жана башка какао камтылган азыктар (20,7% азайды), азот жер семирткичи (5,7%) жана тамеки (26,8% азайды). Кыргызстанда ушуларды өндүрүү жарым жылда күчөп кетти дейсизби?

Экономист Мейманбек Абдылдаев буга кошула бербейт.

Мейманбек Абдылдаев.
Мейманбек Абдылдаев.

«Биринчиден, импорттун азайышы жалпы соода жүгүртүү солгундаганы менен байланыштуу. Экинчиден бул элдин экономикалык абалы жана экономикалык жигердүүлүгү начарлагандан улам болуп жатат. Башкача айтканда калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү артка кетти. Ал эми импорттун ордун толтуруу ишке кире элек, ал жанданды дегени жалган. Өкмөт ишти жасамыш этип, анан болбой калса актануунун түрдүү жолдорун таап, айта берет. «Жалгандын үч түрү бар: жалган, ачык жалган жана статистика» («Есть три вида лжи: ложь, наглая ложь и статистика») деген учкул сөздө айтылгандай, булар статистиканы эптеп өзүн актоо үчүн колдонуп жатышат. Инвесторлор качып атат, кошумча жумуш орундары жок, ички дүң өнүмдө жылыш жок. Экономиканы жакшыртыш үчүн өкмөттүн колунан эч нерсе келбей калды. Албетте, мурда да начар өкмөттөр болгон, бирок мынчалык натыйжасыз өкмөт болгон эмес», - деди эксперт.

Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде, 2018-жылдын 12 айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жалпысынан 7 миллиард 128,8 миллион доллар болгон. Мунун 1 миллиард 836,8 млн. доллары экспортко туура келет. Башкача айтканда былтыркы экспорт 2017-жылкы (1 миллиард 764,3 миллион) сандан бир аз ашкан.

Бирок Улуттук статистика комитетинин беш жыл мурдагы көрсөткүчтөргө салыштыруу ыкмасы менен алсак, бул көрсөткүч тескерисинче артка кеткени байкалат. Маселен Кыргызстан чет жакка 2013-жылы 2 млрд. 6,8 млн., 2014-жылы 1 млрд. 883 млн. долларлык товар саткан. Өзүңүз күбө болгондой, 2018-жылкы көрсөткүч мындан бир аз кем чыгууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (33)

XS
SM
MD
LG