Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр


5-июнь - Жаратылышты коргоонун эл аралык күнү. Кыргыз коомунун экологиялык аң-сезими, айлана-чөйрөнү коргоо ар бир жарандын иши экени “Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусунун өзөгүн түздү.

Талкууга “Жашылдар” партиясынын мүчөсү Наргиза Абдылдаева, журналист, публицист Мырзакат Тыналиев жана жаш активист Эсен Рысбеков катышты.

“Азаттык”: Адатта чет өлкөлүк коноктор Кыргызстанды жаратылышы кооз өлкөлөрдүн катарына кошот. Ошол эле мезгилде коомчулуктун алдыңкы катмары учурда табият өтө жабыркап, өксүп баратканын айтып, коңгуроо кагышууда. Учурда Кыргызстанда жаратылыш тиешелүү деңгээлде корголуп жатабы?

Мырзакат Тыналиев: Тиешелүү деңгээлде корголуп жатат деп айтыш кыйын.

Совет мезгили учурундагы нормативдик, мыйзамдык документтер жана айлана-чөйрөнү коргоо иш-чараларын азыркыга салыштырып караганда, учурда жаратылышка өтө начар мамиле жасап жатабыз.

Мисалы, токойлордун аянты кескин кыскарууда, булганган аймактар көбөйүүдө жана абанын кирдеши өтө жогорку деңгээлге жетти. Биз мактанган менен илимий маалыматтарга таянсак, биздеги абанын булганышы өнөр жай иштебесе да, өнөр жайы өнүккөн шаарлардын деңгээлинде.

Наргиза Абдылдаева: Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлде жаратылышты коргоо жаатында аракеттер жакшы эмес.

Мындан сырткары тарбия жагын алсак, Билим берүү жана илим министрлиги, тиешелүү органдар көйгөйлөрдү көтөрүп, туура нукка салып иштеп кете албай жатышат.

Азыр тазалыкты сактайлы деп, таштандыларды жыйнаган, бак тиккен дагы башка демилге көтөргөн активдүү жаштар көп. Бирок ошол жаштардын астында мамлекет турбагандыгы өкүндүрөт. Тескерисинче, алардын астында башка мамлекеттер тургандыгы, жаштарды ошолор тарбиялап жатканы жүрөк оорутат.

Эсен Рысбеков: Бул тарбиядан да болот. Ар бир адамдын жеке сезими болушу керек. Мисалы, ар бирибиз өз бөлмөбүздү карап, жыйнап жүрөбүз.

Эгер ушундай "өзүмдүкү" деген сезим болбосо, башканын менчигин баалабайсың. Бөтөлкөлөрдү көрүнгөн жерге ыргытсаң да, сага эч ким эч нерсе дебейт.

Экинчиден, мамлекеттин да аракети, сунушу болушу керек. Мисалы, Астанада көчөгө таштанды ыргытсаң айыппул төлөйсүң. Америкада да ушундай, атайын агенттик таштандыны көчөгө таштаганың үчүн айып салат. Бизде ошондой жок болуп жатат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:14:05 0:00
Түз линк


please wait

No media source currently available

0:00 0:10:28 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG