Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Кыргыз бийлиги донорлордон жардам күтөт


Президент Сооронбай Жээнбеков. «Ала-Арча» резиденциясында өткөн жыйын. 1-ноябрь, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков. «Ала-Арча» резиденциясында өткөн жыйын. 1-ноябрь, 2018-жыл.

Кыргызстан 1992-жылдан бери чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан 9 млрд. 900 млн. долларга чукул каражат алган.

Сооронбай Жээнбеков чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери жана эл аралык донорлор менен 1-ноябрда «Ала-Арча» резиденциясында жолукту.

Президент жыйында өкмөттүн чет элдик каржы булактары менен иштөө сапатына жана каражатты пайдалануунун максаттуулугуна ичи чыкпаганын билдирди:

- Биз кыска мөөнөттө экономиканы көтөрбөсөк, ички дүң өнүм киши башына 1200 доллардан ашпай жатат. Биздин коңшулар, өнүккөн мамлекеттер астыга кетип калды. ЕАЭБге кирген мамлекеттер деле бизден алдыда. Биз аларга жетиш үчүн күнү-түнү иштеп, сырттан келген каражатты туура пайдаланышыбыз керек. Ал үчүн бүгүн мамлекеттик органдардын баары келди. Өкмөт мүчөлөрү, облустардын жетекчилери, президенттин, өкмөттүн аппаратты отурат. Мен өкмөт башчыга, Жогорку Кеңешке кайрылам: мурдагыдай бюрократия деген болбош керек. Айтылып жаткан маселелер мамлекеттик органдардын кайдыгерлигинен, аракет кылбаганынан, мамлекетке, элге күйбөгөнүнөн ушундай маселелер чыгып жатат.

Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өткөн жыйын. 1-ноябрь, 2018-жыл.
Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өткөн жыйын. 1-ноябрь, 2018-жыл.

​Президент менен жолугушууга элчилер жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашык өкүлү келген. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанда аткаруу бийлигинин тез-тезден алмашуусу ишке жолтоо болуп жатканын белгилешти.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Болормаа Амгаабазар бул маселе боюнча буларга токтолду:

- Биз аткарылган ишке көзөмөлдүн жоктугу, отчет берилбей жатканы боюнча маселе көтөрдүк. Ошондой эле мамлекеттик долбоорлордун көптүгү да кыйынчылык жаратат. Кээ бир долбоорлор бири-бирине туура келбейт, түшүнүксүз. Бирок 2040-жылга чейин кабыл алынган долбоор жалпы багыт берет. Анда беш жыл ичинде, бир жыл аралыгында аткарылчу иштер камтылган. Ошондой эле жетекчилердин, өкмөттүн тез-тез алмашуусу да чоң маселе. Жаңы кызматкерлер келсе биз ишти кайра башынан башташыбыз керек болот. Бул жыйынтык алып келбейт.

Коюлган арыз-дооматтарды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да моюнга алды. Ал өкмөт сөз болуп жаткан маселелерди чечүүгө киришкенин айтты:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Азыр айтылган каалоо-тилектерди туура деп эсептейбиз. Себеби биз өкмөт өзүбүз талдоо жүргүзүп чыктык. Анда биздин өнөктөштөр менен байланыштын системалуу болбогонуна, ар кандай чечимдерди кабыл алууда өкмөт менен министрликтердин иши ырааттуу болбой жатканына көңүл буруудабыз.

Финансы министри Адылбек Касымалиев «Азаттыкка» Кыргызстан 1992-жылдан 2018-жылдын август айына чейин чет жактан 9 млрд. 900 млн. долларга жакын каржылык колдоо алганын билдирди. Анын 7 млрд. доллардан ашыгы насыя катары берилсе, 2 млрд. 700 млн. доллардан ашык каражат грант иретинде келген.

Анын ичинен Кытай Кыргызстанга 2 млрд. 180 млн. долларга чукул каражат берген. Анын 2 млрд. 105 млн. доллары насыя, калган 72 млн. доллардан ашык каражат кайтарымсыз грант. Азия өнүктүрүү банкы 1 млрд. 702 млн. доллар акча берсе, анын 1 млрд. 87 млн. доллардан көбү насыя, 574 млн. доллары грант.

Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөткөндөрдүн сап башында Дүйнөлүк банк да бар. Ал 1 млрд. 680 млн. доллардан көбүрөөк каражат берген болсо, анын 1 млрд. 106 млн. доллардан ашыгы насыя, калган 574 млн. доллары кайтарымсыз грант.

Президент эл аралык донорлор менен жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан эл аралык донорлордон мындан ары да каржылык көмөк күтөөрүн жашырган жок:

- Эң негизгиси – «адамга шарт түзөбүз» деген мамлекетке мындан ары да жакшы жардам бересиңер, колдойсуңар деп терең ишенем. Биз силер менен иштешүүгө ачыкпыз. Маселе болсо, кирем десеңиздер ар бириңиздерди кабыл алып, аны чечүүгө мен даярмын. Анткени биз сырттан келген инвестиция менен жардамга абдан муктажбыз.

Финансы министринин маалыматы боюнча, чет жактан алынган каржылык колдоонун бир топ бөлүгү Кыргызстанда транспорт жана энергетика тармагына жумшалат. Маселен, жол салууга 2 млрд. 470 млн. долларга чукул каражат салынган. Ал эми энергетика секторуна 2 млрд. 150 млн. долларга жакын акча, ошол эле учурда республикалык бюджетти колдоого 2 млрд. 650 млн. доллардан ашык каражат кеткен.

Финансы министри Адылбек Касымалиев жол менен энергетикага салынган каражаттар өзүн актайт деген пикирде.

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

- Жол – өлкөнүн кан тамыры десек жаңылбайбыз. Жолдор канчалык жакшы болсо экономиканын өнүгүшүнө түрткү берет. Энергетика тармагына кеткен каражаттар энергетикалык өз алдынчалыкка жана ГЭСтерди реконструкциялоо менен модернизациялоого кетти.

Бирок гранттар менен насыялардын көбү коротулган энергетика менен транспорт тармагынан бюджетке кайра каражат түшпөгөнү сынга алынып келет. Бул маселе Жогорку Кеңеште да бир нече ирет көтөрүлгөн.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жолдон түз каражат түшпөсө да кыйыр түрүндө пайда келип жатканын жүйө кылып, министрликтин донорлор менен иштешүү тартибин айтып берди:

Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

- Ар бир долбоордун башталып, аяктай турган мөөнөтү бар. Ушуга донорлордон алган акча менен аткарылган ишти мөөнөтүнөн ашырып же аткара албай калган учурлар болгон эмес. Биз келген акчаны максаттуу колдонуу, ишти сапаттуу аткаруу жана мөөнөтүн сактоо деген үч негиз менен иштеп келе жатабыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык донолорду Кыргызстан менен тыгыз иштешип, өлкөнү 2018-2040-жылдары туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоорду колдоого чакырды.

Ал ортодо Дүйнөлүк банк бизнеске ыңгайлуулугу боюнча мамлекеттердин рейтингин жарыялады. Анда коңшу Казакстан алдыңкы отуз мамлекеттин катарына кошулса, Кыргызстан 70-болуп жазылды. Кыргызстан 2010-жылы бул рейтингде 41-орунду ээлеген болчу.

Дүйнөлүк банк жыл сайын бизнес ачуунун шарттары, курулушка уруксат алуу, насыя мүмкүнчүлүгү, инвесторлордун укугун коргоо, салык төлөө, келишимдерди сактоо жана банкротту жөнгө салуу боюнча жагдайды иликтеп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG