Линктер

жума, 26-апрель, 2019 Бишкек убактысы 00:18

Колдо бар алтындын баркы жок


Кумтөрдүн алтыны (архивдеги сүрөт).

Кыргызстан 2018-жылы чет жакка 16 тоннадан ашык таза алтын экспорттоду. Аталган баалуу металлдын дагы беш тоннага жакыны концентраттын курамында чыгарылып кетти. Натыйжада өлкөдө азыраак гана алтын калды.

Кыргызстандык зергерлер калган алтынды да Кыргызстандын ичинде алып калып, иштетүүгө чакырууда. Бирок өкмөт бир нече жылдан бери ордунан жылбай келаткан бул маселени чечүү мүмкүн болбой жатканын билдирүүдө.

Тонналаган алтындын эсеби

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын 2018-жылдагы тышкы соода жүгүртүүсү, импорту-экспорту, анын ичинде алтындын сатылышы боюнча көрсөткүчтөрдү толук тактап бүттү.

Гүлсара Сулайманова атайын басма сөз жыйынында (оң жактан экинчи).
Гүлсара Сулайманова атайын басма сөз жыйынында (оң жактан экинчи).

Комитеттин Тышкы жана өз ара соода статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Сулайманова жалпы экспорттогу алтындын үлүшү былтыр кандай болгонун “Азаттыкка” айтып берди.

“2018-жылы Кыргызстандын жалпы экспортунун 37,6% алтын түздү. Алтын буга чейин Швейцарияга жана Бириккен Араб Эмираттарына көбүрөөк сатылчу. Бирок былтыр негизинен Улуу Британияга сатылды. Андан сырткары азыраак бөлүгү Түркияга, Италияга жана Кытайга экспорттолду”,-деди ал.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыр Кыргызстан чет жакка жалпы 16 тонна 477 килограмм 782,1 грамм тазаланган алтын саткан.

Ал эми жалпы өндүрүлгөн алтын 2018-жылы канча болду? Бул суроого жооп алуу үчүн тармактагы өндүрүштү караган “Кыргызалтын” ишканасына бир нече күн кайрылып, аракетибизден майнап чыккан жок.

Финансы министрлигинин Баалуу металлдар департаменти 2018-жылы 22 тонна 354 килограмм алтын өндүрүлгөнүн билдирсе, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети былтыр 20 тонна 403 килограмм өндүрүлгөнүн кабарлоодо. Кайсынысы так экенин мекемелер өздөрү такташып алаар, ал эми биз соңку статистикага ишенүү менен сөзүбүздү улап туралы.

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы алтын кенинен чыккан таш.
Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы алтын кенинен чыккан таш.

Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин эсебинде, бул жаатта иш алып барган тогуз компания 2018-жылы 5 тонна 183 кг алтын курамы бар концентратты (71 тонна 143 кг) жана 595 кг алтын курамы бар руданы (79 тонна 407 кг) чыгарып кеткен.

Алтындын көбү тазалангандан кийин чет жакта калган, бирок бир компания өндүргөн алтынын кайра Кыргызстанга алып кирген. Мына ушуну, башка компаниялар өлкө ичинде өндүргөн алтынды жана «Кумтөр Голд Компани» өндүргөн (16 тонна 626 кг) алтынды кошкондо жалпы 20 тонна 403 килограммды түзүп жаткан экен. Эгер мындан сыртка сатылган алтынды кемитип салсак, 3 тонна 926 килограмм алтын калат экен.

Ушул алтындын баары Кыргызстандын ичинде сатылдыбы? Сатылса аны кимдер алды? Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев буга мындайча жооп берет.

Карыбек Ибраев
Карыбек Ибраев

“Биздин мыйзам боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн алтынды биринчи сатып алуу укугу Улуттук банкта бар. Алар канча алтын сатып алганын так айта албайм. Эгер алар сатып албаса, экспорттолот же өлкөнүн ички рыногунда сатылат. Менимче, сатып алгандан калганы ички рынокто калды”,-деди ал.

Ал эми Улуттук банк 2018-жылы мекеме кармаган алтындын запасы 12,2 тоннага жеткенин, анын 4,4 тоннасы былтыр сатып алынганын расмий билдирүүдө. Бирок алар алтындын канчасы өлкө ичинен алынганын бөлүп көрсөтүшкөн жок.

Каржы көзөмөлдөө мекемеси сырттан да алтын сатып алууга укугу бар экенин эске алганда, алар өткөн жылы чет жактан да алганы көрүнүп турат. Антпесе өлкөдө калган алтындан Улуттук банк сатып алган алтын көп болуп жатпайбы.

Өзүбүздө туруп, сырттан сатып алабыз

Ошентип, бизге жеткен маалыматтарга ылайык, Кыргызстандагы зер буюмдарын чыгарган компанияларга тоннага жетпеген гана алтын сатылганын биле алдык. Албетте, бул былтыркы жылга эле таандык көрүнүш эмес. Өлкө алтын өндүрө баштаган жылдардан бери эле кыргызстандык зергерлер, тескерисинче Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн алтын ташып келип, буюм жасап сатууга аргасыз болушууда. Кыргызстанга кирген алтындын статистикасы так болбогондуктан, канча сумма алтын сатылып келгенин так айта албайбыз. Бирок чыгып кеткен алтындын акыркы жылдардагы көрсөткүчү бар.

Улуттук статистика комитетинин эсебин алсак, 2015-жылы 17 тонна 603 кг 601 грамм, 2016-жылы 17 тонна 401 кг 709 грамм, 2017-жылы 17 тонна 425 кг 239 грамм таза алтын чет жакка сатылган.

“Келдике” зергер компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Чыңгыз Макешов ойлору менен бөлүштү.

Чыңгыз Макешов.
Чыңгыз Макешов.

“Биз мурдатан эле Кыргызстанда алтын боюнча өз алдынча биржа ачып, баалуу металлды ошол жерде ачык-айкын сатууну сунуш кылганбыз. Керек болсо доллар эмес, биздин улуттук валютага байлап, сом менен саталы деген да демилге көтөргөнбүз. Ошондой болгондо аны биз дагы кенен сатып алганга шарт түзүлмөк. Азыр жергиликтүү зергерлер баш-аягы өзүбүз өндүргөн алтындын 2% гана иштетебиз. Эгер алтындын баарын чет өлкөгө экспорттобой, өлкө ичинде кайра иштеп чыксак, бир килограмм алтынды иштетүү он кишини жумуш менен камсыз кылмак. Натыйжада зергерчиликте кеминде 20 миң киши иш таап алмак. Бул жаатта кайра иштетүүнү жолго коюп алсак, зер буюмдарын сатуудан мамлекет да толтура киреше тапмак. Эгер салыштыруу катары айтсак, маселен Орусиянын экономикасынын негизги бутагын “Газпром” түзсө, алтынды өзүбүз иштетсек Кыргызстандын экономикасынын негизин “Кыргызалтын” ишканасы түзүп калмак. Тилекке каршы бул ишке ашпай келатат”,-дейт ал.

Макешов түшүндүргөндөй, Кыргызстанда зергерчиликте 600дөй компания болсо, анын 550сү алып-сатуу менен гана алектенет. Башкача айтканда 50дөй гана ишкана зер буюмдарын иштеп чыгат. Алардын аздыгына, биринчиден, өлкөдө алтынды өндүргөндөр эмес, аны иштеп чыккандар кошумча нарк салыгын төлөгөнү себеп. Экинчиден, жогоруда белгиленгендей, алтын менен камсыз кылууда көйгөй көп.

Өзүбүзгө жетпей жатса анда алтындын баарын эмне үчүн чет жакка сатып жиберебиз? Көрсө, негизги алтын өндүрүүчү “Кумтөр Голд компаниге” ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясынын талабы бар экен.

Экономика министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев төмөнкүлөргө токтолду.

Кубан Айдаралиев.
Кубан Айдаралиев.

“Башында биз тараптан ошондой сунуштар болгон. Бирок Кумтөр боюнча келишимдер каралып жаткан учурда алар “биз алтынды бөлбөй чогуу бир сатабыз, алсаңар баарын алгыла, болбосо Лондон биржасы аркылуу гана сатылат” деп талап коюшкан. Натыйжада ошол менен бекип калган. Эгер бөлбөй туруп алтынды толук сатып алсак, биз Лондон биржасынын баасынан арзан алган болот элек, бирок бизде Кумтөрдүн алтынын толук сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби ал жактан өндүрүлгөн алтын, маселен, болжол менен 20 тоннасы 1 млрд 200 млн-1 млрд 300 млн доллар болуп кетет. Анын баарын биздин зергерлер иштете да албайт. Бирок бөлүп сатканга тиги келишим жооп бербейт. Тилекке каршы, Кумтөрдөн башкалары деле алып чыгып кетет, биз жок дегенде ошолорду өлкө ичинде алып калуунун аракетин көрүп жатабыз",-дейт ал.

Айдаралиев “аракет” деп, Кыргызстанда алтын казган компаниялардын концентратты сыртка алып чыгып, аффинажды ошол жакта жасай турган болсо, алтынга салыкты көбөйтүү жолун атап жатат. Ал билдиргендей, бул боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан, маселе өкмөттүн кароосунда турат. Бирок баарыбыз күбө болгондой, ал канча жылдан бери киргизилбей келатат.

Зер буюмдар. Иллюстрация.
Зер буюмдар. Иллюстрация.

​Ошол эле кезде ишкерлер “Кумтөр Голд компани” ишканасын деле өкмөт кааласа мажбурласа болмок деп эсептешет. Чыңгыз Макешовду кайрадан кепке тарталы.

“Келишим бул ыйык Куран эмес да. Сүйлөшүп, шарттарын карап, келишимдерди да өзгөртүп, алтындын жетиштүү бөлүгүн Кыргызстанда калтырышса болот. Анда болбой жатканы менин оюмча ушул жааттагы, экономикалык саясатты жүргүзүп жаткан адамдардын сабатсыздыгы да. Анткени дүйнөлүк экономика фондулук биржа аркылуу иштейт да, бизде болсо Кыргыз фондулук биржасы ишти жакшы алып бара албай жатат. Бул тармакта бул ишти билген, түшүнгөн адистер керек”,-деп үн кошту ишкер Макешов.

2018-жылы сатылган 16 тонна 477 килограмм 782,1 грамм алтындын дээрлик 99%, тагыраагы 16 тонна 456 килограмм 854,0 граммы Улуу Британияга сатылган. Баалуу металлды бир өлкөгө сатуу себебин бийлик жөн гана Лондондо атайын биржа жайгашканы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок алтындын унцийи же тоннасы канча суммага түшкөнү жазылган эмес. Улуттук статистика комитети гана товардын жалпы наркын 664 миллион 193,9 миң доллар деп көрсөтүүдө.

Лондондун биржасындагы алтындын баасы, валюталар курсу сыяктуу эле өзгөрүлүп турат. Бул жааттагы эксперттер 999 үлгүсүндөгү 1 кг алтындын наркы болжол менен 40 миң доллардын тегерегинде өйдө-төмөн болуп тураарын билдиришти.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG