Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

"Центерранын" күмөн санаткан келишимдери


Кумтөр алтын кени. 2017-жыл.
Кумтөр алтын кени. 2017-жыл.

Кумтөр кени боюнча акыркы келишимге Сапар Исаковдун өкмөтү “Центерра Голд” менен былтыр кол койгон. Бирок келишимдин мазмунунан Жогорку Кеңештин депутаттары да кабарсыз экени 18-октябрда парламент жыйынында белгилүү болду.

Ал арада "Центерра" өзүнүн Монголиядагы эки кенин сатканын ачыкка чыгарды.

Кумтөр кени боюнча “Центерра Голд" менен акыркы келишимге 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган.

Парламент менен макулдашпай туруп ал келишимге кол койгону үчүн ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков депутаттардын каарына кабылган. Арадан бир жыл өткөнү менен Жогорку Кеңештин депутаттары кол коюлган келишим менен дагы эле тааныша электигин жана “Центерра” алган милдеттенмелерин аткарбай жатканын айтып чыгышты. Социал-демократ Дастан Бекешев муну парламенттик жыйында айтты:​

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- 2017-жылдын сентябрь айында премьер-министр "Центерра" менен бир макулдашууга кол койду. Бирок ал макулдашуу бизде жок. Парламентке келе элек. Парламенттеги депутаттар көбүнчө билбейт экен. Ушул жылы жаңы премьер-министр “биз ал макулдашууну карап чыгабыз, мүмкүн башкача кылабыз” деп айткан эле. Бирок дагы эле тынч болуп атат. Ошондуктан суранат элем, бизге да маалымат берсеңиздер. Кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат? “Тазалоочу жайларды куруп беребиз” деди эле, бирок ал дагы эле жок. “Онкологиялык борборго акча беребиз” дешкен. Бирок дагы эле акча толук түшө элек.

Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. Бирок 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан өз доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон. Бул макулдашууну аткаруунун мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Соңку чечим боюнча ал 2-ноябрга белгиленген.

Кыргызстан 2003-жылы “Кумтөр” ишканасындагы 67 пайыздык үлүшүн ошондо жаңы түзүлүп жаткан “Центерранын” 33 пайызына алмашканы белгилүү. Ошол кезде “Центерра” Монголиядагы эки алтын кенин – Бороо менен Гатсууртту өздөштүрөрүн жүйө келтирген.

Жакында эле белгилүү болгондой, эми “Центерра” Монголиядагы аталган эки кенди 35 миллион долларга сатканын жарыя кылды. Айрым эксперттер бул жагдай Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келерин айтып, аны Кыргызстан менен “Центерранын” мамилелерин кайрадан карап чыгууга жакшы негиз катары көрүп жатышат.

Анткен менен “Центерранын” директорлор кеңешинин бир катар мүчөлөрү буга макул эмес. Алардын бири Бектур Сагынов “Центерра” Бороо кенин толук иштетип бүткөнүн айтып, анын баасы реалдуу экенин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Азыр бул базар наркына туура келүүчү баа деп баамдалып жатат. Бул туура эле баа. Анткени “Центерра” муну иштете албай кармап турат. “Ана иштетебиз, мына иштетебиз” деп канча жылдан бери кармап турат. Мунун кармоонун да баасы бар. Ал жакта адамдар, кеңселер бар. Мунун баары чыгым. Ар бир иштебей туруп калган жыл "Центеррага" чыгым алып келет. 35 миллионду жалгыз карабай, ошонун баарын эске алыш керек.

Буга чейин “Центерра” компаниясы кыргыз тарап менен келишим үзүлө турган болсо, кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитражга сотко берерин эскертип келет.

Кумтөр кенине байланышкан теманы изилдеп жүргөн журналист Рыскелди Сатке азыркы өкмөттүн да, парламенттин да “Центерра” менен болгон келишимди өзгөртүүгө да, үзүүгө да саясий күчү жетпейт деген ойдо.

Рыскелди Сатыке.
Рыскелди Сатыке.

- Менимче булар “Центерра” менен келишимди үзбөөгө аракет кылышат. Себеби, эгер кыргыз өкмөтү “Центерра” менен келишимди буза турган болсо, алар бул ишти эл аралык сотко, арбитражга чыгарышат. “Центерра” дайым эле арбитраж менен коркутуп келген. Бизде болсо бул ишти аягына чыгара турган саясий күч жок. Парламентте да, өкмөттө да. Менимче булар мөңгүлөрдү аягына чейин иштетип эле бүтөт го...

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Өнөр жайы, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оморов бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Быйыл 14-июнда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр боюнча келишимде өкмөт макул боло албай турган жагдайлар бар экенин айтканы бар.

"Центерра Голд" компаниясынын 2017-жылдагы кирешеси 1,2 млрд. долларды түзгөн. Компаниянын алтын сатуудан түшкөн кирешеси 928 миллион долларды түзсө, анын 685 миллионун Кумтөр кениндеги алтынды сатып тапкан. Кумтөр "Центерранын" бардык кирешесинин 57 пайызын камсыз кылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG