Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Нобел сыйлыгын ракты ооздуктагандар алды


Нобелдин медицина жана физиология боюнча сыйлыгынын быйылыкы лауреаттары: америкалык илимпоз Жеймс Эллисон жана жапониялык иммунолог Тасуку Хондзе.
Нобелдин медицина жана физиология боюнча сыйлыгынын быйылыкы лауреаттары: америкалык илимпоз Жеймс Эллисон жана жапониялык иммунолог Тасуку Хондзе.

Дүйнөдөгү кадыр-барктуу Нобел сыйлыгынын физика жана медицина боюнча быйылкы жеңүүчүлөрү аныкталды.

Илимпоздор Жеймс Эллисон менен Тасуку Хондзе өсмөнү (рак илдетин) дарылоодогу ачылыштары, Артур Эшкин, Жерар Мурр жана Донна Стрикленд оптикалык пинцет жана ультра кыска импульстардын лазерин ойлоп тапканы үчүн сыйланышты.

Нобелдин быйылкы медицина жана физиология тармагы боюнча сыйлыгы америкалык илимпоз Жеймс Эллисон менен жапониялык окумуштуу Тасуку Хондзеге берилди. Алар рак илдетин дарылоодогу жаңы ыкманы ойлоп табышканы үчүн сыйланганын Швециянын падышалык академиясы 1-октябрда жарыялады.

Эки окумуштуу 1990-жылдары ар бири өз алдынча адам организминдеги рак клеткаларына каршы күрөшүүчү табигый иммундук системаны тоготпогон «зыяндуу» белокторду аныкташкан. Кийин мына ошол "зыяндуу" клеткаларга туруштук бере ала турган дарылоо ыкмасын да ойлоп табышкан.

70 жаштагы иммунолог Жеймс Эллисон бул ачылыш көптөгөн бейтаптарга үмүт бергенин айтты:

- Мага эртең менен Нобел комитети чалып, бул сыйлык биринчи жолу рак илдетин дарылоо ыкмасы үчүн ыйгарылганын айтышты. Буга чейин рак илдетине байланыштуу ачылыштарга берилип келген экен. Мен рак оорусунан жабыркап келген бардык бейтаптарга айткым келет, биз прогресске жетишип жатабыз.

Илимпоздордун айтымында, адамдын иммундук системасы организмдеги мутация болгон клеткаларды таап, алар көбөйүп кете электе жок кылганга жөндөмдүү. Бирок рак клеткалары бул табигый коргонуу системасын "алдап", шишиктин тез чоңоюшуна шарт түзө баштаган. Эллисон менен Хондзе рак клеткаларынын "амалын" алдын ала аныктап, иммундук системаны күчтөндүрүүнүн жолун табышкан. Муну менен рак илдетин дарылоодо чыныгы революция жасалып, анын негизинде бир катар дары-дармектердин жаңы түрү чыгарылган.

Тасуку Хондзе илимий ачылышы менен сыймыктанарын жашырбайт:

- Кээде мага адамдар кайрылып, мен ойлоп тапкан дарылоо ыкмасынан улам оор илдеттен арылып, айыгып кеткенин айтышат. Ыраазычылык билдиришет. Бул менин илимий иликтөөлөрүм чындап эле маанилүү экенин көрсөтөт жана мени мындай сөздөр чындап бактылуу кылат.

Эки иммунологго таандык бул ачылыштан кийин рак илдетинин акыркы, айыккыс деп саналган стадиясын да айрым учурда дарылоого мүмкүн болуп калганын башка окумуштуулар белгилешүүдө.

Нобелдин медицина тармагы боюнча быйылкы жеңүүчүлөрү Жеймс Эллисон менен Тасуку Хондзе.
Нобелдин медицина тармагы боюнча быйылкы жеңүүчүлөрү Жеймс Эллисон менен Тасуку Хондзе.

Ал эми Физика боюнча Нобел сыйлыгын быйыл үч окумуштуу алды. Алардын ысымдарын академиянын туруктуу катчысы Горан К.Ханссон шейшембиде жарыялады:

- Швециянын падышалык академиясы физика боюнча Нобел сыйлыгын Артур Эшкинге оптикалык пинцет жана аны биологиядагы туура пайдалануу боюнча жасаган ачылышы үчүн ыйгарат. Ошондой эле Жерар Мур менен Донна Стриклендге ультра кыска оптикалык импульстарды генерациялоо ыкмасын ойлоп табышканы үчүн берилет.

59 жаштагы Донна Стрикленд Нобелдин физика боюнча сыйлыгын алган үчүнчү аял. Буга чейин эки гана аял -1903-жылы Мария Склодовская-Кюри алган, ал эми 1963-жылы Мария Гепперт-Майерге берилген.

Нобелдин физика боюнча 2018-жылкы лауреаттары Артур Эшкин, Жерар Мурр жана Донна Стрикланд.
Нобелдин физика боюнча 2018-жылкы лауреаттары Артур Эшкин, Жерар Мурр жана Донна Стрикланд.

Учурда өтө кыска импульстардын лазерлери ар кандай тармактарда кеңири пайдаланылат. Маселен, медицинадагы микроскопияда, оптикалык томографияда. Абдан кылдат анын ичинде адамдын көзүнө жасалган операциялар дал ушул лазелерди колдонуу менен ишке ашат.

Бул лазерлер маалыматты абдан тез ылдамдыкта таратчу жаңы системаларда пайдаланылат. Былтыр физика жаатындагы бул сыйлык гравитациялык толкундар жаатындагы иликтөөлөр үчүн тапшырылган.

Апта соңуна чейин Нобелдин химия жана тынчтык сыйлыктарынын жеңүүчүлөрү аныкталат. Нобел сыйлыгы дүйнөлүк өнүгүүгө салым кошкон инсандарга 1901-жылдан берилип келет.

Сыйлыкты тапшыруу аземи салтка айлангандай эле 10-декабрда Стокгольмдо, Альфред Нобелдин каза болгон күнүндө өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG