Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

ЭВФ: Кумтөрдүн алтыны түгөнөт


Кумтөрдүн алтыны (архивдеги сүрөт).
Кумтөрдүн алтыны (архивдеги сүрөт).

Эл аралык Валюта Фондунун Бишкекке келген атайын миссиясы Кыргызстанды тез арада Кумтөр кенине альтернатива боло алчу өндүрүштү ишке салууга чакырды.

Мекеме кенде 2026-жылы алтын өндүрүү токтой турганын белгилеп, бул алдыңкы беш-он жылда Кыргызстандын экономикасындагы эң чоң коркунуч болорун эскертти.

Аталган уюм ошондой эле кыргыз бийлигин инвестициялык климатты жана сот системасын жакшыртууга үндөдү. Өкмөт аталган экономикалык коркунучка даяр экенине ишендирүүдө.

ЭВФтин эскертүүсү

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) миссиясынын жетекчиси Кристиан Жос Кыргызстандагы эки апталык сапарынын жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында алгач өлкөнүн 2018-жылкы жана 2019-жылкы экономикалык жагдайына сереп салды.

Ал өтүп кеткен жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн жаман эмес жыл болгонун, өсүш 3,5% түзүп, бюджеттин дефицити ички дүң өнүмгө карата 1,3% катышка барабар болгонун айтты. Фонд өкүлү Улуттук банктын резерви да мурдагыдай, жетиштүү көлөмдө калганын, акчанын курсу стабилдүү сакталганын жана инфляция да төмөнүрөөк болгонун белгиледи.

Кристиан Жос (оңдо) жана ЭВФтин Кыргызстандагы өкүлү Тигран Погосян (солдо). Бишкек. 19-март, 2019-жыл.
Кристиан Жос (оңдо) жана ЭВФтин Кыргызстандагы өкүлү Тигран Погосян (солдо). Бишкек. 19-март, 2019-жыл.

Кристиан Жос 2019-жыл деле өтө оор болбой турганын, бирок экономикалык өсүш өкмөт болжогондой 4,0% эмес, 3,8% түзөрүн билдирди.

Биздин баамыбызда, 2019-жылы экономикалык өсүш 2018-жылдын аягына караганда тездейт жана 3,8% түзөт. Инфляция 2,2% жетет деп эсептейбиз. Ал эми бюджеттин таңкыстыгы расмий органдар болжогондон көбүрөөк болот жана ички дүң өнүмдүн 3,4% түзөт. Кыргызстандын парламентинде бул көрсөткүч 2,7% деп белгиленген. Салыктык кирешелер да өкмөт бекиткенден аз болот, - деди ал.

Атайын миссиянын башчысы Кристиан Жос Кыргызстандын келерки беш-он жылдык экономикалык өнүгүшүнө да комментарий жасап, андагы орчундуу маселелерге токтолду. Ал акыркы анализдерден улам, Кыргызстанда инвестициялык климат мактанарлык эместигин, соттордун акыйкатсыздыгы ишкерлерди кыйнап жатканын айтты. Жос бул көрүнүштөр оңдолбосо, өсүш болушу кыйын экенин кыйытты.

Атайын миссиянын жетекчиси Кумтөр кенинде 2026-жылы алтын өндүрүү токтой турганын эске салып, бул Кыргызстандын экономикасы үчүн алдыңкы жылдардагы эң чоң коркунуч болорун билдирди.

ЭВФтин өкүлү кенден түшкөн кирешени компенсациялоо үчүн кыргыз өкмөтү ага башка альтернатива табууга ыкчам аракет кылышы керек экенин эскертти.

Албетте, экономиканынсаламаттыгыжөнүндө сөз кылганда, биз дарыгерлер сыяктуу эле күтүлүп жаткан, реалдуу коркунучтар, тобокелдиктер жөнүндө да айтышыбыз керек. Алардын бири балким, жакын арада эмес, бирок орто мөөнөттөгү перспективада тобокелдикКумтөр кенинде алтын түгөнгөндө, анын ордун эмне басат деген суроо. Кумтөрдө 2026-жылы алтын өндүрүү таптакыр токтойт. Ошондуктан биз кыргыз өкмөтүн буга чукул көңүл бөлүп, реформаларды азыртан башташ керектигин айттык. Ишкерлик климатты жакшыртып, Кумтөрдү баса тургандай ири алтын өндүрүшүн баштоого атамекендик же чет элдик инвесторлорго шарт түзүп берүүсүн расмий органдарга жеткирдик”, - деди Кристиан Жос.

Кумтөрдөгү алтын өндүрүш. Тонна менен.
Кумтөрдөгү алтын өндүрүш. Тонна менен.

​Кумтөрдү иштеткен “Центерра голд” компаниясынын сайтында жазылгандай, аталган кенде 2018-жылы 534 миң унций (16 609,27 килограмм) алтын өндүрүлгөн. Мурдагы жылдары да өндүрүш ушуга окшош болчу жана быйыл, келерки жылдары өнүмдүн көлөмү мындан көп айырмаланбайт. Бирок компания Канада биржасына берген маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2023-жылы 300 миңге, 2024-жылы 200 миңге, 2026-жылы нөлгө түшөт.

Өкмөттүн даярдыгы

Башка жагынан алганда биз кеп кылып жаткан жагдай Кыргызстандын өкмөтүнө деле жашыруун эмес. Бирок маселе бийлик Кумтөрдөгү өндүрүш токтошуна канчалык даярданып жатат деген суроодо турат.

Насирдин Шамшиев
Насирдин Шамшиев

Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев өкмөттүн бул багыттагы саясаты тууралуу маалымдады:

“Ооба, 2026-жылы Кумтөр жабылып калышы мүмкүн. Балким келишим кайра узартылып калышы да ыктымал. Анткени кенде жердин алдында дагы алтын бар. Ал канчалык деңгээлде ишке аша турганын өкмөт чечет. Бирок жаңы ишке кире турган кендер да бар. Маселен, 2020-жылы Жерүй кени ишке кирет. Талды-Булак, Чаарат сыяктуу алтын кендерибиз бар, Макмал комбинатында өткөн тендер да бар. Мындан сырткары Кара-Балтадагы “Жунда” мунай заводубуз турат, Токмокто ишке кире турган кен бар. Мындай алып караганда ушул кендерден түшкөн кирешелер менен Кумтөрдөн жоготкон кирешени жабабыз деген эсептерибиз бар. Ошол эле учурда Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан берилген 300 миллион доллардан ашык долларга каржыланган долбоорлор бар, алар жемишин бере башташы керек. 2023-жылга чейинки өнүктүрүү программада 12 млрд. доллардан ашык суммага ээ улуттук долбоорлор бар, буюрса алар да башталат. Салыктын көлөмү жылдан-жылга 7-8% өсүп жатпайбы. Кумтөрдөн акча түшүү токтогондо албетте биринчи-экинчи жылдары кыйыныраак болот, бирок экономиканын өсүшү менен биз аны жаап кете алабыз”.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, 2018-жылы өлкөнүн ички дүң өнүмү (ИДӨ) 557,1 млрд. сомду түздү. Мунун 48 миллиарды Кумтөргө туура келет.

Буга чейинки жылдардагы көрсөткүчтөрдү деле эске алганда Кумтөр кенинин кирешеси ИДӨгө карата орто эсепте 10-20% катышты түзчү.

Салыктык кирешелерди эсепке алганда, “Центерра голд” компаниясы 2017-жылы 8,7 миллиард сом, 2018-жылы 6,9 миллиард сом төлөгөн. 140 миллиард сомдун тегерегинде бюджетке ээ Кыргызстан үчүн бул суммадан айрылып калуу оор эле болот.

Мейманбек Абдылдаев
Мейманбек Абдылдаев

Анда анын ордун башка нерсе менен толуктоодо өкмөттүн аракети жетиштүүбү? Экономист Мейманбек Абдылдаевдин жообун угуп көрөлү.

“ЭВФтин айтканын биз да айтып жатабыз. "Кумтөрдөн" каражат түшпөй калганда бул бюджетте чоң тешикти пайда кылат. Аны тез аранын ичинде да толуктай алышпайт. Буга экономикада структуралык өзгөрүүлөрдү жасап, азыртадан даярданыш керек. Биринчи кезекте сырткы инвестицияны көбөйтүп, ички инвестиция жандантып, экспортту көбөйтүш керек. Коррупцияны жоюп, сот адилеттүүлүгүн толук камсыздоо зарыл. Сот кандай экенин билгенден кийин инвесторлор келбейт, келип, иштеп жаткан инвесторлорду иштетпей жатабыз. Кайра иштетүүнү кескин жолго коюу кажет. Бул багыттар боюнча аракеттер бар, бирок ачык айтыш керек жыргаткан жылыш жок. Эң жөнөкөй картөшкө менен төө буурчакты экспорттой албай калдык. Өкмөттүн компетенциясы буга жетпей жатат. Ошондуктан Кумтөрдө өндүрүш токтогондо биз катуу кризиске кептелебиз. Тилекке каршы биз ага даяр эмеспиз”, - деди Абдылдаев.

Эл аралык Валюта Фондунун атайын миссиясы мындан башка бюджет жана каржылык саясат, банк системасы, эмгекти бөлүштүрүү, кадр саясаты боюнча да Кыргызстандын кемчиликтерин атап, өкмөттү аларды оңдоого үгүттөдү. Өкмөт аларды консультация катары укканын, эске алуучу жагдайларды карап көрө турганын ырастады.

ЭВФ менен Кыргызстан 1992-жылдан бери кызматташып келет. Бул аралыкта тараптардын ортосунда ар бири эки-үч жылга созулган сегиз программа болгон. Анын алкагында уюм Бишкекке үзгүлтүксүз насыяларды берип келет. 2018-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын аталган фондго карызы 166,84 миллион долларды (11 миллиард 653 миллион сом) түзгөн.

Бирок соңку миссия карыз берүү же кызматташуу жөнүндө жаңы программа кабыл алуу үчүн эмес, Кыргызстандын экономикасына баа берүү үчүн болгонун Кристиан Жостун басма сөз жыйынында ачык белгиленди. Ал жетектеген миссиянын сапары 6-марттан 19-мартка чейин созулду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG