Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 13:25

Нобел сыйлыгы: климаттын экономикага таасири


Уильям Нордхаус, Йел университети. 8-октябрь, 2018-жыл.

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы быйыл америкалык илимпоздор Уильям Нордхаус менен Пол Ромерге ыйгарылды.

Алар бул абройлуу сыйлыкка экономиканын узак мөөнөттүү өнүгүшү менен климаттын өзгөрүшүнүн жана инновациялык технологиялардын байланышын айкалыштырып иликтегени үчүн татыктуу болушту.

Ал арада илимпоздордун мурда Нобел сыйлыгын алган тобу климаттын өзгөрүшүнө каршы чукул чара көрүү зарылдыгын кайрадан эскертишти.

Нобелдин экономика боюнча сыйлыгынын быйылкы лауреаттарынын бири, 77 жаштагы Уильям Нордхаус Кошмо Штаттардагы айтылуу Йел университетинин, ал эми экинчиси, 63 жаштагы Пол Ромер - Нью-Йорк университетинин профессору.

Швециянын падышалык Илимдер академиясы 8-октябрда жарыялагандай, бул илимпоздордун бири сыйлыкка климаттын өзгөрүшүн, экинчиси - технологиялык инновацияларды “узак мөөнөттүү макроэкономикалык талдоого аралаштыра алганы” үчүн татыктуу болушту:

- Бул эки изилдөөчү - экономика узак мөөнөттөн алганда кантип өсөрүн жана ошол экономикалык өсүштүн, экономикалык жараяндын таасири баарына бирдей тийишин камсыз кылыш үчүн кандай аракет кылыш керек экенин түшүнүүгө ири салым кошкондор. Демек сөз бул жерде биз кабылган эки ири көйгөй тууралуу жүрүп жатат. Биринчиси - биз узак мөөнөттүү бакубатчылык үчүн зарыл жаңы идеяларды, жаңы инновацияларды кантип уланта алаарыбыз. Экинчиси - биз экономикалык өсүштүн климатка тийген терс кесепеттерин, экономиканын өсүшү менен кошо көбөйгөн, адамзаттын келечегин кооптуу жагдайга кептеген булганыч газдардын көйгөйүн кантип жөнгө сала алаарыбыз, - деди Нобелдин экономика сыйлыгын ыйгаруучу комитеттин төрагасы Пер Стромберг.

Нобел комитетинин бүтүмүндө айтылгандай, лауреаттар эң акыркы деп эсептелгидей жоопту беришкен жок, бирок алардын иликтөөсүнүн жыйынтыгы адамзатты "Глобалдык туруктуу экономикалык өсүштү кантип камсыздоого болот?" деген суроонун жообуна жакындатты.

Маселен, Пол Ромер өз эмгектеринде экономикалык факторлор ишкерлердин жаңы идеяларды жана инновациялык технологияларды киргизишине кантип таасир этерин көргөзгөн.

Экономикалык өсүштүн ал иштеп чыккан модели теорияда “эндогендик өсүш” деген ат менен белгилүү.

Ал эми Йел университетинин профессору Уильям Нордхаус экономика менен климаттын карым-катышынын математикалык моделин эң биринчи болуп түзгөн.

Нордхаус Нобел сыйлыгы ага ыйгарылганы жарыялангандан кийин кабарчылар менен маектешип жатып бул ага күтүүсүз болгонун айтып, бирок экономика менен климаттын өзгөрүшүнүн карым-катышын 40 жылдан бери иликтеп келе жатканына токтолду.

Профессор Пол Ромер Нобел сыйлыгын ыйгаруу комитети менен түз байланышка чыкканда дүйнөдө туруктуу экономикалык өсүштү булганыч газдардын бөлүнүшүн азайтуу жолу менен камсыз кылууга болот деген ишенимин билдирди:

Пол Ромер, Нью-Йорк университети, 8-октябрь, 2018-жыл.
Пол Ромер, Нью-Йорк университети, 8-октябрь, 2018-жыл.

- Эгерде биз саясатты талаптагыдай өзгөртсөк, экономикалык өсүштү токтотуудан баш тартпай туруп эле айлана-чөйрөнү коргоодо кыйла жылышка жетише алабыз. Көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн азайтуу толук мүмкүн, болгону бир аз гана компромисс керек. Биз муну азайтууга аракеттене баштаганда, ал күтүлгөндөй татаал эмес экенине таң калабыз.

Климатологдордун жаңы эскертүүсү

Нобелдин экономика боюнча 1968-жылдан бери ыйгарыла баштаган сыйлыгынын быйылкы 50-лауреаттарынын жарыяланышы илимпоздордун климаттын өзгөрүшү боюнча Улуттар Уюмуна караштуу топтун (IPCC) жаңы баяндамасы чыккан учурга туш келди. Климатолог илимпоздордун 2007-жылы Нобел Тынчтык сыйлыгын алган тобу глобалдык жылуулуктун өсүш ыргагын токтотуш үчүн чукул чаралар зарыл экенин кайрадан эскертүүдө:

Петтери Таалас.
Петтери Таалас.

- Биз 1,5 градустук чек 2030-жыл, буга 11 эле жыл калды жана 2052-жылдын аралыгында жетет деп күтүп жатабыз. 1,5 градус менен 2 градустун ортосунда кандай айырма бар? Айрым эсептерге караганда, эгер биз абанын ысышын 1,5 градус менен чектей алсак, климаттын өзгөрүшүнөн 420 миллионго азыраак киши жабыр тартат, - деди 8-сентябрда Женевадагы басма сөз жыйында Метереология боюнча дүйнөлүк уюмдун баш катчысы Петтери Таалас.

Климатолог илимпоздор 1,5 градус дегенде аба температурасы индустриалдык доорго чейинки, 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн Цельсий боюнча 1,5 градуска көтөрүлө турганын эске алып жатышат.

Ал эми 2015-жылы Парижде жетишилген глобалдык макулдашуунун максаты - 2100-жылга карата Жер планетасында аба температурасынын ысышын индустриалдык доорго чейинки орто көрсөткүч деңгээлинен Цельсий боюнча 2 градустан ашырбоо болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG