Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:45

Кумтөр: Кытайды оозанган кызыкчылык


Кумтөр.
Кумтөр.

Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы кендеги үлүштөрдү сатып алууга кытайлык компаниялар кызыгып келгенин расмий ырастады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө өкмөттүн чакыруусу менен келген “Центерра Голд" компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри менен 22-ноябрда жолугушту.

Өкмөт кабарлагандай, жолугушууда Кумтөрдүн айланасындагы акыркы жагдай талкууланды. Анда "Центерра Голддун" аткаруучу директору Скотт Перри коомчулукта айтылып жана айрым маалымат каражаттары жазып жүргөндөй эле "Центерра Голддун" акцияларын сатып алууга кытайлык компаниялар кызыгып жатканын ырастаган.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн башчысынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев "Азаттыкка" айтып берди:

Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

- Скотт Перри премьер-министрге маалымдагандай, акыркы бир нече жыл ичинде эл аралык, анын ичинде кытай компаниялары «Центерра Голдго» инвестиция салууга же аны сатып алууга кызыкчылыгы бар экенин билдиришкен. Бирок азыркы тапта компания кандайдыр бир расмий сунуштарды алган эмес. Кайсы бир сунуш финансылык жактан пайдалуу катары каралган шартта «Центерра Голд» милдеттүү түрдө ири акционер болгон кыргыз өкмөтүнө келишимге кызыкчылыкты баалоо тууралуу кайрыларын билдирди.

Буга чейин айрым сайттар Кумтөргө Кытайдын "Shadong Gold" (Шандунь Голд) компаниясы кызыгып жатканын жазып чыгышкан. Бирок бул маалымат расмий түрдө ырасталып же төгүндөлө элек болчу.

Эми "Центерранын" жетекчилиги “бул боюнча өкмөт менен кеңешип чечим кабыл алабыз” дегени менен запасы аз калган кендеги жаңы инвестор жөнүндө сөз болгону ар кандай күмөн ойлорду жаратты.

Себеби, “Кумтөр” долбооруна байланыштуу "Центерра Голд" менен жаңы стратегиялык келишимдин башы ачылбай турат, эки тараптын позициялары да тактала элек. Кыргыз өкмөтү жаңы келишимди жакын арада парламентке алып чыгарын айтканы менен анысы бир нече айдан бери кечеңдеп жатат.

"Центерра Голддун" аткаруучу директору менен жолугушууда стратегиялык келишимдин кошумча шарттары талкууланганы, анда экологиялык төлөмдөрдүн көбөйүшү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүү каралганы гана айтылды. Ал келишим качан, кандай шарттар менен аткарылары, компаниядагы эки тараптын үлүшү кандай бөлүштүрүлөрү белгисиз бойдон калууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөт мындай жолугушууларды өткөргөн соң, анын жыйынтыгы, келишимге эмне өзгөрүүлөр кирип жатканы тууралуу ачык маалымат бериши керек экенин айтты:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Стратегиялык келишимде эмне өзгөрсө да, ал “Кыргызстандын кызыкчылыгына кандай таасирин тийгизет, дегеле туура келеби?” деген суроолор боюнча парламенттин, элдин алдында жооп бериш керек. Эгер кызыкчылыкка жооп берсе, сүйлөшүү өткөрсө болот. Андай болбосо - башка жолдорун карап, кеңири маалымат бериш керек.

Ал эми Кумтөр маселеси менен алектенип келген мурдагы парламент депутаты Эркингүл Иманкожоева "Центерра Голд" Кумтөрдүн үлүшүн сатып алууга кызыккан компаниялар тууралуу маалымат таратышынан чочулап турат. Ал канадалык компания менен сүйлөшүүлөрдө өкмөт буга чейинки кемчиликтерди эске алып, иш алып барышы керек деп эсептейт.

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

- Буга чейин Кумтөр боюнча "Shadong Gold" деген кытай компаниясы менен сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылган, - деди Эркингүл Иманкожоева. - Азыр эми четин чыгарымыш болуп жатышат. Мындай аракетти “мурунку премьер, мурунку президенттерге укурук салгандай кылып байкап көрөлү” деген "Центерранын" кадам катары баалайм. Ошондуктан бул жагынан жети өлчөп, бир кесип чечим кабыл алыш керек. Тактап айтканда, Кумтөрдүн үлүштөрүн башка компанияларга сатууга макул болбош керек. Анткени "Центерра Голд" төлөй турган бардык акчадан кур калабыз. Экологиялык милдеттенмелер аткарылбай калат.

"Центерра Голд" Кыргызстандагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетет. Андагы Кыргызстандын үлүшү азыр 26,6 пайызды түзөт.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтү "Центерра Голд" менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, былтыр жаңы экологиялык келишимге кол коюлган. Келишимдин шартына ылайык, канадалык компания Кыргызстанга кошумча экологиялык төлөмдөрдү берип, буга жооп иретинде кыргыз өкмөтү бардык соттордогу доо арыздарын чакыртып алышы керек болчу. Бирок жаңы келген өкмөт ал келишимди бекитпей, жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Кумтөрдөгү алтын запасы 2026-жылы түгөнүп, ишкана жабыларын жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG