Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 01:57

2017-жылы абага чыккан көмүр кычкыл газынын көлөмү 2% көбөйдү, дүйнөнүн ар тарабында табигый кырсыктар болду. Кыргызстанда мөңгүлөр тездик менен эрип баратат.

Илимпоздор 2017-жылды тарыхтагы эң аптаптуу жылдардын бири деп жарыялашты. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун жетекчиси Петтери Таалас Бонндо өткөн климат боюнча конференцияда “Азияда абанын температурасы 50 градустан өтүп, жаңы чекке жетти. Кариб бассейнин жана Атлантиканы катуу бороон-чапкын каптаса, Чыгыш Африкада миллиондогон адамдарга залакасын тийгизип, баарын кыйраткан суу ташкындарын көрдүк” – деп соңку үч жылда Жер планетасында адаттан тышкары ысык аба ырайы болгонун белгиледи.

Глобалдык метеорологиялык уюмдун башчысынын сөзүндө мунун баары адамдын табиятка жасаган мамилесинин кесепети экени айтылды. Жер жүзүндө миңдеген гектар токойлор кыйылып, атмосферага чыккан кара түтүн суюла элек. Көмүр кычкыл газынын деңгээли соңку 800 жылга салыштырганда эң жогорку чегине жетти.

Индия. Нью-Делидеги таңкы көрүнүш. 20-октябрь, 2017-жыл.
Индия. Нью-Делидеги таңкы көрүнүш. 20-октябрь, 2017-жыл.

"Global Carbon Project" деген уюмга бириккен илимпоздордун эл аралык тобунун иликтөөсүнө таянсак, соңку үч жылда туруктуу кармалган эмиссия 2017-жылы 2% көбөйүп, башкача айтканда 40,8 миллиард тоннага жетти. Ал эми 60 жыл мурда абага кошулган булганыч газдардын жылдык көлөмү тогуз миллиард гана тоннанын тегерегинде болгон экен.

1950-жылдан берки глобалдык жылуулукка негизинен атмосферага бөлүнүп жаткан дал ушул көмүр кычкыл газы себепкер. Энергия боюнча эл аралык агенттиктин маалыматына караганда, дүйнөдө ушу тапта электр кубатынын 40% көмүрдүн эсебинен өндүрүлөт.

Париж макулдашуусу: Өнүгүп келаткан өлкөлөргө жардам

Дүйнө коомчулугу жашыл планетаны кантип сактап калуунун жолун издеп жатканда АКШнын президенти Дональд Трамп Париж келишиминен чыгаарын жарыялады. Ал шайлоо маалында эле келишим "АКШнын экономикасына “триллиондогон доллар” зыян келтирет, миңдеген жумуш орундары кыскарат" деп, каршы болуп келген.

Париж макулдашуусунда климаттын өзгөрүшүн токтотууну каржылоого көнүл бурулат. Дүйнөлүк жаратылыш фондунун “Климат жана энергетика” программасынын жетекчиси Алексей Кокориндин айтымында, жүздөгөн экономикалык жактан чабал өлкөлөр өз алдынча бул боюнча эч нерсе жасай албайт. Аларга сырттан көмөктөшүү керек. “Трамптын андан баш тартып жатканы жоопкерсиздик. Анткени бул зарыл гуманитардык миссия. Башкалардын бардыгы буга макул" дейт Кокорин.

Былтыр ноябрда өткөн Париж саммитинде Жашыл климат фондуна эки миллиард доллар топтоо макулдашылды. Фонд климаттын өзгөрүшүнөн жабыркаган өлкөлөргө финансылык колдоо көрсөтүп, жаңы шарттарга ыңгайлашуу үчүн атайын программаларды ишке ашырууга жардамдашат. Бул үчүн дүйнө коомчулугу өз ыктыяры менен 2020-жылга чейин фондго жылына 100 миллиард доллар салым кошушу керек. Ал милдет негизинен өнүккөн өлкөлөргө жүктөлөт.

Кыргызстан Париж келишимине кошулуп, абага зыяндуу газдарды чыгарууну 30% чейин азайтуу милдеттенмесин алган. Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев өлкө “жашыл экономикага” өтүүнү максат кылып, ал үчүн артыкчылыктуу тармактар аныкталганын белгилейт.

Илимпоздор климаттын глобалдык өзгөрүшүнөн улам муз эрип, деңиздердеги суу көтөрүлүп, Жер шарында суу ташкындары, кургакчылык жана бороон-чапкын сыяктуу адам өмүрүнө зыян алып келген табигый кырсыктар көбөйүп баратканын жүйө келтиришет.

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин көз карашында, Кыргызстан адаптация маселесине көбүрөөк көңүл бурушу керек. Жашыл климат фонду аркылуу акча алып, “өзүбүздүн экономикабызды ошого шайкеш келтиребиз” дейт Экономика министрлигинин өкүлү.

Кытайдын чыккан уулуу газдар Ала-Тоого жетет

Атмосфераны булгаган газдардын 10% Евробиримдик өлкөлөрүнө тиешелүү болсо, 40-45% дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикасы саналган АКШ менен Кытайдын үлүшүнө туура келет.

Дания менен Гренландиядагы илимий геологиялык борбордун климатолог адиси Уиллям Колген Кытай өндүрүшүнөн чыккан уулуу газдар Кыргызстандын мөңгүлөрүнө чейин жетип жатканын илимий изилдөөлөр далилдегенин белгилейт. Илимпоздун айтканына таянсак, энергиянын абдан кир булактары: көмүр жагуудан жана автоунаалардын чыккан “кара түтүн” башка газдардай атмосферага тегиз тарабайт. Алар ошол чыккан аймакта уюп калат.

“Мөңгүлөр ошол кара түтүндү канчалык көп сиңирип алса, ошончолук көп эрийт. Кыргызстан Кытайдын кара түтүнүнөн башкаларга караганда көп жабыр тартат” – дейт Колген.

Эскерте кетсек, дүйнөдө көмүрдү эң көп колдонгон 10 өлкөнүн сап башында Кытай, АКШ, Индия, Жапония, Орусия, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Германия, Польша, Индонезия турат. Бул он өлкөнүн үлүшүнө дүйнөнүн көмүргө муктаждыгынын 85%, ал эми Кытайга анын 50% жакыны туура келет.

Борбор Азияда мөңгүлөр эрип, экосистема өзгөрөт

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Борбор Азияда климаттын өзгөрүшү Жер шарынын башка тарабына караганда көбүрөөк сезилиши мүмкүн. Эгерде глобалдык алкакта абанын температурасы төрт градуска ысып жатса, XXI кылымдын аягында бул чөлкөмдө жылдык температура 1951-1980-жылдарга салыштырмалуу жети градуска чейин көтөрүлүшү ыктымал. Дүйнөдө бул көрсөткүч үч градустун тегереги деп белгиленет.

Абанын мындай кескин ысышы Борбор Азияга кандай таасир этип, эл турмушун кандайча өзгөртүшү мүмкүн?

Кумтөр кениндеги көрүнүш. 14-ноябрь, 2017-жыл.
Кумтөр кениндеги көрүнүш. 14-ноябрь, 2017-жыл.

Илимге таянсак, биринчиден, анын мөңгүлөр менен суу ресурстарына таасири чоң болот. Мөңгүлөрдүн тездик менен эришинен улам суу запасы азаят. Аба ысыганда көлдөрдө, бассейндерде суу бууланып, деңгээли төмөндөйт. Экинчиден, суунун тартыштыгынан өсүмдүктөр дүйнөсү жапа чегет. Температура көтөрүлгөн сайын өсүмдүктөр да сууну көбүрөөк сарптай баштайт.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев сентябрь айында Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө “2100-жылга карата Кыргызстандын мөңгүлөрү жер үстүнөн такыр эле жоголуп кетиши мүмкүн” деп, дүйнөлүк коомчулукту тоолуу экосистемаларды коргоо боюнча биргелешкен долбоорлорду аткарууга үндөгөн.

Мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатканын тажик президенти Эмомали Рахмон да бир нече ирет эл аралык трибунадан айткан эле. Борбор Азиянын суу ресурстарынын 60% ашуунунун булагы болгон Тажикстандын аймагындагы 13 миңдей мөңгүнүн бир миңден ашууну эрип, жок болуп кеткени такталган.

Швейцариядагы Цюрих университетинин кызматкери Хорст Махгут (Horst Machguth) Кыргызстанды көп кыдырып, мөңгүлөрдү изилдегенге катышкан. “Тянь-Шань тоолорундагы мөңгүлөрдө ушу тапта муздун калыңдыгы 25-50 см жукарып баратат” деген адис бул глобалдык орточо көрсөткүчтөн кичине азыраак экенин белгилейт. Глобалдык орточо көрсөткүч акыркы жылдары бир метрден ашып кетти.

Окумуштуулар Борбор Азиянын мөңгү массасы негизинен абанын табынын көтөрүлүшүнөн азайып баратканын белгилегени менен техногенддик факторду дагы четке кагууга болбойт. Маселен, Ак-Шыйрак тоо массивинде жайгашкан Кумтөр кениндеги мөңгүлөргө алтын казуунун таасири эбегейсиз экенин климатолог-гляциолог Уиллям Колген “Азаттык” радиосу менен болгон маегинде түшүндүрүп берген.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Кыргызстанда ар кандай табигый кырсыктар болуп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтканы боюнча, 2017-жылдын беш айында эле 129дан ашуун жер көчкү жүргөн. "1991-жылдан 2016-жылга чейин 518 жер көчкү болгонун эске алганда, бул бир жылда тогуз жылдык норманын көрсөткүчү" деди минист Боронов.

Кышында айрым жерлерге эки метрге чейин кар түшүп, жазында күн кескин ысып кеткенинин кесепетинен улам Жалал-Абад жана Ош облустарында суу ташкындары жүрдү.

Жалпысынан дүйнө жүзүндө абанын температурасы ар кандай ыргакта көтөрүлүп баратат. Борбор Азияга мунун бир канча кесепеттери тийиши мүмкүн.

Аймакта жашыл жаратылыш абанын табына жараша өзгөрөт. Түркүн түрдүү өсүмдүктөр температурага ылайыкташып, экосистеманы өзгөрүүгө дуушар кылат. Талаалар чөлгө айланып, шалбаалар азаят. Токойлор болсо бийиктеп, тоо бооруна көтөрүлөт. Дарактар өспөй, тал-терек азаят.

Суунун, абанын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн тыгыз байланышы экономикага таасирин тийгизет. Мунун баары адамдын жашоо ыргагы жана турмуш-тиричилиги үчүн өтө маанилүү. Температуранын көтөрүлүшүнүн табигый жана маданий ландшафтка таасири чоң экени шексиз. Аба ысыган сайын адамдын ден соолугу начарлап, жылуу толкундардан жабыр тарткандар көбөйөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG