Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Кытайдын жаңы жетекчилиги экологияга көңүл бурат


Кытайдын жекшембиде шайланган премьери Ли Кацян президент Си Цзиньпин менен кол алышууда.
Кытайдын жекшембиде шайланган премьери Ли Кацян президент Си Цзиньпин менен кол алышууда.

Кытайдын жаңы лидерлери булганч аба жана азык-түлүктүн коопсуздугу боюнча «чечкиндүү» аракет көрөбүз деп сөз беришти. Бул экономикасы дүркүрөп өсүп жаткан дүйнөдөгү эң көп сандуу өлкөдө өтө өтүшүп кеткен проблема болуп саналат.


Кытайдын жаңы өкмөт башчысы абанын булганышын азайтууга сөз берди. Жекшембиде журналисттер менен жолукканда Ли Кэцян ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу үчүн күрөш да күч алат деп ишендирди:

- Элдин таза аба, таза суу жана таза азык менен камсыздалышын кепилдөө үчүн биз Кытайдын экономикалык өнүгүү моделинин жакшыртабыз.

Кытайдын жаңы премьери бул багытта анын өкмөтү «каруу кол жана бекем чечкиндүүлүк менен» иш алып бараарын эскертти.

Ушул эле күнү башка бир жолугушууда Кытайдын жаңы президенти Си Цзиньпин «кытай мамлекетинин улуу улут болуп кайра жаралышы» жана «кытайлык мүнөздөгү социализмдин улуу максаттары үчүн» иштей тургандыгын айтты:

- Биз элдин эң түпкүлүктүү кызыкчылыктарын жана бүт өлкөнү коргоп, өнүгүүнүн жемиши бардык элге акыйкат жетишин камсыздашыбыз керек. Экономика менен коомду туруктуу өнүктүрүүнүн негизинде биз жалпы элдик гүлдөгөн турмушту көздөй арышыбызды арылтабыз.

Си ошондой эле коррупция менен күрөштү колго алаарын айтты:

- Биз формализмге, ашкере бюрократияга, өз жыргалын гана ойлогон өзүмчүлдүккө, ашыкча ысырапкордукка тикелей каршыбыз, ошол эле мезгилде коррупцияны жок кылуудагы чечкиндүү күрөшүбүздү улантабыз. Биз коммунисттик партия мүчөлөрүнө мүнөздүү болгон саясий сапаттарды сактайбыз жана партия менен элдин кызыкчылыгында күрөштү улантууга сөз беребиз.

Кытайдын жаңы жетекчилери Бээжинде Улуттук элдик Курултайдын акыркы күнү элге чыгышты.

Кытайдын жаңы жетекчиси Си Цзиньпин
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Бийликтин чечимдерин элпек, бир ооздон колдогон бул парламенттеги жыйындын аягында Кытайда бийликтин алдын-ала аныкталган жол менен бир айдын ичинде алмашышы соңуна чыкты.

Си менен Ли Компартиядагы номер биринчи жана экинчи кызматтарга ноябрда эле бекиген. Жекшембиден тартып алардын өкмөтү толугу менен аныкталып, ишке киришти.

XS
SM
MD
LG