Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:49

Экономика кедерине кетти


Иллюстрациялык сүрөт

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) 2018-жылдын жыйынтыгы менен Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен экономиканын эң төмөн көрсөткүчү Кыргызстанда болорун билдирди.

Анын негизги себептери эмнеде? Өкмөттүн аракетинин чабалдыгыбы же ички-сырткы объективдүү жагдайлар жолтоо болуп жатабы? Өндүрүштүн көлөмүн арбытып, экономиканы өнүктүрүш үчүн эмне кылыш керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиев жана экономика боюнча эксперт Мирсулжан Намазалиев катышты.

“Азаттык”: Насирдин мырза, ЭВФ 2018-жылдын жыйынтыгы менен Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен экономиканын эң төмөнкү көрсөткүчү Кыргызстанда болорун эскертүүдө. Сиз мындай божомолго кошуласызбы? Эгер ал чындыкка жакын болсо, анын себептерин сиз эмнеден көрөсүз?

Насирдин Шамшиев.
Насирдин Шамшиев.

Насирдин Шамшиев: Кыргыз өкмөтүнүн 2018-жылдын августундагы токтому боюнча да жыл аягына чейин 2,8 пайыздан жогору өсүш болот деп болжолдогонбуз. ЭВФ менен биздин божомол бирдей эле болууда.

Тогуз айдын жыйынтыгы менен айтканда Кумтөр кенин эске албаганда жалпы өсүш 2, 4 пайызга жетти. Биздин болжогонубузга жете албай калганыбыздын негизги себеби – “Кумтөр” ишканасынын таасири. Анын экономикага кошкон салымы чоң.

“Кумтөр” былтыркыга караганда аз алтын өндүрө турган болуп жатат, б.а. 2017-жылы 17 тонна алтын өндүргөн болсо, быйыл 15 тонна алуу болжолдонууда. Башка тоо-кен тармагындагы ишканаларда да төмөндөө бар.

Анын себеби - буга чейин кенди топурак-руда катары өндүрсөк, быйылтан баштап алтын концентрат катары алып жатабыз, ал да өз таасирин тийгизүүдө. Ал эми экономиканын калган тармактары боюнча бардыгында өсүш бар. Мисалы, курулуш тармагы 7, 2, айыл чарбасы 2, 4 пайызга өстү.

“Азаттык”: Мирсулжан мырза, абройлуу деп саналган ЭВФтин бул божомолу эмнеге таянып айтылып жатат деп ойлойсуз? Экономиканы өлчөөнүн критерийлери болсо керек?

Мирсулжан Намазалиев.
Мирсулжан Намазалиев.

Мирсулжан Намазалиев: Экономиканын абалын кайсы бир мезгил менен эле ченеп бүтүм чыгаруу туура эмес. Экономика кайсы бир мөөнөттө көтөрүлүп, кайсы бир учурда төмөндөп турганы табигый көрүнүш.

Кошуналар менен салыштырганда башкаларды коелу, он жыл жарандык согушту башынын өткөргөн Тажикстандын экономикасынын жалпы абалы Кыргызстандан бир аз артта, бирок өсүш темпи боюнча алдыга чыгып жатканы чындык.

Өзбекстан да мындан бир топ жыл илгери бизден бир топ артта болчу, азыр алар ат чабым алдыга кетти. Ошондуктан ЭВФтин эсеп-болжолдору чындыкка жакын. Туура, Кыргызстан акыркы жылдары өнүгө албай жатат.

Насирдин Шамшиев: Ар бир мамлекеттин экономикасына түрткү бере турган базасы болот. Бизде колго алар жалгыз база – бул алтын өндүрүү. “Бизде энергетика экономикага база болот” дедик эле, тилекке каршы, “Камбар-Ата”, Жогорку Нарын каскады ж.б. ири долбоорлор иштебей токтоп турат. Айыл чарбасына ишеним артып жаттык эле, ал ИДӨнүн болгону 13 эле пайызын түзүп, өйдөлөй албай жатат.

Айыл чарбасындагы чоң мүмкүнчүлүк пайдаланылбай жатат. Бизде дан эгинди гектарынан 25 центнерден алсак, кошуна Өзбекстанда 50 центнерден алып жатышат. Кыргызстанда ар бир уйдан 2 литрден сүт алсак, Беларуста 5 литрден алып жатышат.

“Азаттык”: Насирдин мырза, ошентсе да ЭВФ Кыргызстанда 2019-жылы экономикада бир аз өсүш болорун айтууда. Б.а. өлкөнүн ички дүң өнүмү төрт жарым пайызга көтөрүлөт экен. Андай оң тенденцияга кандай негиздер түрткү болот деп ойлойсуз?

Насирдин Шамшиев: Биздин эсептөөлөр боюнча да төрт пайыздын ашат. Биз келерки жылы өсүштү курулуш тармагынан 11 пайыз болот деп болжолдоп жатабыз. Кыргызстанда инфраструктуралык курулуштар өсөт, буюрса. Айыл чарбасы 3 пайыздан ашат деп жатабыз.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду айыл чарбасына чоң түрткү берип жатат, анын натыйжасы болот деп эсептейбиз. Майда жана чакан бизнестин мүмкүнчүлүгү кеңейип баратат, ал да өз жемишин берет. Биздин эсеп боюнча 2023-жылга чейин майда, чакан жана кайра иштетүүчү ишканалардын ИДӨдөгү үлүшү 50 пайызга жетиш керек.

“Азаттык”: Мирсулжан мырза, өлкөнүн Улуттук статистика комитети 2018-жылдын тогуз айында кыргыз экономикасынын экспорту 4,9 пайызга азайганын, ал эми импорт 15 пайызга көбөйгөнүн белгиледи. Экономиканын чабалдашына бул да кедергисин тийгизеби?

Мирсулжан Намазалиев: Мен соода балансындагы сальдого анча деле маани бербейм. Себеби, бул тармак так эсептелбей турган, түздөн-түз таасир этпей турган жагдай. Мисалы, кошуна өлкөлөрдүн ИДӨсүнүн 30-40 пайызын мунай, газ түзөт деп мактап калабыз. Ал эми Кыргызстандын ИДӨсүнүн 30 пайыздын ашык өлчөмүн чет өлкөлөрдөгү мигранттардан келген акча түзүп жатканы өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Насирдин Шамшиев: Кыргызстандын экспортунун азайып кетишине дагы эле Кумтөрдүн алтыны быйыл аз сатылганы таасир берди. “Кумтөр” жалпы экспортто 30 пайыздан ашат. Импорттун негизги көлөмү Кытай менен Түркияга туура келүүдө. Албетте, мигранттардан келген акча ИДӨгө кыйыр түрүндө таасир этет. Ал акча элдин бир топ социалдык маселелерин чечүүдө, коомдун туруктуулугуна оң таасир тийгизип жатканын белгилеп койгум келет.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Өйдө-төмөн экономиканын кедергиси жана келечеги (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:39 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG