Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

Дүйнөдө абанын булганышы кайра күчөдү


RWE компаниясынын Германияда электр кубатын көмүрдөн өндүргөн станциясы. 3-ноябрь, 2017-жыл.

Илимпоздордун жаңы жарыяланган иликтөөсү дүйнөдө абага булганыч газдардын бөлүнүү деңгээли акыркы үч жылдык тыныгуудан соң быйыл кайра көбөйгөнүн көргөзүүдө. Мурдараак көмүр кычкыл газынын атмосферадагы курамы рекорддук чекке чыкканын дүйнөлүк Метеорология уюму да билдирген.

Global Carbon Project деген уюмга бириккен илимпоздордун эл аралык тобунун иликтөөсүнүн жыйынтыгы ушул дүйшөмбү күнү жарыяланды.

Аны менен Улуттар Уюмунун учурда климат боюнча Бонн шаарында өтүп жаткан конференциясынын катышуучулары да таанышып чыгышты.

Илимпоздордун баштапкы эсептерине караганда, көмүр кычкыл газынын бүткүл дүйнө боюнча эмиссиясы быйыл былтыркыдан эки пайызга көбөйгөнү турат.

Global Carbon Project уюмунун жаңы баяндамасы, ошентип, булганыч газдардын абага бөлүнүү деңгээли акыркы үч жылда турукташып, бир калыпта кармалып келгенден кийин кайра өсө баштаганын көргөзүүдө.

Бээжинде түтүндөн улам мурунтук тагынууга аргасыз болгон адамдар. 21-декабрь, 2016-жыл.
Бээжинде түтүндөн улам мурунтук тагынууга аргасыз болгон адамдар. 21-декабрь, 2016-жыл.

- Биздин иликтөө көмүрдү, мунайды, газды жагуудан чыккан эмиссия эң жетер чегине жетип, биз ошол чектен артка кайттык деген үмүттөрдү таш каптырды, андай болбоптур, - деди иликтөөнүн авторлорунун бири, АКШдагы Стэнфорд университетинин окумуштуусу Роб Жэксон (Rob Jackon).

Илимпоздордун эл аралык тобунун жаңы баяндамасы алдында Жер атмосферасында көмүр кычкыл газынын концентрациясы рекорддук деңгээлге чыкканын Метеорология боюнча дүйнөлүк уюм да билдирген эле.

Уюмдун журналында өткөн айдын соңунда жарыяланган эсептер боюнча 2015-жылы көмүр кычкыл газынын концентрациясы бир миллионго 400 бөлүкчө болсо, былтыр бул көрсөткүч 403,3кө көтөрүлгөн:

- Биз көмүр кычкыл газынын бир жыл ичиндеги концентрациясы боюнча мынчалык чоң өсүшкө буга чейин эч күбө болгон эмеспиз. Бул биз туура эмес багытта кетип жатканыбыздын далили. Климаттагы өзгөрүүлөрдү басаңдатуу үчүн алдыдагы 15-20 жылда жүрүм-турумубузду өзгөртөбүз деген үмүт бар. Бирок азырынча бизде ага жетишкидей дымак болбой турат, - деген эле Метеорология уюмунун башкы директору Петтери Таалс Женевадагы басма сөз жыйынында.

Көмүр кычкыл газынын абадагы көрсөткүчү, адистердин айтымында,1880-жылдардын аягынан, индустриалдык революциядан тартып акырындык менен туруктуу өсүп келди.

Чукул жана тез өсүш 1950-жылдардан башталып, Жер атмоферасына бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын бир жылдык деңгээли акыркы үч жыл катары менен 40 миллиард тоннага барып токтолгон.

Global Carbon Project уюмундагы илимпоздордун 2017-жыл үчүн эсептери болсо бул көрсөткүч эми 40,8 миллиард тоннага жетерин көргөзүүдө.

Ал эми алтымыш жыл мурда абага бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын жылдык көлөмү тогуз миллиард гана тоннанын тегерегинде болгон экен.

Илимпоздордун көз-карашында, 1950-жылдан берки глобалдык жылуулуктун 90% ашыгына атмосферага бөлүнүп жаткан дал ушул көмүр кычкыл газы себепкер.

Кытайдын Хэбэй провинциясындагы болот эритүүчү завод. Сүрөт 2014-жылы тартылган.
Кытайдын Хэбэй провинциясындагы болот эритүүчү завод. Сүрөт 2014-жылы тартылган.

Анын быйылкы өсүшүнүн басымдуу бөлүгүнө дүйнөнүн экинчи ири экономикасы - Кытай түрткү болууда. Аларда көмүр кычкыл газынын бөлүнүү дегээли быйыл 3,5% жогорулап кеткен.

Бирок Бээжиндеги бийлик өкүлдөрү Кытай көмүр кычкыл газын азайтуу багытында тынымсыз аракеттенип жатат деп ырасташат:

- Акыркы он жылда биз экономикалык өсүшкө жетишүү менен бирге көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн 4,1 миллиард тоннага азайттык. Ошол эле учурда биз климат боюнча аракеттер менен социалдык -экономикалык өнүгүүнүн ортосундагы координация пайдалуу экенин аңдып билдик. Эл аралык коомчулук Кытайдын аракеттерин эң мыкты үлгү катары көрдү, - дейт Кытайдын климат боюнча атайын өкүлү Сие Жэньхуа (Xie Zhenhua).

Дүйнөнүн биринчи экономикасы АКШда Global Carbon Project уюмунун эсеби боюнча быйыл көмүр кычкыл газы 0,4%, Евробиримдикте 0,2% азайган. Индияда болсо тескерисинчө 2% көтөрүлгөн.

Көмүр көйгөйү

Көмүр кычкыл газынан арылуунун башкы аргасы катары адистер көмүрдүн колдонулушун азайтууну айтып келишет.

Энергия боюнча эл аралык агенттикттин маалыматына караганда, дүйнөдө азыр да электр кубатынын 40% көмүрдүн эсебинен өндүрүлөт.

Европада да учурда электр кубатын көмүрдөн өндүргөн 280дей станция бар.

Улуттар Уюмунун климат боюнча Бонндогу конференциясын утурлай Германияда өткөн демонстрацияларда ал станцияларды 2030-жылга чейин жабуу талабы айтылды.

БУУнун конференциясын утурлай көмүр колдонууну токтотууну талап кылган демонстрация. Германия, 4-ноябрь, 2017-жыл.
БУУнун конференциясын утурлай көмүр колдонууну токтотууну талап кылган демонстрация. Германия, 4-ноябрь, 2017-жыл.

Көмүрдү эң көп колдонгон он өлкөнүн ичинде ирети менен Кытай, АКШ, Индия, Жапония, Орусия, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Германия, Польша, Индонезия турат.

Бул он өлкөнүн үлүшүнө дүйнөнүн көмүргө болгон муктаждыгынын 85%, ал эми жалгыз Кытайдын үлүшүнө 50% жакыны туура келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG